Кыргызстанда 4-октябрда парламенттик шайлоо өтөт. Пандемия жана жайдын башында коронавируска чалдыккандардын кескин өсүшү партиялардын пландарына өзгөртүүлөрдү киргизди. Мисалы, партиялар съезддерин мурдагыдай имараттардын ичинде өткөрө алышкан жок, адатта мындайга аймактардан көп адамдар келчү.

Анткен менен партиялардын штабы идеяларын калкка үгүтчүлөр аркылуу жеткире алышат. Үгүт иштери 4-сентябрда гана башталышы керектигине карабай ага чейин эле партиялардын үгүтчүлөрү калк менен иштей баштаганы тууралуу көптөгөн билдирүүлөр пайда болгон. Чынында иш ыкмалары күмөндүү — алар шайлоочулардын паспортторун сурап, тигил же бул партияга добуш беришсе акча сунуштаган учурлар көп. Ошондой эле, партиялар аймактардагы же айылдардагы шайлоочулардын Бишкек жана Ош шаарларына убактылуу катталышына көмөк көрсөтүшүүдө.

«Клооп» партиялар шайлоочуларды бир участоктон башка участокко которуу аркылуу аймактар, Бишкек жана Ош шаарлары үчүн белгиленген 0,7%дык шайлоо босогосунан өтүүгө кандай аракет жасап жатканын изилдеп көрдү.

Бул мындайча иштейт: Партия көбүнесе шайлоочуга эгер анын калаада же Ошто каттоосу жок болсо акча төлөп берип, аны аталган шаарлардагы участокторго форма №2 аркылуу каттатат. Бул деген шайлоочунун добушу ал катталган жерде эмес, Бишкекте же Ошто эсепке алынат дегенди билдирет. Эгер шайлоочу добушун акча берген партияга берсе, натыйжада партия колдоо жок болуп аткан шаардагы электоратын көбөйтүп алат.

№2 формасы боюнча жапырт кайра каттоо жана добуш сатып алуу

Партиялар аймактардан же айылдардан шайлоочуларды алып келип, Бишкек менен Оштун участокторунда каттап жатышканы тууралуу билдирүүлөр августтун башында интернетте да, ЖМКларда да пайда боло баштаган. Анын ичинен Бишкектеги участокторго каттатып жатканы боюнча билдирүүлөр көп тараган. Борбор калаанын тургундары шайлооо күнү добуш берүүгө ашыкпагандардын катарын толуктайт.

Көбүнесе добуш берүү үчүн участокту алмаштырууга байланыштуу кабарларда «Мекеним Кыргызстан» жана «Биримдик» партияларынын аты аталат. Биринчи партиянын Матраимовдордун кланына тиешеси бар экени айтылып келет, бул партияны борбор калаада колдогондор аз. Себеп дегенде Бишкекте бул үй-бүлөгө каршы митингдер өткөн. Ал эми экинчи партияны бийликке байланыштырышат, бул партия менен президенттин бир тууган иниси Асылбек Жээнбеков шайлоого аттанууда.

«Kaktus.media» басылмасы жарыялаган окурмандардын билдирүүсүнө ылайык, 22-августта «Ак-Өргө» конушундагы №77 мектептин алдында көп адам чогулган. Бул мектепте шайлоо участкаларынын бири жайгашкан.

Мурдараак, ушундай эле адамдардын жапырт ташылып келиши Бишкектеги №47 мектепте аныкталган, ал жакта дагы шайлоо участогу орун алган.

№60 орто мектебинин мугалимдеринин бири «Клоопко» мектептин аймагында №1115 жана 1116 шайлоо участкалары жайгашканын айтып берди. Анын айтымында, бул участокто «Мекеним Кыргызстан» партиясы массалык түрдө №2 форма аркылуу шайлоочуларын каттоого алган. Болжол менен күнүнө 50гө чукул адам катталган.

Анын ою боюнча, бийликтин партиясы делген «Биримдиктин» өкүлдөрү участоктордо «Мекеним Кыргызстандын» шайлоочулары катталып жатканына нааразы болуп, аталган мектептин директоруна басым көрсөтүшкөн. Мугалим партия админресурсту колдонуп, директорду өз каалоосу менен жумуштан кетүүгө мажбурлады деп эсептейт.

