Борбордук шайлоо комиссиясы 25-августтагы жыйынында «Кыргызстан» партиясына документтерин кайтарып берүү чечимин кабыл алды. Добуш берүүнүн жыйынтыгында БШКнын 8 мүчөсү аталган чечимди колдоп, бирөө каршы болду.

Буга чейин БШКнын жумушчу тобу партиянын документтерин расмий бекитилген өкүлдөн башка киши тапшырганына байланыштуу аны кайтарып берүүнү сунуштаган.

Жыйында «Кыргызстан» саясий партиясынын документтери кабыл алынганы тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан тастыктама берилбегени айтылды.

Өз кезегинде «Кыргызстан» партиясынын лидери Канат Исаев БШКнын мындай чечими менен макул эместигин жана сотко кайрыла турганын журналисттерге билдирди.

«Мындай чечим бизди абдан өкүндүрөт. Шайлоо процесстеринде мыйзам бузуу фактылары болуп турат. Айрымдары атайын жасалат, кээ бирлери байкабастан болот. БШК чечим кабыл алаарда шайлоо процессине, элдин тандоосуна канчалык таасир этет ошону эске алып чечим кабыл алышы керек. Сотко кайрылабыз, адилеттикти издейбиз», — деди ал.

Андан сырткары аларды техникалык мүчүлүштүктүн айынан шайлоодон четтетүү аракети болуп жатканын кошумчалады. Ошондой эле, өздөрүнүн тууралыгын мыйзамдуу жол менен гана далилдей турганын белгиледи.

Исаев партиянын атынан депутаттыкка талапкер болгондордун тизмеси эмне үчүн кеч аныкталып, БШКга берилгенин мындайча түшүндүрдү.

«Партиянын курултайы акыркы күндө өттү, ошондо тизме бекиген. Кээ бир талапкерлер тизмеде ээлеген орду менен макул болгон жок. Тизмеге өзгөртүү киргизгенге байланыштуу кечигип калды», — деди ал.

«Кыргызстан» партиясынын айланасындагы ызы-чуу

24-августта кечинде, «Реформа», «Бир бол» жана «Ата Мекен» партиясынан шайлоого аттанган айрым талапкерлер жана жарандык активисттер БШК «Кыргызстан» партиясынын документтерин саат 18:00дөн кийин кабыл алды деген жүйөө менен мекеменин имаратынын алдына чогулушкан. Алар мыйзам бузган кайсы гана партия болбосун аны шайлоодон чететтүүнү талап кылган. Боршайком «Кыргызстан» партиясынын айланасындагы чырды 24 сааттын ичинде атайын комиссия карап чыгат деп сөз берген.

25-августта беш партия - «Ата Мекен», «Бир Бол», «Ордо», «Реформа» жана «Чоң Казат» «Кыргызстан» партиясынын айланасындагы иштер боюнча президентке кайрылды. Алар бул факты боюнча сотко чейинки тергөө амалдарын баштоону суранышкан.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрга белгиленген. 24-августта Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого катышууну пландаштырган партиялардын акыркы документтерин кабыл алды жана аларды карап чыгып, 4-сентябрга чейин каттайт.

Башында 44 саясий партия шайлоого катышууну каалаган. Бирок 24-августка чейин алардын саны 17ге дейре кыскарган. БШК каттоого алган партиялардын арасында «Кыргызстан» да бар болчу.