250дөн ашуун депутаттыкка талапкер кылмыш иши боюнча өткөн — айрым иштер жабыла элек

Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттин депутаттыгына талапкер болуп катталган 1912 адамдын соттолуп-соттолбогонуна текшерди. Анын жыйынтыгында, талапкерлердин арасынан 221 адам мурда соттолгон болуп чыкты. Мындай адамдыр «Мекеним Кыргызстан» партиясында көп болуп чыкты — 29 талапкер.

Талапкерлердин жалпы тизмесиндеги 1641 адам мурда сот жоопкерчилигине тартылган эмес. 19 адамдын иши сотто каралып жатат. Эгер сот аларга айыптоо өкүмүн чыгарса, анда алар партиянын тизмесинен чыгарылат.

«Айрым талапкерлер боюнча азыр бизде териштирүү жүрүп атат. Алар же сотто же ички иштер органдарында каралууда», — деп юрист Медина Кутбердиева «Клоопко» курган маегинде билдирди .

Иши аягына чыга элек талапкерлердин көбү Социал-Демократтар партиясында. Бул партиядагы жети адамдын иши учурда сотто каралууда.

«Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү» мыйзамына ылайык, талапкерлер соттолгон, же иши жабыла элек болсо парламентке аттана албайт. Соттолгондугу жабылган ар бир адам депутат боло алат.

БШК соттолгон талапкерлердин ысымдарын ачыктабаганы менен ЖМКларда көптөгөн аткаминерлер менен парламент депутаттарынын сот иштери кеңири чагылдырылган.

Мисалы, «Кыргызстан» партиясынан парламенттин депутаттыгына талапкер болуп аткан Талант Мамытов 2013-жылы «бийликти күч менен басып алууга» аракет кылган деген айып менен бир жылга соттолгон. Соттолгондугу 2015-жылы жабылган.

Ушул эле иш боюнча «Мекенчил» партиясынан депутаттыкка аттанып аткан Камчыбек Ташиев да өткөн. Анын соттолгондугу 2015-жылы парламенттик шайлоонун башталышына алты ай калганда алынган.

«Мекенчилдин» дагы бир талапкери, мурдагы социалдык өнүктүрүү министри Равшанбек Сабиров да 2013-жылы пара опузалаганы үчүн беш жылга эркинен ажыратылган. Ал 2014-жылы мунапыс менен бошотулган.

«Мекеним Кыргызстан» партиясынан талапкер жана Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн тууганы Ахматбек Келдибеков 2015-жылы «Коррупция» жана «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренелери менен соттолгон. 2016-жылы сот ага 10 млн сом штраф төлөп берүү өкүмүн чыгарган.

«Биримдик» партиясынан талапкер Өмүрбек Бакиров 2010-жылы Убактылуу өкмөттү күч менен кулатууга аракет кылган деп айыпталган. Мындан тышкары, 2014-жылы Бакировго жана кримтөбөл Алмаманбет Анапияевге карата «Адам уурдоо», «Карактоо», «Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу» жана «Опузалоо» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Депутаттардын УКТ менен байланышы

Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары, учурда «Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен шайлоого бараткан Өмүрбек Суваналиев быйыл парламенттик шайлоого аттанып аткан кээ бир партиялардын артында уюшкан кылмыштуу топтун (УКТ) мүчөлөрү турат деп кабарлаган болчу. Анын айтымында, «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» жана «Замандаш» партиялары кримтөбөл Коля Кыргыз (Камчы Көлбаев) менен байланыштуу.

Анткен менен ИИМде же ЖМКда УКТнын мүчөлөрү катары ысымдары аталган депутаттар далай эле жолу парламентке келген.

ЖМКнын маалыматына ылайык, парламенттин депутаты жана «Кыргызстан» партиясынан кайрадан талапкер болгон Тазабек Икрамов УКТга мүчө жана милициянын каттоосунда турат.

Мындан тышкары, 2009-жылы Икрамовго Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жусупжан Жээнбековдун уулун уурдоого буйрук берген деп айып тагылган.

2015-жылы Икрамов башында турган «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын бир нече мүчөсү «Бир Болдун» өкүлүн сабаганы кабарланган.

«Биримдик» партиясындагы Бакытбек Жетигеновдун да УКТга байланышы бар экенин ИИМдин мурдагы башчысы Абдылда Суранчиев айткан.

Депутат Урмат Самаев — ЖКнын укук тартиби боюнча комитетинин башчысынын орун басары. Ал «Чемпион» каймана аты менен таанымал жана комитетке дайындалганга чейин ЖМКда Токмокто орун алган аткезчилердин атышуусуна байланышы бар делип ысымы аталган.

Маркум депутаттардын арасында да кримтөбөлдөр болгон. Мисалы, 2006-жылы кримтөбөл Рыспек Акматбаев парламентке депутат болуп келип, бирок арадан бир ай өткөн соң киши колдуу болгон.

Киши колдуу болгон парламенттин дагы бир депутаты Баяман Экринбаевди да кримдүйнө менен байланыштырышкан. Тергөө дал ушул жагдай аны 2005-жылы өлтүрүүгө себеп болгон деп эсептейт.

Учурдагы мыйзамга ылайык, адамды сот гана УКТнын мүчөсү деп расмий түрдө аныктап тааный алат. Кыргызстанда сот тарабынан мындай макамга ээ болгон бир да адам жок.