Amnesty International: COVID-19 дүйнө жүзү боюнча 7000ден ашуун медиктин өмүрүн кыйды

Эл аралык Amnesty International укук коргоо уюму дүйнө жүзү боюнча коронавирустун кесепетинен каза болгон медицина кызматкерлери боюнча анализдин жыйынтыктарын жарыялады. Укук коргоочулар дүйнө жүзү боюнча бери дегенде эле 7 миң өлүм учуру болгонун эсептеп, бардык өлкөлөр бул маалыматтарды «катуу азайтып жатат» деп ырасташууда.

«Башка адамдардын өмүрүн алып калууга аракет кылган жети миңден ашуун адамдын каза тапканы — бул чоң масштабдагы кризис. Ар бир медкызматкер иш ордунда коопсуздукка укуктуу, ушунчалык көптөгөн адамдын башкалардын өмүрүн сактап калуу үчүн жан берип кеткени чектен чыккан жагдай», — деп билдирди Amnesty Internationalдын экономикалык жана социалдык адилеттүүлүк бөлүмүнүн башчысы Стив Кокберн.

Ошол эле учурда, уюмдун буга чейинки 13-июлда чыккан баяндамасында коронавирустан каза тапкан медиктердин саны 3 миңден ашык болгон. Amnesty International өлүм санынын ушунчалык өсүп кетишин COVID-19дун айрым өлкөлөрдө күч алышы жана жаңы маалымат булактары менен түшүндүрөт.

Жаңы маалыматтар боюнча, саламаттыке сактоонун кызматкерлеринин көбү коронавирустун кесепетинен Мексикада каза тапкан — 1 320 адам, андан кийин эле АКШ турат — 1 077 медик. Улуу Британия, Бразилия жана Орусияда каза тапкандардын саны болжолдуу бирдей — 649дан баштап 631 адамга чейин.

Amnesty International белгилегендей, Мексиканын өкмөтү медиктердин өлүмүнүн бардык учурларын каттаган, ал тургай маалыматтарды жаш курагы, гендери жана ишмердиги боюнча бөлүштүргөн.

«Мындай ачык-айкындык абдан маанилүү, бардык өлкөлөр да мындай маалыматты кеңири каттоого алып, ачыктап турушу абзел: ушунчалык кеңири каттоо башка өлкөлөргө салыштырмалуу Мексикадагы медкызматкерлердин арасындагы оору жуктуруулар менен өлүмдүн айгай салган көрсөткүчтөрүнүн айрым деңгээлин түшүндүрүп бериши мүмкүн», — деп эсептешет укук коргоочу уюмдагылар.

Ошол эле учурда Amnesty International Египет (159 өлүм) жана Иран (164 өлүм) сыяктуу мамлекеттерди коронавирустан каза болгон медиктердин саны боюнча эң начар көрсөткүчкө ээ болгон өлкөлөргө киргизди.

«Ар кайсы өлкөлөр боюнча маалыматтарды дайыма түз салыштырса болбойт, анткени алар ар кандай методикалар боюнча чогултулган, ошондой эле ар башка өлкөлөр саламаттык сактоо системасынын кызматкерине кимдер тиешелүү экенин ар кандай аныкташат», — деп тактады кыймыл.

Amnesty International талдоону Түштүк Африкадагы билим берүү, саламаттык сактоо жана башка буга жакын тармактардын жумушчуларынын нааразылыгы өсүп аткан шартта жарыялаганын билдирди

Уюмдун маалыматы боюнча, Түштүк Африка Республикасынын өкмөтү жумушчулардын талаптарын «эмдигиче аткара элек»: коргонуу каражаттарын берүү, жумушчуларды жумушта коопсуздук техникасы жана эмгекти коргоо боюнча комитеттерге киргизүү, психологиялык жардам жана транспорт берүү, ошондой эле пандемияга каршы алдыңкы катарда күрөшүп жаткандарга кошумча акы төлөп берүү.

