«Улгайсаң да апаң менен жашайсың». Баткендин тургуну бир тууганын өлтүрүүгө шектелүүдө

Сүрөт: Баткен ОИИБи

Баткен облусунун Баткен районундагы Кыштут айылынын 46 жаштагы тургуну өзүнүн агасын өлтүрүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Милициянын маалыматына ылайык, шектүү маркумду «сен улгайып калсаң да апаң менен чогуу жашайсың» деген сөздөр менен тилдеп, бир нече жолу уруп-тээп, мойнунан муунтуп салган.

«12-сентябрда Баткен РИИБсине 63 жаштагы тургун өз үйүндө белгисиз себептерден улам каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Баткен РИИБдин ыкчам-тергөө тобу жерине барып, ал иниси урган жарааттан улам каза тапканын аныкташкан», — деп жазылат маалыматта.

Жабырлануучу 81 жаштагы апасы менен бир үйдө жашаган. Ал окуя болгон жерде каза болуп калганы кабарланды.

Окуя Кылымыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Киши өлтүрүү» беренеси менен катталып, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Буга чейин үстүбүздөгү жылдын февралында Чүй облусунун 52 жаштагы тургуну бир тууган агасын өлтүрүүгө шектелип кармалган. Бир туугандар мас абалында чырдаша кетип, шектүү 58 жаштагы агасына бычак сайып алган. Жабырлануучу алган жараатынан улам ооруканада каза болгон.