Элнура Алканова «Мекеним Кыргызстан» партиясынын съездинде. 2020-жылдын август айы.

Кыскача:

Журналист Болот Темиров Temirov Live программасын журналисттик иликтөөлөрдү дискредитациялоо же ишенимди кетирүү темасына арнап, журналист Элнура Алканованы мисал катары келтирип, анын айрым мүлктөрүн ачыктап берди.

Алканова «Азаттыктын» журналисттеринин Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 млн доллар тууралуу иликтөөсүнө каршы иликтөө жасаган. «Азаттыктын» иликтөөсүнүн фигуранты бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов болгон.

Темиров видеосунда жашыруун булакка таянуу менен Алканова Матраимов менен жолукканын, дал ошондон кийин контриликтөө жасаганын баяндаган. Темиров Алканова материал жасоонун алдында жана андан кийин кымбат баалуу мүлккө ээ болгону тууралуу да ачыктады. Учурда Алканова таасирлүү делген Матраимовдордун кланы менен байланышы бар экенин жашырбай, парламенттик шайлоого бул үй-бүлөгө таандык делген «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен аттанып жатат.

Алканова видеого жооп кылып, Темиров «жаман саясий технологияларды колдонот» жана «маалыматты текшербейт» деп билдирди. Анын айтымында, жубайларга таандык эки батир бар жана аларды сатып алууга ата-энелери жардам беришкен. Мындан тышкары Алкановада бир кеңсе бар, ал алгач атасынын клиникасы үчүн сатылып алынган.

Алканова Темиров юстиция министрлигинин базасына кирип, ага караштуу болушу ыктымал кирешелерди изилдеп көрсө болмок, бирок анын ордуна «баарын контексттен жулуп алууну оң көргөн» деп билдирди.

*Элнура Алканова «Клоопто» жана «Азаттыкта» мурда иштеп кеткен. Ал «Фергана», OCCRP жана «Бешинчи канал» менен кызматташкан. Кайсы бир учурларда ал өзү да «Азаттык» үчүн Матраимовдордун мүлкү тууралуу иликтөөлөрдү жасаган. Бирок 2019-жылдан тарта «Азаттыктын» Матраимовдордун Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 млн долларга тиешеси тууралуу иликтөөсүнө карата контриликтөөлөрдү жасай баштаган. 2020-жылы Алканова Матраимовдордун фонду менен кызматташып жатканын ачыктап, аларга коронавирусту аныктаган тесттерди сатып алууга көмөктөшкөн. Кийинчерээк ал Матраимовдордуку деп аталган «Мекеним Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка талапкер болгону ачыкталды.

Кененирээк:

Болот Темировдун Ютуб берүүсүнүн жаңы чыгарылышы журналисттик иликтөөлөрдү дискредитациялоого арналган. Ал видеонун экинчи бөлүгүндө парламенттик шайлоого «Мекеним Кыргызстан» партиясынан аттанып жаткан Элнура Алканова тууралуу айтып берген.

Убагында Райымбек Матраимовдун мүлкүн иликтеген журналист Алканова «Азаттыктын» 2019-жылдын майында Матраимов тууралуу чыгарган материалына каршы иликтөөсү менен таанымал.

Ошондо «Азаттыктын» журналисти Али Токтакунов Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 млн доллар тууралуу жана буга бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар болушу мүмкүндүгүн кенен айтып берген. Алканова контриликтөөдө «Азаттыктын» журналисттери чогулткан документтерден шек санаган.

«Ал “Азаттыктын” иликтөөсүндө көрсөтүлгөн эки документке коюлган күмөндүү колдорго көңүл буруп, далил катары Матраимовдордун өздөрү тарабынан суралган документтерди көрсөтөт», — дейт Темиров контриликтөө тууралуу.

Көшөгө артындагы жолугушуу

Темировдун жашыруун булагы Элнура Алканова 2019-жылы 6-июнда Бишкектеги «Будда Барда» Райымбек Матраимов менен жолуккан деп айткан.

