ССМ COVID-19дан каза тапкан 18 медкызматкердин үй-бүлөсүнө млн сомдон төлөп берди

Саламаттык сактоо министрлиги коронавирустан каза тапкан медкызматкерлердин үй-бүлөсүнө кенемте төлөп берүү үчүн 30 өлүм учурун кароодо. Ошол эле кезде 18 үй-бүлөгө млн сомдон төлөнүп берилди.

Саламаттык сактоо министрлигине оору жуктурган же каза тапкан медиктерге кенемте төлөп берүү боюнча облустардын бардыгынан документтер келүүдө, оору жуктуруу факттары боюнча 800 пакет документ изилденүүдө. Ошол эле учурда медкызматкерлердин арасында коронавирус жуктуруунун бери эле дегенде 3145 учуру белгилүү, ошондой эле министрлик медкызматкерлердин арасындагы өлүмдөрдүн 70 учурун тастыктады.

Кимдерден айрылдык? (Эскерүү тизмеси)

  • COVID-19га чалдыгып каза тапкан алгачкы медик болуп Жүзүмкан Көкүмбаева эсептелет. Бишкек шаардык ооруканасынын дарыгери 2-майда 58 жашта кайтыш болгон. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги (ССМ) кабарлаган.
  • Бирок ага чейин, 5-апрелде Сузактагы психиатр Бахтияр Авилов каза болгон. Аны коронавирус жуктуруп алган медиктердин санына кошушкан эмес, анткени ал тапшырган тест вирус бар экенин тастыктаган эмес. Ага ооруканадан тышкары пневмония диагнозу коюлган. Кийинчерээк медиктер пандемия маалында күчөп жаткан пневмония — бул COVID-19дун оор өткөн түрү деп билдиришип, июль айынын ортосунда статистикалар бириктирилген. Тизмедеги мындан кийинки медиктердин бардыгы COVID-19дан каза тапкандар болуп саналышат.
  • 2-июнда Кара-Кулжа райондук үй-бүлөлүк медицина борборунда врач фтизиатр болуп эмгектенип келген 59 жаштагы Альберт Исмаилов каза болгон.
  • 29-июнда акырына чейин тез жардам кызматында иштеген фельдшер, врач Кубатбек Нурматов каза болду.
  • 30-июнда Ички иштер министрлигинин медицина борборунун Ош шаары жана Ош облусу боюнча ординатор-врачы Жамал Тазабекова көз жумган.
  • Ошол эле күнү врач Чынара Тилекматова кайтыш болгон.
  • Медайым Гүлмира Нуралиева каза тапкан. Ал акыркы жылдары Бишкек шаарынданы №16 Үй-бүлөлүк медицина борборунда эмгектенген.
  • Бишкекте 1-июлда амбулатордук хирургия жана өпкө оорулары боюнча адис Мурат Жумабеков 56 жашында каза тапкан.
  • Ошол эле күнү медайым Нуржамал Сейтекова каза болду. Ал Ак-Өргө конушундагы №27 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда иштеген.
  • 2-июлда Ош облусундагы Ноокат облустук ооруканасынын 70 жаштагы ардагер дарыгери Орозали Абдухалимовдун каза болгону кабарланган.
  • Ошол эле убакта, ошол эле ооруканада аты аталбаган 59-жаштагы медайым каза тапкан.
  • 2-июлда оорукананын кабылдамасында медицинанын легендасы Исхар Фунлоэр көз жумган.
  • Ошо эле күнү Ноокатта акушер Майрамхон Сактанова кайтыш болгон.
  • 3-июлда медайым Нурила Мамбетсадыкова каза болду.
  • 4-июлда 62 жаштагы педиатр Эдил Сыдыков дүйнө салган — ал Ысык-Көл облустук ооруканасынын жалпы педиатрия бөлүмнүн жетекчиси болгон. Ал реанимацияда төрт күн жаткан.
  • Бишкекте акушер Заида Терекбаева дүйнө салган — анын кайтыш болгону тууралуу Кыргызстандын медиктер ассоциациясы билдирген.
  • 5-июлда Түп районунун Арал айыл аймагынын фельдшери Чынар Турускелдиева каза болду. Ал жалгыз беш айылга иштеген.
  • 6-июлда Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгеринин орун басары Артыкбай Эралиев жарык дүйнө менен кош айтышкан.
  • 6-июлда Улуттук госпиталдын жогорку категориядагы нейрохирургу, эмгек сиңирген дарыгер Бектемир Мукамбетөмүров эки тараптуу пневмониядан каза болгон. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин мурдагы басма сөз катчысы Елена Баялинова кабарлаган.
