Архив. №68 «Октябрдын 70 жылдыгы» атындагы орто мектеби. Сүрөт: Хамидулло Узаков/Kloop.kg

Ош облусундагы Кара-Суу районунун Жаңы Кызыл-Суу айылындагы «Октябрдын 70 жылдыгы» орто мектеби онлайн окутууга даяр эмес. Мектеп директору жана мугалимдер мунун себебин «Клоопко» айылда интернет байлаштын жоктугу жана айрым мамлекеттик телеканалдардын тартпашы менен түшүндүрүштү.

Мектеп директору Замира Кудайбердиеванын айтымында, окуучулар сабактарды сыналгыдан көргөнү менен, үй-тапшырмаларын жасап мессенджерлер аркылуу мугалимдерине жибере алышпайт — интернет айылдын айрым бийик дөңсөө жерлеринде гана иштейт.

«Айылда жана жакын жайгашкан айылдарда эч бир уюлдук оператордун антеннасы жок, ошондуктан интернет жакшы иштебейт. Өткөн окуу жылынын акыркы чейрегинде окуучулар жана мугалимдер дөңсөөлөргө, сай бойлоруна барып интернет издеп, кайтарым байланыш кылып жүрүштү. Эми мындан ары кайра кантип окуйбуз бүдөмүк болуп, көйгөй боюнча калууда», — дейт ал.

Аталган мектепке үч айылдын балдары келип окушат — Беш-Кепе, Жаңы Кызыл- Суу, Торойчу — үч айылда тең байланыш антенналары орнотулган эмес. Мектеп жетекчисинин айтымында, бул көйгөй боюнча буга чейин бир нече жолу жергиликтүү бийликке жана уюлдук операторлорго кат жолдоп, бирок эч кандай жооп ала алган эмес.

Мындан сырткары Кудайбердиева айылда мамлекеттик телеканалдар да кээде жакшы көрсөтпөй калаарын, ошондуктан окуучулар сабак окууда да кыйынчылыкка дуушар болушарын кошумчалады.

Ал эми мектептин география мугалими Мамасалы Ташиев мугалимдер үчүн уюштурулган атайын онлайн-жыйналыштарга катышуу, сабактарды өтүү боюнча усулдук жардам катары уюштурулган вебинарларга катышуу чоң түйшүк жаратат дейт.

«Мисалы окуучулар онлайн сабактарды көрүшкөнү менен түшүнбөй калган жерлери болот экен. Мына ошондой учурда мугалимдерге байланышып сурай алышпайт. Эч бирибиздин үйүбүздүн ичинен интернет иштебейт. Окуучулар да мугалимдер да дөң жактарга карап жөнөшүбуз керек, көргөндөр да таң калат», — деп кошумчалады ал.

Интернет жоктугунан бир гана мектеп окуучулары түйшүк тартып жаткан жок. Айылдагы студенттер да аралыктан билим алууда кыйналып жатышат.

Жаңы Кызыл-Суу айылынын тургуну Айзат Камчыбекова Оштогу жогорку окуу жайлардын биринин 2-курсунун студенти. Ал да өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу мурдагы окуу жылын аралыктан окууга туура келип, бирок интернет көйгөйүнө байланыштуу сабактарга катыша албаганын айтат.

Мындан улам ал жаңы окуу жылында Ош шаарындагы туугандарынын үйүнө көчүп келгенин айтты.

«Айылдагы аралыктан окутууда билим ала алган жокмун. Шаарда кыйналам, бирок айылда интернет иштебесе, мугалимдер сабакка катышпай жатасың деп урушса башка айлам жок да. Менин башталгыч класста окуган иним айылда калды, анын мугалими менен үй-тапшырмаларын телефон чалуу аркылуу эле сурап-айтып турууну келиштик», — дейт ал.

Окуучулар жана мугалимдер учурда бир гана нерсени — айылга уюлдук операторлордун биринин байланыш өткөрүп беришин каалашат.

Ал эми билим берүү министрлигинин басма сөз катчысы Акылбек Орозматов министрлик 4-чейректеги аралыктан окутууну анализдеп, интернет жетишсиз болгон аймактар боюнча маалыматты Мамлекеттик байланыш комитетинин алдындагы байланыш агенттигине өткөрүп бергенин билдирди.

