Кыргызстан кайрадан Кытайдан өлкөнүн бюджетине тышкы карыздын жүгүн жеңилдетүүнү суранды

Кыргыз ТИМнин башчысы Чыгыз Айдарбеков 13-сентябрда кытайлык кесиптеши Ван И менен жолугушууда өлкөнүн бюджетине тышкы карыздын жүгүн жеңилдетүүнү суранды. Айдарбековдун айтымында, коронавирустун пандемиясынын айынан Кыргызстанда экономика абдан жабыркаган.

Ал ушундай эле өтүнүч менен Кытайга 2020-жылдын августунда да кайрылган болчу. Сооронбай Жээнбеков Си Цзиньпинь менен болгон телефондук сүйлөшүүдө мөөнөттү узартуу жана тышкы карызды төлөө боюнча жеңилдетүүлөр тууралуу суранганы белгилүү.

Бирок Кыргызстандын өтүнүчтөрүнө болгон Кытайдын реакциясы азырынча белгисиз.

Үстүбүздөгү жылда Кыргызстандын бийлиги коронавируска каршы күрөшүү, экономиканы колдоо жана бюджеттеги тартыштыктарды жабуу үчүн Кытайдан 712,9 млн доллар жардам сураган. Кытайга болгон тышкы карыз өлкөнүн жалпы мамлекеттик карызынын 43,2%ын (4,7 млрд долларды) түзөт.

Кытай тараптан насыялар көбүнчө инфратүзүмдү, энергия секторун өнүктүрүүгө жана унаа жолдорун курууга берилген. Бирок кытай насыясын өздөштүрүүдө коротуу жана коррупция учурлары болгону белгилүү.

Эң ачык мисалдардын бири — бул ЖЭБди жаңыртуудагы коррупция. Аны модернизациялоо үчүн кытайлык TBEA компаниясынан 386 млн доллар кредит алынган эле. 2018-жылдын январында ЖЭБдин эски корпустарында авария болуп, анын кесепетинен Бишкектин тургундары аномалдуу суук маалда жылуулуксуз калышкан. Бул кредиттин ЖЭБди жаңыртууга жумшоонун аныктыгын иликтөөнүн башталышына себеп болгон.

Депутаттык комиссия менен укук коргоо органдары модернациянын наркы өз баасынан кымбат болгонун аныкташкан. Бишкек шаардык соту бул иш боюнча мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду күнөөлүү деп таап, ага карата 15 жыл эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган.

Кыргызстандын экономикасы жана коронавирус

Коронавирустун пандемиясы Кыргызстанда экономикалык абалга катуу таасир этти. Өлкө бийлиги 2020-жылы мартта катаал чектөөлөрдү киргизгендиктен дээрлик бардык ишканардын иши токтоду. Мамбюджет, анын ичинде жумушсуз калган жарандар кирешесиз калды.

Кыргызстандын өкмөтү көптөгөн финансылык институттардан насыя түрүндө каржылык жардам алган, бул өз кезегинде өлкөнү дагы да болсо аярлуу абалга такаган — жаңы алынган карыздар кандай жол менен төлөнүп берилери азырынча белгисиз.

Пайда болгон көйгөйлөрдү чечүү үчүн өлкөнүн президенти менен өкмөтү башка өлкөлөрдүн бийликтери менен карыздарды кечүү же насыялар боюнча төлөм мөөнөттөрдү жылдыруу тууралуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүшкөн. Париж клубунун мүчөлөрү — Германия, Франция, Дания, Корея, Жапония, Сауд өнүктүрүү фонду жана Кувейт экономикалык өнүктүрүү фонду менен төлөмдөрдү убактылуу токтото туруу боюнча макулдашуу жетишилген.