  • Ошол эле күнү фельдшер Валейри Гаук да кайтыш болгону кабарланган.
  • 7-июлда академик Оморбай Нарбеков дүйнө салды. Саламаттык сактоо министринин мурдагы орун басары, окумуштуу Нарбеков февралда коронавируска каршы дарынын үстүндө иштеп жатканын билдирген.
  • 8-июлда Ак-Талаа райондук ооруканасында иштеп жаткан 55 жаштагы хирург Кубаныбек Карагулов дүйнө салган.
  • Ошол эле күнү Ош облусутук аймактар аралык балдар ооруканасынын ЛОР бөлүмүнүн жетекчиси Жангара Абдыхаликов каза тапкан.
  • Ошол эле күнү фармацевт Бактыгүл Маметова көз жумган.
  • Ошондой эле 9-июлда фармацевт Венера Турумбекова кайтыш болду.
  • 9-июлда врач-нарколог Анара Айдаркулова каза болду. Ал Республикалык наркология борборунда иштеген.
  • Ошол эле күнү Воронцовкадагы Курортология институтунун медайымы Күлүйпа Акчороева көз жумду.
  • Ошондой эле 40 жылын медицинага арнаган Оштогу медайым Гүлнара Ибрагимова каза болду. Ал пневмониянын шартында пайда болгон инсульттан каза тапкан.
  • 45 жыл Тоң райондук ооруканасында иштеп келген медайым Салтанат Сулайманова каза тапты.
  • 10-июлда Ош облусттук кан борборунун жетекчиси, жогорку даражадагы дарыгер Осмонали Шамшидов каза тапканы белгилүү болгон.
  • Ушул эле күнү фармацевт Айгүл Табалдиева кайтыш болду.
  • 11-июлда КММАнын деканы, медицина илимдеринин доктору Чолпон Калканбаева каза болду. Профессордун өлүмүнө эмне себеп болгону кабарланган эмес. Бирок соцтармактарда ал пневмония менен ооруганы айтылган.
  • 11-июлда Бишкектин 7-поликлиникасынын үй-бүлөлүк доктору Каныш Молдомусаева каза болду.
  • Ошол эле күнү лаборант Галина Мангушева кайтыш болду. Ал 40 жылдан ашуун убакыт Токмок ооруканасында иштеген.
  • 12-июлда аскер дарыгери Ратан Курманбев каза тапты. Анын коронавирустан улам көз жумганын тууганды пабликте билдирген. Башкы штаб дагы бул маалыматты тастыктаган.
  • 12-июлда медицинанын 64 жаштагы профессору Раушанбек Алымкуловдун дүйнө салганы кабарланды.
  • 45 жыл медицина тармагында эмгектенген фармацевт Чолпон Кожомкулова каза болду.
  • Фармацевт Светлана Филонова каза болду.
  • 13-июлда медфактын бешинчи курсунун студенти, Адинай Мырзабекова каза болду. Ал дарыгерлердин жетишсиздигинен улам ишке тартылган эле. Анын өлүмү тууралуу педиатрия кафедрасынын мугалими кабарлаган.
  • 13-июлда Ош облусунун Ноокат райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун 55 жаштагы жетекчиси Айчүрөк Келдибекова коронавирустан улам каза болгон.
  • Ошол эле күнү Бишкекте 27 жаштагы кардиолог жана реаниматолог-анестезиолог Жумабай Бекмуратов дүйнө салган. Анын жакындары ал коронавируска кабылганын жана анда пневмония менен депрессия башталганын, мындан кийин өз өмүрүн кыйганын айтышууда.
  • 13-июлда офтальмолог Эргешали Айдаров каза болду. Ал Ноокат районундагы «Медигос» Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда иштеген.14-июлда Бишкектин тез жардам кызматынын диспетчери Акылай Ажибекова каза болду.
  • Ошол эле күнү пневмониянын шартында инсульттан нарколог врач Бакыт Өрдөков жарык дүйнө менен кош айтышты.
  • 14-июлда медайым Кубанычбүбү Кожобергенова кайтыш болду.
  • 15-июлда логопед врач Матлюба Каримова дүйнө салды.
  • Ошол эле күнү медицина стоматолог Саданбек Байзаковдон айрылды.
  • Майып балдар менен иштеген врач Роза Абдыкеримова да кайтыш болду.
  • Ошол эле күнү Бишкектин №1 шаардык клиникалык ооруканасынын 72 кардиологу Күмүшбек Алтыкеев каза тапты.
