Жээнбеков: «Бажы тармагында 20-30 жылдап калыптанган схемалар бар»

Аалы Туткучев/Сооронбай Жээнбеков

Президент Сооронбай Жээнбеков 5-сентябрда «Биринчи радиого» маек берип, анда акын Аалы Туткучевдин Эгемендүүлүк күнүнө карата уюштурулган майрамдык иш-чарада сот, бажы, медицина тармагындагы көйгөйлөрдү айтып ырдаганы боюнча пикирин билдирди.

«Аалы акыныбыз мамлекеттик саясатты, тагыраак айтканда, менин президенттик ишимдеги негизги багыттарды ырга салды. [...] Элди эмне түйшөлтөт, кандай көйгөйлөрү бар, баарыбызга алаканга салгандай эле көрүнүп турат да. Эл билген нерсени жашыра албайбыз, ал көйгөйлөрдү капка салып, беките албайбыз», — деп, ал элдин үнүн бийликке жеткирип, аткаминерлерди тизгиндеп туруу акындын вазыйпасы экенин айтты.

Мындан сырткары президент коомдогу көйгөйлөрдү эл билээрин, муну жашырууга болбосун айтып, маселелерди чечүү боюнча тиешелүү иштер жүрүп жатканын билдирген.

«Иш жүрүп жатат. Айрыкча, өлкөнү санариптештирүү боюнча. Ошол эле бажы тармагын алалы. Көп жылдар бою, 20-30 жылдап калыптанган мамилелер, схемалар бар. Ошолорду биз азыр жок кылып атабыз. Бажыда эле эмес, көп тармактарда абал ошондой болуп келген. Болуп жаткан нерселер менен күрөшүп жатабыз», — деген ал.

Ошондой эле ал, өлкөнү санариптештирүү боюнча жүргүзүп жаткан саясатынын бирден-бир максаты — адам факторун жокко чыгарып, коррупция элементтерин жоюу экендигин айткан.

Өлкө башчы сөзүнүн аягында Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата, даярдык иштери башталаарын айтып, бир жыл ичинде өлкөдө жакшы өзгөрүү болсо акын жетишкендиктерди айтып ырдаарына ишенээрин белгилеген.

Бажыдагы коррупция

Кыргызстанда бажы тармагы эң коррупциялашкан мамлекеттик органдардын бири деп айтылып келет. Муну Улуттук статистика комитетинин 2019-жылдын июлунда жарык көргөн сурамжылоосу тастыктайт. Изилдөөгө 3,6 миңден ашуун адам катышкан. Анда кыргызстандыктар эң коррупциялашкан мамлекеттик орган катары Бажы кызматын аташкан.

2019-жылы жана быйыл бажыдагы коррупция жана аткезчилик боюнча бир нече журналисттик иликтөөлөр чыккан. Алардын бири OCCRP, «Азаттык» радиосу жана «Клооптун» «Жибек жолундагы аткезчилик, коррупция жана кландар» аттуу иликтөөсү.

Иликтөөдө Бажы башчысынын мурдагы орун басары Райым Матраимовдун Кытайдан Кыргызстан аркылуу Орусияга жана Борбор Азияга алып барган көмүскө карго империясын түзгөн кытайлык ишкер Хабибулла Абдукадыр менен байланышы тууралуу айтылат.

2019-жылдын ноябрь айында киши колдуу болгон журналисттердин маалыматчысы Айеркен Саймаити Абдукадырдын 700 млн доллардан ашык акчасын адалдаштырууга жардам бергенин мойнуна алып, көмүскө бизнестин иштеп турушун мүмкүн кылган бажыдагы коррупцияны Матраимов калкалап турганын билдирген.

Мындан тышкары, иликтөөдө Матраимовдун аялы Уулкан Тургунова Абдукадырдын үй-бүлөсү менен биргеликте Дубайдагы курулуш долбооруна кандайча инвестор болуп кошулуп калганы тууралуу айтылган.

Жээнбеков өзү 2019-жылды жыйынтыктап жатып, бажыда коррупция бар экенин тастыктап, аны жоюуну жана жыйынтык болоорун убадалаган.

Төмөнкү шилтемелер аркылуу бажы тармагына байланышкан журналисттик иликтөөлөр тууралуу окуй аласыздар:

Жибек жолундагы аткезчилик, коррупция жана кландар

Матраимовдор фондунун бети ачылган донорлору

«Лондон, Адил аркылуу Раимге». 5,6 миллион британ фунтунун табышмагы