Медиктер Индияда да нааразылыкка чыгышкан: 21-июлдан тарта Социалдык саламаттык сактоонун аккредитациядан өткөн активисттер уюмунун (ASHA) жүздөгөн миң кызматкери жеке коргонуу каражаттарын, адилеттүү эмгек шартын, анын ичинде маянаны 4 миң рупийден (4 300 сомго жакын) 10 миң рупийге (болжолдуу 10 720 сом) чейин көтөрүп берүүнү талап кылышкан.

«Пандемия бою өкмөттөр медкызматкерлерге ыраазычылык билдирип, аларды баатыр деп атап келишкен, бирок биз элементардык коргоо [каражаттарынын] жоктугунан канчалык көп медкызматкер каза болуп жатканын көрүп, мунун баары куру сөз бойдон калат экен дедик», — деди Стив Кокберн.

Кыргызстан боюнча

Amnesty International 3-сентябрда интерактивдүү онлайн карта ачты. Ал жерде коронавирустан каза тапкан медиктердин саны, ошондой эле бүгүнкү күндө коронавирус өмүрүн кыйган медкызматкерлер боюнча, анын ичинде маалымат булактары көрсөтүлөт.

Бул үчүн укук коргоочулар маалыматты иштетүү боюнча адистер менен бирге ар башка булактардын маалыматтарын талдашууда: бейрасмий эскерүү тизмелери, мамлекеттик аткаминерлердин арыздары, улуттук медицина бирикмелеринин тизмелери, ошондой эле ЖМКлардын тизмелери жана азанаамалары.

Картада Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинен коронавирустан улам каза тапкан медиктер боюнча алынган маалымат көрсөтүлгөн.

«Кыргызстан: 71 өлүм. Бул маалыматтар прессаны мониторинг кылуудан жана Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин веб-сайтын текшерүүдөн алынган», — деп жазылган курсорду Кыргызстандын аймагына жылдырганда ачылган иконада.

Мурдараак, Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус инфекциясынын кесепетинен 73 медик каза болгонун кабарлаган. Ал эми «Клооптун» каза тапкандар боюнча тизмектеген альтернативдүү тизмесинде өмүрү кыйылган 79 медкызматкердин ысымы бар.

Өкмөт июлдун аягында кызыл тилкеде COVID-19 жуктурган бейтаптар менен иштеп аткан медиктердин кенемтесин көбөйткөн. Буга чейин бир ай мурда «Медкызматкердин макамы жөнүндө» мыйзамына түзөтүүлөр ишке кирген. Мыйзамда медиктердин ӨА жана ӨК режимдеринде иштеген медиктердин акчалай кенемтесин жана алардын эмгек шартын жакшыртуу каралган.

Мисалы, эми медициналык мекемелер кызматкерлерин үйдөн жумушка жана жумуштан үйгө жеткирүүгө, ошондой эле аларды жеке коргонуу каражаттары менен камсыздоого милдеттүү. Ошол эле учурда, ден соолугу чоң тобокелге кабылган медиктерге өкмөт компенсация төлөп берет. Анын өлчөмү медиктин ээлеген кызматында алган маянасынан төртөө же андан көп болот.

Саламаттык сактоо министрлиги вируска кабылган медицина кызматкерлерине 200 миң сомдон төлөп берет. Бирок, кызматкер жумуш учурунда вирус жуктуруп алганын алгач атайын комиссияга далилдеши керек болот. Бүгүнкү күнү 41 медикке компенсация төлөнгөнү белгилүү.

Мындан тышкары, коронавирустун кесепетинен көз жумган медиктин үй-бүлөсүн бир млн сомдон компенсация каралган. 4-сентябрда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев министрлик учурда медкызматкерлер каза тапкан 30 учурду карап жатканын кабарлаган. Ал эми бүгүнкү күндө 18 үй-бүлөгө кенемте төлөнүп берилди.

4-сентябрга карата, Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан медиктердин саны 3 145ге жетти.