«Клооптун» журналисти уюлдук операторлордон Beeline менен гана байланыша алды. Алар кайсы бир аймакка антенна орнотуу үчүн байланыш агенттигине кайрылышаарын, алардын уруксаты менен гана орнотуу иштери башталааарын айтышты.

Ошондой эле Beelineдан, аталган аймактарга станция орнотуу үчүн агенттикке кайрылууну убадалашты.

Аралыктан билим алуунун түйшүгү

Архив. «Октябрдын 70 жылдыгы» атындагы орто мектебинин окуучусу. Сүрөт: Хамидулло Узаков/Kloop.kg

Быйыл пандемияга байланыштуу окуучулар жана студенттер аралыктан окушат. Премьер-министр Кубатбек Боронов мектепке биринчи класстар гана бараарын айткан.

Мектеп босогосун быйыл 156 миң окуучу биринчи жолу аттайт. Биринчи класстар үчүн Саламаттык сактоо министрлиги атайын алгоритм да иштеп чыккан.

Ошондой эл мектепке бир гана биринчи класстардын мугалимдери барып, башка класстардын окутуучалары аралыктан иштешет.

Кыргызстандын бийлиги 8-апрелде бардык мектеп окуучуларын аралыктан окутуу формасына өткөргөн. Ошондо ведомство окутуу планын иштеп чыккан эле. Ага ылайык, мектеп окуучулары сабактарды телеканалдар аркылуу көрүп, мугалимдер менен мессенжер же мобилдик колдонмолор аркылуу байланыша алышат.

Жаштарды өнүктүрүү институту Кыргызстандын мектептериндеги мурдагы окуу жылындагы аралыктан окутуунун сапатын жана жеткиликтүүлүгүн изилдеп, сурамжылоо жүргүзгөн.

Анда бир топ ата-энелер, мугалимдер жана окуучулар мындай окутуу формасы аларга кыйынчылык жаратканын ачыкташкан. Сурамжылоого катышкандардын айрымдары эң негизги көйгөй катары интернеттин жоктугун айтышып, ал эми интернет жеткиликтүү аймактардын жашоочулары анын акысын төлөө үчүн акчанын тартыштыгына, онлайн билим алуу үчүн гаджеттердин жетишсиздигине даттанышкан.

Мындан тышкары айрым ата-энелер балдар үйдөн окутууга жөндөмсүз экенин моюндашкан. Ал эми окуучулар онлайн окутууда сабактарды түшүнбөй жатышканын айтышкан.

Ошондой эле окуучу балдардын көбү классташтары жана башка окуучулар менен жандуу баарлашуудан ажырап калгандыктан, стресске кабылышкан.

Жаңы мектепте окууну самаган окуучулар

Архив. Мектептин бүтпөй турган курулушу. Сүрөт: Хамидулло Узаков/Kloop.kg

Кара-Суудагы Жаңы Кызыл-Суу айылында интернеттин жоктугу жалгыз эле көйгөй эмес. «Клооп» февраль айында ушул эле айылдагы мектептин жаңы имаратынын курулушу үч жылдан бери бүтпөй турганын жазган.

Анда мектепте 300гө жакын окуучу үч айылдан келип, үч нөөмөттө билим алаары, окуу бөлмөлөрү жетишпегендиктен балдар мектептин ашканасында сабак өтүп, ал эми мектептин коридорунда тамактанышаары белгилүү болгон.

Курулуп баштаган жаңы имараттын дубалдары тургузулуп, чатыры жабылган бойдон курулуш токтоп калган. Курулуш жүргүзүп жаткан компания муну бюджеттен жетиштүү каражат бөлүнбөгөнү менен түшүндүргөн.

Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын өндүрүштүк техникалык бөлүмүнөн курулуштун качан жанданаары белгисиз экенин айтышып, бирок 2020-жылда жандантуу үчүн сунуш жиберилгендигин билдиришкен.

Мектеп мугалимдеринин жана жергиликтүү тургундардын айтымында мектептин курулушунда азыркы күнгө чейин эч кандай өзгөрүүлөр болгон жок.

Кыргызстанда эки жыл катары менен аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы деп жарыяланып келет. Быйылкы жылдын айырмасы — балдарды колдоо.