«Алар көшөгө тартылган кабинкада отурушкан, бирок кездемелердин ортосундагы боштуктан аларды көрсө болот эле. Ал кара көз айнек тагынып, чачын түйүп, саргыч боз плащ кийген болчу. Мен аны тааныдым, анткени ал мурда Бакиевдердин жерлери тууралуу иликтөөлөрдү жасачу», — деп айтып берген жашыруун булак.

Алканова жашыруун булактын айткандарын «детективдин сценарийи» деп атады.

«Болот Темиров мени Матраимов менен жолугушкан деген анонимдүү булакты колдонууда. Абдан таң калычтуу — маектешип жатканда күндөн коргогон көз айнек тагынып алып отурган адатым жок. Ал детектив сериалынын сценарийин айтып берүүдө. Эгер кимдир бирөө менен сүйлөшсөм ачык эле жерлерде жолугушуп сүйлөшөм», — деди Алканова «Клоопко».

Алканова Матраимовдор менен көптөн бери, тагыраагы анын Райымбек Матраимовдун мүлкү тууралуу иликтөөсүнөн бери тааныш экенин айтып берди.

«Эмне, эгер Матраимов менен сүйлөшсөң, ал сени сатып алган болобу? Бул басмырлоо. Аны элге кошпоого аракет кылып жатышат. Бул аны бурчка такоо аракети. Мен анын мүлкү тууралуу жазып жатканда, иликтөө жасап жүргөндө аны менен тааныш болчумун. Искендер Матраимов редакцияга келип, интервью берчү», — деди ал.

Анын айтуусу боюнча, негизи журналисттер көптөгөн саясатчылар менен сүйлөшөт, ал эми Матраимовдор менен баары сүйлөшөт — анын ичинде өздөрүн оппозициячыл деп көрсөткөн партиялардын талапкерлери дагы бар.

«Кандай гана партия болбосун, Матраимов менен жолугушуп, анын колдоосуна ээ болбогон адам калбай калды. Адамдар аны ачык тепкилеп, ошол эле учурда аны менен сүйлөшүү жүргүзүп, чай ичишүүдө», — деди ал.

Батир жана контриликтөө

«Элнура Алканова контриликтөөсүн чыгарганга чейин [2019-жылы] 13-июнда “Фрунзе” турак жай комплексинен кыймылсыз мүлк сатып алат. Кыймылсыз мүлктүн аянты — 220 чарчы метр», — деп айтып берет Темиров видеосунда. Анын эсеби боюнча эң эле арзан баа менен санаганда деле мындай кыймылсыз мүлк 160 миң долларды чапчыйт.

* «Клооп» көчүрмөлөрдү изилдеп чыкты — кыймылсыз мүлктү сатып алуу боюнча маалыматтар Темировдун айткандарына дал келет.

Темировдун пикири боюнча батир алгандан кийин Алканова жана «Бешинчи каналдагы» Нарын Айып жана Эрнис Кыязов болуп «Азаттыкты талай» башташкан.

Алканова кыймылсыз мүлк атасынын клиникасы үчүн сатып алынган деп ишендирүүдө, бирок атасы кеңсени ага кайра бергенин айтууда.

«2017-жылы “Азаттыктан” кеттим, кеңсем жок эле, кофе ичкен жайларда иштеп жүрдүм. Ал учурда Бишкекте клиника ачууну каалаган атам кеңсени мага сунуштады. Биз клиниканы “Фрунзе” коммерциялык имаратында ачканы жатканбыз, бирок ал жакта курулуш башталып, абдан чаң эле. Анан атам аны мага өткөрүп берди — бул жерге команда тарта баштадым, бул объектини эч качан жашырган эмесмин, бүткүл ишти ушул жерден жасайм», — деди ал.

