Бир график менен: Парламентке аттанган партиялардын катарында канча аял талапкер бар?


БШК 4-октябрга дайындалган парламенттик шайлоого катышууга 15 партияга уруксат берди. Боршайком жалпысынан партияларга кирген 1 912 талапкерди каттады, алардын 618и — аялдар. Бул бардык депутаттыкка талапкерлердин 32%ын түзөт.

«Клооп» БШКнын маалыматтарына таянып ар бир партиянын тизмесиндеги депутаттыкка талапкер аялдар менен эркектердин санынын салыштырма графигин түздү.

Дээрлик бардык партиялардын тизмесинде 30%дан бир аз ашыгыраак аялдар, мындан тышкары, эгер Ооган согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясын өзүнчө бөлүп айтсак, бул партиянын тизмесинде аялдардын саны 42%ды түзөт. Ошол эле учурда «Чоң Казат» партиясынын тизмесинде талапкерлердин 29%ы гана аялдар.

«Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү» мыйзамдын 60-беренесине ылайык, партиялардын тизмесинде бир жыныстагы талапкерлердин саны 70%дан ашпашы керек. Ошол эле кезде эркектер менен аялдардын ортосунда кезектешүү айырмасы үч позициядан ашпашы зарыл.

Алтынчы чакырылыштын депутат аялдары

Парламенттин учурдагы VI чакырылышына 20дан бир аз эле ашык, же бардык 120 эл өкүлүнүн ичинен 18%ы гана аял депутаттар.

Аялдардын көбү КСДП парламенттик фракциясында болгон — 11 аял. «Кыргызстан» жана «Өнүгүү — Прогресс» фракцияларында бирден гана аял, ал эми «Бир Бол» фракциясында жалаң эркектер.

Учурда иштеп аткан депутат аялдардын көпчүлүгү келерки шайлоого катышууга аттанган партиялардын тизмелерине кирген. Алардын ичинен айрымдары шайлоого барыш үчүн ар башка саясий бирикмелерге өтүшкөн.

4-сентябрдан баштап үгүт иштери башталды, ал 3-октябрга чейин уланат. Эртеси күнү, 4-октябрда шайлоо өтөт.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Бул сага оюн эмес». Эмне үчүн кыргыз саясатында аялдар абдан аз?