Мугалим белгилегендей, каттоого алуу үчүн алынып келингендердин көбү процедура эмнеден тураарын түшүнө беришпейт жана аларга акча төлөнөөрүнүн четин чыгарып, алтургай колдоруна берилген дүмүрчөктөрдү көрсөтүшөт.

«Эгер бул иште саясат болбосо, анда эмнеге мындай аракеттер окуу жылы башталар алдында жасалууда? Директордун пенсияга чыгарына 2-3 жыл эле калган, ал биздин жамаатты 15 жылдан бери жетектеп келген. Биз абдан кабатырланып жатабыз, мен бул мыйзамсыз деп ойлойм», — деп айтып берди ал.

Ошондой эле, №60 мектептин мугалимдери директорду кызматына кайтаруу үчүн БШКга жамааттык кат жолдошту.

Шайлоо участогун алмаштырууга макул болгон айрым жарандардын добушун өзүнө алуу үчүн партиялар аларга акча төлөп беришет. Күбөлөрдүн бири «Биримдик» партиясынан акча алганын «Клоопко» айтып берди. Анын айтымында, добушту сатып алуу тууралуу алдын ала сүйлөшүлөт. Шайлоочу участокко келгенде, ал жакта аны бир адам тосуп алып, бүт процедуралардан өтүүнү тескеп турат.

«Биз кабинетке кирдик, мени ошол участокко катташты, келип добушумду беришим үчүн шайлоочунун кагазын беришти. Акчанын жарымын берип, калганын добушумду бергенде төлөшөөрүн айтып, манжаларымдын изин алып калышты», — деди ал «Клоопко».

24.kg маалымат агенттиги 27-августта Бишкекте №1131 жана №1132 шайлоо участокторуна Кант шаарынан адамдарды массалык түрдө алып келип катташканын кабарлаган. Эшикте бул участокто добуш берүүнү каалаган адамдарды эки аял тосуп алып, керектүү кабатка жөнөтүп турушкан. Ал жерден аларды шайлоочу катары расмий каттоого алышкан.

Канттан ташылып келген шайлоочулардын бири «Мекеним Кыргызстан» партиясы үчүн добуш бериши үчүн 4 миң сом убадалашканын 24.kgнин журналистине кабарлады. Анын айтуусуна караганда, ага шайлоо дарегин өзгөртүү тууралуу №2 формасы боюнча арыз тапшырууну айтып, толтурулган бланк берип, микроавтобус менен мектепке алып келишкен.

«Бул жакта кезек бар болчу. Көбү жашы өтүп калган, улгайган адамдар эле. 30дай адам эки маршрутка менен келишти. Алардын бирөөсү кетип калды. Бизге каттоодон өткөндөн кийин чек берерин айтышты. Аны агитаторго берип, андан соң аны менен штабга барыш керек, акчаны ал жактан беришет», — деди ал.

«Азаттык» үналгысы Ысык-Ата районунун Новопокровка айлынын тургуну кабылган окуяны жарыялаган. Аялдын айтымында, 24-августта шайлоого аттанып жаткан партиялардын биринин өкүлү болом деген киши айылдагы ар бир үйдү түрө кыдырып, белгилүү саясий партияга добуш берем дегендерге акча берилерин айткан.

Макул болгондорго 1000 сомдон берип, калган бөлүгүн шайлоодон кийин беришерин убадалашкан.

«Мен биринчи барып мектептеги шайлоо тилкесине катталышым керек экен. Кайсы мектеп, кандай жол менен барып катталам - сураган жокмун. Мен: “Акчаны алгандан кийин шайлоого сөзсүз барыш керекпи?” деп сурадым. Добуш сатууга үндөгөн аял: “Шайлоого барбай койсоңуз, анда мага айып салышат”, - деп жооп берди. Алар биздин көчөдөгү ар бир үйгө кирип чыгышты», — деп айтып берди Новопокровканын тургуну.

Кара-Балтанын тургуну Мирбек Суранчиев «Азаттыкка» шаарда бир добуштун наркы 3000 сомго жеткенин айтып берген. Анын айтымында, бийликке жакын деп эсептелген партия акча таратып, шайлоочуларды керектүү участокто №2 форма боюнча каттоого алууда. Саясий бирикме добуш берүү күнү шайлоочуларды участокко машина менен алып келүүгө убада берген.

