Кадамжайда тургундарды сабап, акча талап кылган кылмыштуу топ кармалды

Сүрөт: Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы

Баткен облусунун Кадамжай РИИБинин кызматкерлери Марказ айыл аймагынын бир нече тургунун сабап, акча талап кылган кылмыштуу топту кармады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, шектүүлөр 13-августка караган түнү 23 жаштагы жергиликтүү тургунду адамдар жок болгон жерге алып барып сабашкан. Мындан сырткары алар жабырлануучуну белгисиз тапанча менен коркутуп, акча талап кылышкан.

Ошол эле түнү кылмыштуу топ башка бир кишини, 26 жаштагы тургунду сабап, тапанча менен коркутушкан. Андан соң шектүүлөр жолдо бара жаткан автоунааны токтотушуп, 26 жаштагы айдоочусун ур-токмокко алышкан.

Милиция аталган фактылар боюнча «Ээнбаштык» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштап, анын натыйжасында төрт шектүүнү кармады. Ошондой эле кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн жанында газотравматикалык тапанча табылган. Шектүүлөрдүн экөөсү 31 жашта, калганы 26 жана 21 жашта.

Кармалгандардын бирөөсү гана жергиликтүү тургун, калган үч шектүү Жалал-Абад облусунун Ноокен районун тургундары экени белгилүү болду.

Учурда шектүүлөр Кызыл-Кыя ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына эки айга киргизилди.