«Мекеним Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка талапкер Канатбек Азиз 7-сентябрда «News.kg» интернет порталына маек куруп, өлкөнүн түндүгүндө Матраимовдордун үй-бүлөсүн «мокочо» кылып жатышат деп билдирди.

«Райымбек Матраимовдун өзүн жана үй-бүлөсүн Кыргызстанда ушунчалык мокочо кылып жатышканын түшүнүш керек. Бизде тилекке каршы, ушундай деп эсептегендердин көбү түндүктө. Анткени аймактарда мындай маселелер жок. Көбүнесе бул масса аны коррупционер деп эсептешет, ошол эле учурда таптакыр башканы айтып турган фактыларды эске алышпайт», — деп билдирди ал маегинде.

Бул тууралуу айтып жатып Канатбек Азиз эмне үчүн Матраимовдорду колдоп жатканы тууралуу суроого жооп берүүгө аракет кылган. Учурда ал сотто Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн «Клоопко» жана «Азаттыкка» каршы кызыкчылыктарын коргоп жатат.

*«Клооптун», «Азаттыктын» жана OCCRPнин журналисттери 2019-жылы өлкөдөн чыгарылып кеткен 700 млн доллар тууралуу иликтөөсүнүн сериясын жарыялашкан. Иликтөөдө Кыргызстандын бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимовдун ысымы аталган. Андан кийин Матраимовдордун үй-бүлөсү «Клооп», «Азаттык», 24.kg жана «Азаттыктын» журналисти Али Токтакуновдун үстүнөн Свердлов райондук сотуна доо арыз тапшырган. Алар аткезчилик жөнүндө иликтөөдөн өздөрү жөнүндө бир катар текстти алып салууну талап кылышкан. Үй-бүлөнүн адвокаттарынын айтымында, журналисттер Матраимовдордун «ар-намысы менен беделине шек» келтирген. Сот териштирүүлөрү аягына чыга элек.

Азиздин айтымында, ага Матраимовдор менен кызматташуу жөнүндө чечимди кабыл алуу оор болгон.

«Ооба, системага каршы бардым. Элдик системага каршы. Азыркы учурда таптакыр өкүнбөйм. Бул кандайдыр бир материалдык пайда көрүү болгон эмес. Бул кандайдыр бир перспектива болгон эмес», — деди ал.

Аймак аралык кастыкты козутуу боюнча коюлган айып

Канатбек Азиздин маеги соцтармактарда терс реакциянын чыгышына шарт түздү. «Кыргызстандын социал-демократтар» партиясынан депутаттыкка талапкер Айжан Мырсалиева фейсбук барагында Азиздин Кыргызстандын түндүк жана түштүк аймагындагы калкы тууралуу айткан кескин пикири орунсуз жана аймактык кастыкты козутат деп жазган.

«Бул адамдарды кагыштыруу эмей эле эмне? Бул адамдар эмне кылып жатканын түшүнүшөбү? Же алардын максаты Кыргызстанды жок кылуубу? Канатбек Азиз — шайтандын жактоочусу», — деп жазган Мырсалиева.

Бишкектик Умай Арыкова да депутаттыкка талапкерди «тилин тартып жүрүүгө» жана адамдарды аймактарга бөлбөөгө чакырды.

Ошондой эле, Арыкова ушундай эле билдирүүлөр үчүн 2017-жылы президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановду кылмыш жоопкерчилигине тартышканын эске салган.

«2017-жылы Бабановду аймактар аралык кастыкты козутту деп кылмыш жоопкерчилигине тартышканы, ошол учурда бийлик кандай кыйкымчыл болгону эсиңерде болсо керек. Эмне үчүн Канатбек Азизге мындай кечиримдүү болуп жатышат? Эмне үчүн Республика партиясы унчукпай жатканы түшүнүксүз», — деп жазат Арыкова.

Саясат таануучу Сания Токтогазиева да Канатбек Азиздин айткандарын «аймак аралык кастыкты козутуу» деп эсептейт. Мындай пикирин ал фейсбук барагында жазган.

Твиттерде @nosovik каймана аты менен отурган колдонуучу да Канатбек Азиздин айткандарына кыжырданып, «бул эмне Райымга кызмат кылып регионализм менен ойноп жатабы?» деп жазган суроо салып.

«Азиз мырза бул жерде өзүн “Түндүккө” каршы коюп жатат! Көрсө бул жерде жашагандардын гана Матраимовду кабылдоодо көйгөйлөрү бар экен, ал эми “аймактарда анын элден миллиарддарды уурдаганы боюнча бардыгы жакшы” турбайбы. Өткөн жылдары анын учурда башка партиялардагы кесиптештери жана бир катар “түштүктүк” депутаттар апасы өзбек болгону үчун акыйкатчыны шайлоодо сүрөмөлөп чыгышкан», — деп жазган ал.

Ал эми Канатбек Азиз өзү кыргызстандыктарды соцтармактарда айткан сөздөрү үчүн «ыпластыкты» токтотууга жана аймактарга бөлүнбөөгө чакырды.

Канатбек Азиз ким?

Канатбек Азиз — юрист жана «Мекеним Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка ат салышып жаткан талапкер. Партиянын тизмесинде ал биринчи жыйырмалыктын 15-сабында турат. Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда оппозициячыл «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин кызыкчылыгын коргогон.

Канатбек Азиз жана анын кесиптеши Таалайкүл Токтакунова басма сөз жыйындардын биринде Бишкекке жакын кыштакка кулаган учактагы жүктөр Алмазбек Атамбаев жана анын аялына таандык деп айтып чыгышкан. Сөздөрү куру болбошу үчүн далил катары документтерди көрсөтүшкөн.

Ошол маалда Текебаев менен Атамбаев Конституцияга түзөтүү киргизүүнүн айынан жаңжалдашып, оппозиционер коррупцияга айыпталып камакка алынган болчу.

Атамбаев Канатбек Азиз жана Таалайккүл Токтакунованы сотко берип, алардын билдирүүсү анын ар-намысына, кадыр-баркына шек келтиргенин айткан. Сот аларды Атамбаевге 10 млн сомдон төлөп берүүгө милдеттендирген. Атамбаев президенттиктен кеткенден кийин бул чечим жокко чыгарылган.

Ал эми 2019-жылы Канатбек Азиз Жогорку аттестациялык комиссиянын төрага орун басары болуп дайындалып, бул кызматта 2020-жылдын январына чейин иштеген.