«Азыр салмактуу деген партиялар ар бир районго өз акимин, айыл өкмөтүн, милиция башчысын дайындап алышыптыр. Алар мыйзам бузулган учурларды көрмөксөнгө салып жатышат. Элдин баары эле №2 формасы менен ар кайсы жерге каттала баштады. Кара-Балтада алгач 500 сом, шайлоодон кийин 2500 сом бере турганын айтып жатышат. Менин байкашымча, добушун сатуудан баш тартып койгон адамдар чанда кездешет», — деди Кара-Балтанын тургуну.

Шайлоо тилкелердин алмаштырылышына ишкананын кызматкерлери да даттанышуудаа. «Кыргызмунайгаз» ишканасынын кызматкери Дурусбек Ысакжанов компаниянын жетекчилиги андан шайлоо дарегин алмаштырууну талап кылып жатканын «Азаттыкка» айтып берди.

«Мен айылда катталганмын. “Эми “Форма-2ни” толтуруп, Кочкор-Ата шаарына каттоого турасыңар” деп мажбурлап жатышат. Өзүбүздү эле эмес, үй-бүлөбүздөгү үч кишини кошо шаарга каттоого тургузушубуз керек экенин айтышты. Жетекчилик ачык эле "Биримдик" саясий партиясына шайлайсыңар” деп опузалап жатат», — деди ал.

Соцтармактарда жана WhatsApp мессенжеринде да «Мекеним Кыргызстан» партиясы «добуш сатып алууга аракет кылып жатат» делген телефондук сүйлөшүү тараган. Аудио жазмада Нарын облусунун тургуну менен «Мекеним Кыргызстан» партиясынын өкүлүнүн ортосундагы сүйлөшүү жаздырылганын болжоого болот.

Ал ага Бишкектеги участокко каттоо үчүн биометрикалык паспортту алып келүүнү, ал үчүн миң сом берилерин айткан. Ал 4-октябрда партия үчүн добуш бергенден кийин дагы миң сом алышы керек. Аял мындан тышкары шайлоо күнү Бишкекке бекер алып барып келүүнү убадалаган.

№2 формасы деген эмне?

Келерки парламенттик шайлоодо башка шайлоолордогудай эле катталган жеринен эмес, башка жерден деле добуш берүүгө болот. Мындай аракеттер, мисалы каттоосу Нарында, бирок Бишкекте жашаган адамдын шайлоо күнү катталган жерине барып убара болбошу үчүн жасалууда. Ага борбор калаадагы участокто каттоого туруп, ошол жерден добуш берүү оңой болот.

Шайлоочу участогун алмаштырышы үчүн 20-сентябрга чейин Участкалык шайлоо комиссиясына келип, №2 формасын — «шайлоо дарегин өзгөртүү тууралуу арыз» жазышы керек. Мындан тышкары, ал участокто биометрикалык каттоодон өтүшү керек болот. Мындан кийин шайлоочу тизмеге киргизилип, катталган участокто добуш бере алат.

«Мисалга, сиз Бишкекте катталгансыз, бирок шайлоо күнү Ошто болосуз дейли, ал учурда сиз алдын ала шаардын өзүңүз каалаган УШКсына арыз жөнөтөсүз, ошондо добуш берүүгө болгон конституциялык укугуңуз бузулбайт», — деп белгилейт БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов.

Анын айтымында, мурда ар бир адам башка жарандын паспортунун көчүрмөсүн алып келип ал үчүн №2 форманы толтура алчу. Эми болсо, жаңы талаптарга ылайык, добуш бере турган жерин алмаштыруу үчүн жаран өзү барып арыз бериши керек.

«Анын бармак издери алынып, жүзүнүн параметри идентификациядан өткөндөн кийин гана шайлоочунун дареги алмашылат. БШКнын системасына №2 формасын кимдер, качан толтуруп жатканы боюнча маалымат келип турат», — деп түшүндүрөт Бекматов.