  • Бишкектин тез жардам кызматынын мурдагы медиги Башир Гайджиев да каза болду.
  • Эмгек сиңирген дарыгер Бейшекан Калиева 18-июлга караган түнү инфекциялык оорукананын реанимациясына көз жумду.
  • 18-июлда Ысык-Көл облусунун райондук поликлиникаларынын биринин башчысы Бүбүайым Жээнбаева Чолпон-Ата ооруканасында каза болду.
  • Ошол эле күнү Чүй облусунда 61 жаштагы Алмагүл Айтбаева кайтыш болду. Ал карантиндин башынан тарта бажыда жана мобилдик бригадада кезметте иштеген.
  • Сузак районундагы Октябрь үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун 64-жаштагы жетекчиси Сыядакан Конурбаева 19-июлда жандандыруу бөлүмүндө каза болду — ал пневмонияга чалдыккан.
  • 16-июлда хирург-проктолог Турат Кулжабаевдин өлүмү тууралуу белгилүү болду. 45 жаштагы медикте эки тараптуу пневмония аныкталган.
  • Ошол эле күнү Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасынын жетекчисинин дарылоо иштери боюнча орун басары Темиркан Жарматованын өлүмү тууралуу кабарланды. Ал 65 жашында кайтыш болду.
  • 17-июлда Республикалык клиникалык инфекциялык оорукананын жугуштуу оорулардын врачы Шайназар Закиров өлүмү тууралуу белгилүү болду. 53 жаштагы дарыгерде COVID-19 аныкталган.
  • Мындан тышкары, 17-июлда Бишкектеги 12-ҮМБнин дарыгери Гүлмира Кадырованын өлүмү тууралуу белгилүү болду. Бул тууралуу анын кесиптештери билдиришти.
  • Ошол эле күнү жана ошол эле райондо 68-жаштагы терапевт Анар Чимбердиева пневмониядан улам көз жумду.
  • Лаборант болуп эмгектенген Райлы Карыпбаева да кайтыш болду. Маркум Чүй облусунун ҮМБсында иштеп, клиникалык цитологиялык лабораторияны жетектеп жүргөн.
  • 19-июлда Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүндө дарыгер хирург, доцент Эрмек Носинов дүйнө салды. 46-жаштагы дарыгердин өлүмүнүн так себеби айтылган жок, бирок ал коронавирустан улам каза болуусу ыктымал.
  • Чүй облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунун дарыгери Гүлиза Тыналиеванын өлүмү тууралуу белгилүү болду. Ал пневмонияга кабылган.
  • 19-юлда Жеңишбүбү Булатова кайтыш болду. Ал мурда Кочкор районундагы Кара-Күнгөй айылында фельдшер болуп иштеп, пенсияга чыккандан кийин дагы жаңы төрөгөндөргө жардам берип келген.
  • Ушул эле ооруканада рентгенолог болуп иштеген Раиса Тесленко 20-июлда көз жумган. Анын өлүмүнүн себептери тууралуу белгилүү эмес.
  • 21-июлда Бишкекте уролог Жаныбек Мамбетов 59 жашындапневмония диагнрзу менен каза болду.
  • 23-июлда Ош шаарында терапевт Рахиля Матраимова 53 жашында көз жумду. Ал «Доктор Матраимова» медборборун жетектеген. Анда коронавирус аныкталган.
  • Ал эми үч күндөн кийин 24 июлда Ош облусунун Араван аймактык ооруканасынын хирургия бөлүмүнүн башчысы Жорахан Акимжанов каза болду. Анда коронавирус аныкталган.
  • Ошол эле күнү Бишкекте №1 шаардык клиникалык оорукананын дарыгери Бегаим Исакова каза болду.
  • Акушер Мукаддас Дехканованын өлүмү тууралуу анын кесиптештери билдиришти. Өлүмдүн себеби айтылган жок, бир гана анын «узакка соулган оорудан улам» каза болгону белгилүү.
  • 7-августта медайым Уркуя Сооронбаева дүйнө салды, акыркы 20 жылда ал Жалал-Абад облустук ооруканасында иштеген.
  • 8-августта пневмониядан Улуттук госпиталдын пластикалык реконструктивдик микрохирургия жана манжа хирургия бөлүмүнүн башчысы Мырзабек Матеев дүйнөдөн кайтты.
  • 26-июлда Чүй районунун Үй-бүлөлүк медицина (ҮМБ) борборунун директорунун орун басары Кулжамал Жумабаева кайтыш болду. Жумабаевада ооруканадан тышкары пневмония аныкталган.