2019-жылдын ноябрында «Азаттык» «Клооп» жана OCCRP менен биргеликте бажыдагы аткезчилик жана коррупция тууралуу жаңы иликтөө чыгарышкан. Ал чыккандан кийин төрт күн өткөндө, 25-ноябрда Бишкекте «Реакция» аталышындагы антикоррупциялык митинг өткөн. Темировдун айтымында, дал ошол күнү Алканованын жолдошу «элиталык үйдөн» 120 чарчы метрлик батир сатып алган. Темиров батирди 90 миң долларга баалады.

*«Клооп» көчүрмөлөрдү карап көрдү — кыймылсыз мүлк сатып алуу боюнча маалыматтар Темировдун айткандары менен дал келет.

«Ошондой болсо да Алканованын күйөөсү Алишер Козуевдин жубайы Аида Курбанбаева аркылуу сатып алган. Ал бул батирге бир жумага жетпеген убакыт ээлик кылган», — деп айтат Темиров видеосунда. Ысымы аталган Козуев Райымбек Матраимовдун жубайы Уулкан Тургунованын «Россия» май куюу бекеттери боюнча бизнес өнөктөшү. Ал да Алканова сыяктуу эле парламенттик шайлоого «Мекеним Кыргызстан» партиясынын тизмесинде 65-орунда талапкер болуп аттанууда.

Алканова ага жооп кылып, «эл аралык журналисттик премиясынын сыйлык фондунун» алган акчасына күйөөсүнө батир сатып алууга жардам бергенин айтып, бирок кайсы сыйлык экенин тактаган жок. Бирок, Алканова Шейх Тамим бин Хамад аль-Танинин сыйлыгынын сайтында лауреат катары көрсөтүлгөн.

«Ал мен жакшы үй-бүлөгө турмушка чыккан учурумду өткөрүп салууда, ал жакта бизге кыймылсыз мүлк сатып берип кам көрүштү. Эмне кыймылсыз мүлк сатып алууга укугум жокпу? (...) Эмне эл аралык сыйлык алууга укугум жокпу? Ал жерде байге фонду чоң болгон. Биринчи транш менен 125 миң доллар алдым, алардын ичинен бир бөлүгүнө өзүмдүн коомдук фондумду ачтым, дагы бир бөлүгүн күйөөмө батир сатып алуу үчүн бердим», — дейт ал.

Ал күйөөсүнүн ата-энеси дагы аларга батир сатып алууга жардам бергиси келгенин айтты. Бул кыймылсыз мүлк сатылып алынганга чейин алар Алканованын батиринде жашашчу.

«Биринчи элиталык батирди 2015-жылдын аягында ата-энем бөлүп төлөө менен сатып алууга жардам берген. Журналистиканын тиешеси жок — журналистика менин негизги киреше булагым эмес», — дейт Алканова.

Темиров жана саясий технологиялар

Алканова «Клоопко» төркүнү дагы, кайын-журту дагы жакшы киреше табарын, алар өздөрүнө көңул бурдура тургандай мамлекеттик кызматкер эмес экенин айтты. Ал өзү да бизнеске ээлик кылат.

«Өзүмдүн бизнесим бар — апама аны бутуна тургузууга жардам бергем, бул фармацевтикалык компания. Ал мени негиздөөчү кылган, 100 пайыздык үлүшү менде. Биздин эң алыскы аймактарда дарыканаларыбыз бар. Болот Темиров менин атымды Юстиция министрлигинин базасына жазып, күйөөмдүн да эмнеге ээлик кылаарын карап көрбөстөн, жөн гана баарын контексттен жулуп чыгып берүү даярдап койду», — дейт ал.

Алканова Темировдун видеосун «ыплас саясий технология» деп атады.

«Анан эле өмүр бою саясий пиарда, штабдарда иштеген Болот Темиров сыяктуу журналисттер… [Ал] ыплас саясий технологияларды колдонуп, партияларга шайлоодо жеңишке жетүүгө жардам берген. Жакында эле пайда боло калып көзкарандысыз журналист экенин билдирип, ошол эле манипуляцияларды колдонуп жатат», — деп эсептейт Алканова.