Шайлоочулардын алдын ала тизмесине ылайык, бүгүнкү күндө 3 миллиондон ашык кыргызстандык добуш берүү укугуна ээ.

Партиялар №2 формасын кантип колдонушат?

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу Конституциялык мыйзамга ылайык, партия парламентке өтүшү үчүн бүт өлкө боюнча шайлоочулардын 7%ынан кем эмес добушун алышы керек жана ошондой эле ар бир облус жана Бишкек, Ош шаарлары боюнча 0,7%дан кем добуш албашы керек.

Эгер партия кайсы бир аймакта же шаарда анчейин белгилүү эмес болсо, шайлоо участогун алмаштыруу ага аталган аймак же шаардан 0,7% босогосунан өтүү үчүн керектүү санда добуш алууга мүмкүндүк берет. Партия аймактардан колдоочуларын таап, аларды колдоосу жок болуп жаткан аймакка которот.

Эгер партия добуштардын керектүү пайызын ала албай калса, парламентке өтпөйт.

БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиев түшүндүрүп бергендей, саясий партиядан депутаттыкка талапкер өз участогунда белгилүү бир добушка ээ болушу керек. Эгер ал андай добуш чогулта албаса, партиянын жетекчилиги аны көп добуш алган талапкердин пайдасына мандатынан баш тартууга мажбурлайт.

Осмоналиевдин айтымында, партиянын ичиндеги атаандаштыктан улам партиялар шайлоодон кийин талапкерлеринин тизмесин алмаштырышат, бирок ошол эле учурда шайлоочуларды сатып алууга барышат. Белгилүү сыйакы үчүн алар жарандарды керектүү участокто катталып, керектүү партияга добушун берүүнү суранышат.

Мындан тышкары, бул жайнаган жаңы конуштардагы тургундардын добуштарын алууга мүмкүнчүлүк берет. Көбүнчө алар аймактарда катталгандыктан, жашап жаткан үйлөрүнүн документтери жок.

Кыргызстанда шайлоо дарегин өзгөртүү үчүн №2 форма алгачкы жолу 2011-жылы президенттик шайлоодо колдонулган. Анын муктаждыгы өлкөдө ички миграция өсүп атканы менен түшүндүрүлгөн.

Ошол эле учурда БШКдан билдиришкендей, ал убактан бери канча шайлоочу бул форманы колдонуп добуш бергени боюнча статистика жүргүзүлбөйт.

«Биримдик» менен «Мекеним Кыргызстандын» реакциясы

«Мекеним Кыргызстан» партиясы добуш сатып алууга байланыштуу бардык айыптоолорду четке кагыууда. Партия добуш сатып алуусуз жана ыплас технологиярсыз таза, ачык шайлоону колдой турганын айтып, шайлоодо жеңишке жетүү үчүн мыйзамсыз аракеттерге барбаганын билдирүүдө.

«Азыр белгисиз адамдар партиябызды атап, кандайдыр бир бузууларды кыйытып айткан ушул сыяктуу видеолор көп чыга баштайт. Биз башка аргументтери жок болгондо, күрөшүүнүн ушундай жаман ыкмаларына өтүп кетишерин түшүнүп, буга токтоолук менен мамиле кылабыз»? — деп штабдан билдиришти.

«Мекеним Кыргызстан» партиясынан шайлоого аттанып жаткан журналист Элнура Алканова «Клоопко» соцтармактарда тарап жаткан мындай билдирүүлөрдү укук коргоо органдары тыкыр иликтеши керектигин билдирди.

Ал ошондой эле, алдын ала текшербей, билип-билбей башка бирөөлөрдү «атайылап бизге каршы жасап жатат» деп айыптоодон алар алыс экенин кошумчалады.

«Себеби, биз текшере элекпиз жана текшере дагы албайбыз. Кантип, кандай учурда “Мекеним Кыргызстан” партиясынын аты аталып жатканы бизге белгисиз болуп жатат. Биз укук коргоо органдарынан суранат элек, ушундай билдирүүлөр, видео тамсалар кайсы негизде пайда болгонун текшерүү зарыл. Алар текшерип чекит коюшу керек. Чындыгында ушундай болгон деп айтуу үчүн бизге текшерүүнүн жыйынтыгы керек», — деди ал.

