Коронавирус дагы 53 кишиден аныкталып, 143 киши сакайды

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Хамидулло Узаков / Kloop.kg

Республикалык штабдан 13-сентябрда коронавирустун жаңы 53 учуру катталганын маалымдашты. Ооруга чалдыккандардын 16сында COVID-19 лабораториялык аныкталган, ал эми калган 37синде клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек — 11;

Ош шаары — 2;

Чүй облусу — 7;

Ош облусу — 3;

Талас облусу — 1;

Нарын облусу — 2;

Ысык-Көл облусу — 9;

Жалал-Абад облусу — 10;

Баткен облусу — 8.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 44 881ге жетти. Аймактар боюнча коронавирустун эң көп учуру Бишкекте катталды — 17 804. Ал эми Чүй облусунда — 5 454, Ош облусунда — 4 234, Жалал-Абадда — 4 382, Ысык-Көлдө — 3 870, Ош шаарында — 3 417, Баткенде — 2 548, Нарын облусунда — 1 729 жана Талас облусунда — 1 443 учур катталды.

Ошондой эле, акыркы суткада 143 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Сакайгандардын эң көбү Бишкек шаарынан катталды — 59, Жалал-Абад облусунан — 28, Ош облусунан — 10, Ош шаарынан — 1, Баткен облусунан — 19, Чүй облусунан — 6, Нарын облусунан — 2, Талас облусунан — 1 жана Ыссык-Көл облусунан — 17 бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 40 922 бейтап оорудан айыкты. Ооруканаларда 509 бейтап, ал эми үй шартында 1973 киши дарыланып жатат. Инфекция жалпы 1 063 адамдын өмүрүн алды.

Акыркы суткада Баткен облусунда эмгектенген бир медкызматкерден коронавирус аныкталды. Ал эми бир суткада үч медик айыкты жана 13 медик үй шартында дарыланып сакайды.

Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 3 167ге жетти, анын ичинен 2 686 медкызматкер илдеттен айыкты.