Бишкекте №2 формасы аркылуу добуш берүү үчүн 105 миң арыз берилди

Бишкектин аймактык шайлоо комиссиясынын (АШК) башчысы Кайрат Маматов билдиргендей, 14-сентябрга карата борбор калаанын участкалык шайлоо комиссияларына №2 формасы боюнча 105 миң арыз келип түшкөн. Бул форма шайлоо күнү тандалган участокто добуш берүүнү мүмкүн кылат. Мисалы, эгер шайлоочу Жалал-Абадда катталган болсо, ал №2 формасы аркылуу борбор калаада добуш бере алат.

Маматов шайлочулардан катталган участокторун алмаштырууга дагы көп арыз түшөөрү күтүлүп атканын айтты. 14-сентябрга карата шайлоочулардын тизмесинде алдын ала, 4 млндон ашуун шайлоочу бар, алардын ичинен Бишкекте — 444 миңден ашуун. Атап айтканда, ар бир төртүнчү шайлоочу Бишкекте №2 форма аркылуу добуш берет.

Ошол эле кезде Бишкекте каттоодо турган шаардыктар №2 форма аркылуу добуш бере албайт, анткени алар шайлоо участкаларына бекип калган.

Мурдараак бишкектик Аскар Эркебаев колуктусу экөө жашап аткан жери боюнча №2 форма аркылуу №1213 участогунда добуш бергени жатканын, анткени алар мурда башка участоктордо бекилүү болушканын, бирок аларга баш тартып коюшканын айтып берген.

«УШКнын мүчөлөрү мындан ары №2 форма аркылуу эч кимди кабыл алышпай калганын, себеп дегенде аларда бул форма боюнча лимит толуп калганын (2500 адам) айтышкан. Башка райондордогу бюджетте иштеген кызматкерлерди бул участокко каттатып коюшкан окшойт, ал эми жеке өздөрүнүн шайлоочулары үчүн орун жок. Бирок бир да мыйзамда же нормативдик мыйзам актыларында №2 формасы боюнча лимит бар экени тууралуу айтылган эмес», — деп билдирген ал.

Эми, шайлоо участогун алмаштыруу үчүн бишкектиктер Калкты тейлөө борборлоруна (КТБ) кайрылып, же катталган жерин өзгөртүшү керек. Кайрат Маматовдун айтымында, эгер бишкектиктер байкоочу, милиционер жана шайлоо күнү иштей турган болушса, анда алар №2 формасы боюнча участогун алмаштыра алышат.

№2 форма

Кыргызстанда 2020-жылдын 4-октябрына парламенттик шайлоо дайындалган. Шайлоочулар башка райондо же аймакта добуш берүү үчүн №2 форма аркылуу добуш берүү участокторун алмаштыра алышат. Ал үчүн шайлоочу жеке өзү участкалык шайлоо комиссиясына барып арыз калтырышы керек. Мыйзам боюнча эч ким адамдардын паспортун чогултуп, аларды шайлоо участогуна каттата албайт.

Шайлоочулар улам-улам билдирип жатышкандай, партиялардын үгүтчүлөрү алардын паспортторун чогултуп, кийин башка райондо же аймакта шайлашы үчүн №2 формасы боюнча катталууну суранышууда. Бул үчүн шайлоочуларга акча сунушташат — адатта дароо миң сом, шайлоодон кийин дагы миң сом. Бирок айрымдарын жумуштан алуу коркунучу менен каттоого мажбурлашууда — мындай ыкмалар акыркы президенттик шайлоодо да колдонулган.

БШКдагылар шайлоо дареги адамдын бармак тагы алынып, жүзүнүн параметрлери идентификациядан өткөндөн кийин гана алмаштырылат деп ишендиришүүдө. Бирок жарандык активисттер №2 форма аркылуу каттоого тургузуу добуш сатып алуу үчүн колдонулуп атканын айтышууда.

№2 форма, добуш сатып алуу. Партиялар парламентке келиш үчүн кандай амалдарга барышууда?