«Биримдик» партиясынын өкүлү Адилет Султаналиев мындай билдирүүлөрдүн бардыгын келе жаткан парламенттик шайлоонун алдында партияны каралоо аракети деп баалады.

«Азыркы учурда түрдүү дооматтар ар бир эле партияга айтылып жатат, бирок көпчүлүгү негизсиз. Менин пикиримде, бүгүнкү Кыргызстандагы сөз эркиндигин, ачык-айкындыкты эске алганда айтылып жаткан административдик ресурсту пайдалануу дээрлик мүмкүн эмес, тескерисинче аны колдоном деген партияга зыянын гана тийгизет. Ошондуктан “Биримдик” саясий партиясы эч кандай административдик кысымга барбайт. Биздин партия шайлоо мыйзамдарынын талаптарын бекем сактайт жана башка саясий партиялар да андайга жол бербейт деп үмүттөнөбүз», — деди ал.

БШКдан эмне дешти?

Борбордук шайлоо комиссиясы да шайлоо участкаларындагы бузуулар тууралуу жарыя болгон билдирүүлөргө реакция кылды.

Боршайкомдун төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов БШКнын жумушчу тобу шаардын чет жакасындагы айылдардын жашоочуларын Бишкектеги участокторго тобу менен каттап жатканда тартылды делген видеолорду текшерерин билдирди.

Анын айтымында, айтылган участоктордо шайлоочуларды каттоодо мыйзам бузулганы тастыкталса, ошол участкалык комиссиялардын мүчөлөрү жоопко тартылат.

«Эгер буга кайсы бир партиянын тиешеси бар болгону аныкталса, анда ага карата чара көрүлөт», — деп белгиледи Абдыжапар Бекматов.

Мындан тышкары, БШК мурдараак шайлоо мыйзамына жана Жазык кодексине кабыл алынган түзөтүүлөр жарандардын добуштарын жапырт сатып алуу учурларын жоюуга мүмкүнчүлүк түзөрүн айткан.

Жаңы жоболорго ылайык, добуш сатып алууга шектелгендер 5-категориядагы айыпка жыгылат, тагыраагы 220 миң сомдон 260 миң сомго чейинки штраф төлөөгө милдеттүү болот. Эгер шайлоочуларды сатып алуу массалык түрдө орун алган болсо, анда мыйзам бузган киши 2,5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Буга карабастан, Боршайкомдун мүчөсү Кайрат Осмоналиевдин билдирүүсүнө караганда, Бишкекте эле 50 миңден ашуун шайлоочулар №2 формасын толтуруп, добуш бере турган участогун алматырышкан.

«19-сентябрга чейин шайлоочулардын акыркы тизмеси түзүлгөнгө чейин, жарандардын катталган жерин алмаштыруусу улана берет. Эмне үчүн адамдар шайлоо участкаларын алмаштырууда? Көп учурда бул шайлоочуларды сатып алууга байланыштуу», — деп айтты Кайрат Осмоналиев.

Президент Сооронбай Жээнбеков да партиялардын № 2 формасы аркылуу добуш берүү үчүн участокторду алмаштырууга көмөкчү болуп жатышканына көңүл бурду.

«Бул тууралуу басма сөздө, социалдык тармактарда жазып жатышат. Бирок, мамлекеттик жана укук коргоо органдары, жергиликтүү бийлик буга каршы эч кандай чара көрбөй жатат. Силер азыртан эле шайлоого карата элдин нааразычылыгын жаратып жатасыңар», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал мындай билдирүүлөрдүн баарына ыйгарым укуктуу органдар тарабынан чечимдерди ыкчам түрдө кабыл алуу боюнча текшерүүлөр жүргүзүлүшү керектигин белгиледи.

«Мыйзам бузуулар тастыкталып калса, жоопкерчиликке тартуу зарыл. Эгерде андай болбосо, чагымчылдардын ар кандай маалыматтар менен чайкоочулук кылуусуна жол бербөө керек. Экинчиден, участкалык комиссиялар шайлоо жүрүмүнүн ачык-айкындуулугун толук кандуу камсыз кылуу үчүн сааттай болуп так иштөөсү керек», — деди президент.