«Юристы за права человека» коомдун фонддун демилгечил тобу мектеп окуучулардын онлайн билим алуу форматына өтүшүнүн психологиялык кесепеттерин изилдөө максатында «Аралыктан билим алуу: ноу-хау же билим берүүнүн ажалы» темасына изилдөө жүргүздү. Ал үчүн юристтер менен психологдор Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан 1192 ата-энеге сурамжылоо жүргүзүшкөн.
Сурамжылоо ата-энелердин дээрлик 65%ы 2020-жылдын мартынан тарта аралыктан окуу маалында балдарына жинденишкен. Алардын ичинен айрымдары айласын таппай, кээде үй тапшырмасын аткарбай жана онлайн сабак учурунда тынч отурбай жалакайланган «балдарын урушуп, сабап да» койгон учурлары болгонун моюндашкан.
Изилдөөнүн авторлору дал ушул маалда ачуулануу, коркуу, кыжырдануу жана көңүл калуу эмоциялары жогорулаганы катуу байкалганын жазышкан — ата-энелер психологдорго «Балдарды онлайн билим алууга кантип шыктандырыш керек?» деген суроо менен көп кайрылышкан.
«Психологиялык толкундоо жана жагымсыз жагдай менен коштолгон окутуу каалоону жоготкон процесске айланат — жооптордун 66,5%ы баланын каалоосу жок болуп, ал үй тапшырмасын аткаруудан баш тартканын айтып турат. Келечекте бул билим алуудан толугу менен баш тартууга жана ага карата көңүлдүн калуусуна алып келиши мүмкүн», — деп айтылат изилдөөдө.
Сурамжылоо ата-энелердин жана балдардын 71,9%ы аралыктан окутуунун ыкмаларына нааразы экенин көрсөткөн. Буга окутуу материалынын түшүнүксүздүгү, ата-энелердин окутууга жөндөмсүздүгү, коронавирус пандемиясы шарттаган стресс, гаджеттердин жетишсиздиги жана интернет көйгөйлөрү сыяктуу факторлор таасир эткен.
«Ата-энелердин 44,4%ы зарыл гаджеттер менен балдарын камсыздай алган эмес. Ал эми камсыздай алган 51,6%ы мындай комментарийлерди калтырышкан: “балдарым кезеги менен сабак окуп жатышты”, “бирөөнү гана камсыздай алдык”, “гаджетимди бердим”, “эки балам бир телефонду колдонот” ж.б. Бул жагдай дагы үй-бүлөдө жагдайдын чыңалышын курчутат, анда бала жана ата-эне дагы психологиялык басымга кабылышы мүмкүн», — деп жазышкан изилдөөнүн авторлору.
Авторлор жогоруда айтылгандарды эске алуу менен аралыктан окутуу формасын киргизүү ата-энелердин чөнтөгүн жукарткан деген тыянак чыгарышкан. Себеби пандемия учурунда ата-энелер балдарын окутуш үчүн кошумча гаджеттерди сатып алып, интернет коштурууга жана мобилдик операторлордун кошумча кызматтарын төлөө үчүн акча жумшоого аргасыз болушкан.
«Балдардын жана ата-энелердин уруксаты жок аралыктан окутуу формасын мажбурлап таңуулоо менен коштолгон бул укуктарды бузуу жана ай сайын интернет үчүн акча төлөө жана баасы кымбат гаджеттерди сатып алууга аргасыз кылуу — жол берилгис нерсе. Конституциянын 20-беренесинде Кыргызстанда адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин жокко чыгаруучу же кемсинтүүчү мыйзамдар кабыл алынбашы керектиги, ошондой эле адамдын жана жарандын укуктарын, эркиндиктерин чектеген мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга тыюу салынаары жазылган», — деп белгилешет изилдөөнүн авторлору.
Юристтер изилдөө жана сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча бир катар сунуштарды иштеп чыгып, аларды Жогорку Кеңешке, өкмөткө, билим берүү министрлигине жана Кыргызстандын акыйкатчысына жөнөтүштү.
Бийлик өлкөдө COVID-19дун жайылуу коркунучун алдын алуу үчүн аралыктан окутуу формасын киргизген. Өлкөдөгү окуучулар 2020-жылдын 8-апрелинен тарта үй шартында окуп келишет. Жаңы окуу жылында биринчи класстын окуучуларынан башкасы аралыктан окуп башташты.
Онлайн билим берүү бир чейрекке созулат, бирок, эгер өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал жакшырбаса, анда бийлик аны дагы узартат.
Ата-энелер жана мектеп окуучулары аралыктан окуу формасына байланыштуу маселелерге көп даттанып келишет. Окутуучулар дагы бийликтин мындай чечимине макул эместигин, дагы бир топ окуучулар билим ала албай калышканын айтып беришкен.
Башкы сүрөт: Кыргызстандын билим берүү министрлиги
ТЕМА БОЮНЧА: Кара-Суунун Жаңы Кызыл-Суу айылында интернет жок, мектеп онлайн окутууга даяр эмес