«Биримдик» партиясынын съезди

Кыргызстандын бир нече телеканалдары «бийликчил» делген «Биримдик» партиясы тууралуу сюжет беришкен. Анда «Биримдиктин» 19-августта өткөн съезди көрсөтүлгөн.

Мыйзамга ылайык, үгүттөөгө айрым талапкерлерге же аларга каршы добуш берүүгө үндөө кирет. Ошондой эле, үгүт материалдар өзүндө айрым партиялардын же талапкерлердин шайлоонун же шайлабай коюунун мүмкүн болуучу кесепеттерин баяндайт. Мындан сырткары талапкерлердин кесиптик иштерине же кызматтык ордунда аткарылган ишмердигине байланышы жок маалыматтарды таратуу да үгүттөө болуп эсептелет.

Боршайкомдон «Клоопко» билдиришкендей, телеканалдар «Биримдик» тууралуу берген репортажында үгүттүн белгилери жок. Себеби партиянын съезди тууралуу репортаж «маалымдоо катары бааланат».

«Съезд өткөрүлгөнү тууралуу маалыматты агитация катары баалаганга болбойт. Бул бардык партияларга тийиштүү. Эгерде ал жерде үгүттөөнүн белгилери, башкача айтканда “бул партияны шайлагыла” же болбосо шайлоочуну партияга добуш берүүгө түрткөн материалдар болсо, алар үгүт материалдары болуп эсептелет», — деп түшүндүрүштү БШКдан.

Бирок алар башка партиялардын съезддери тууралуу көрсөтүшкөн эмес — бул башка партиялардын тең укуктуулугун бузуусу болушу мүмкүн.

Мисалы, ЭлТР мамлекеттик телеканалы «Кыргызстан» партиясын шайлоодон четтеттүү тууралуу «Эксперттер талдайт» («Азаттык») берүүсүндө айтылган материалды жарыялоодон баш тарткан. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдрахматованын айтымында, БШКнын юристтери жана мүчөлөрүнүн бири бул телеберүүдө «үгүттөөнүн белгилерин» көрүшкөн.

КТРКнын эфиринен алынган репортаж

Мамлекеттик телеканалдын кызматкерлери «Биримдик» партиясы тууралуу репортажды 19-августта даярдашкан. Аталган материал партиянын расмий баракчасында эки тилде жарыяланган.

19-августта «Биримдик» саясий партиясынын IV съезди өттү. Кереге кеңештин жүрүшүндө делегаттар өлкөнү өнүктүрүү...

Posted by Биримдик - Единство Партия Демократического социализма - Евразийский выбор on Tuesday, August 25, 2020

В ходе IV съезда партии «Биримдик» был сформирован список кандидатов, среди которых немало молодых и новых лиц, и...

Posted by Биримдик - Единство Партия Демократического социализма - Евразийский выбор on Tuesday, August 25, 2020

Ал эми КТРК бул материалды эфирге чыгарбоо чечимин кабыл алган — ошол күнү чыккан жаңылыктар берүүсүндө «Биримдик» тууралуу сөз болгон эмес.

Ошол эле учурда КТРК «Евразиялык тандоо — тарыхый биримдик» («Биримдик» партиясынын слоганы) аттуу материал жарыялаган. Бирок ал репортаж «Биримдик» тууралуу эмес, жаш балдардын лагери тууралуу болгон.

Бири-биринен айырмаланбаган репортаждар

Ал эми NewTV телеканалындагы «Евразиялык тандоо — тарыхый биримдик» аттуу материалда «Биримдик» партиясынын съезди көрсөтүлгөн.

Мындан сырткары алар «Мекеним Кыргызстан» партиясынын курултайы тууралуу материал даярдашкан. Ал эми NewTVнын YouTube-каналында башка партиялардын съезддери тууралуу маалымат жок.

NewTV жарыялаган материалда айтылган малыматтарды камтыган репортаж «Ош ТВ» жана «Ош Пирим» телеканалдарында да көрсөтүлгөн.

Эскерте кетсек, «Ош Пирим» телеканалы Бердибай Примовго таандык — ал депутат Улан Примовдун атасы. Учурда Примов «Биримдик» партиясынын талапкерлер тизмесинде 17чи орунда.

Кыргызстанда шайлоо 4-октябрда өтөт. Ал эми үгүттөө иштери расмий түрдө 4-сентябрда башталат.