Сүрөт: Кундуз Жолдубаева

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары аны туулган күнү менен куттуктоо үчүн шарлар жана плакаттар менен УКМКнын имаратынын алдына чогулушту. Ушуну менен Атамбаев УКМКнын тергөө абагында экинчи жолу туулган күнүн өткөрүүдө.

«Депутаттар Асел Кодуранова, Мурадыл Мадеминов жана Мухтар Айнакулов Алмазбек Шаршенович менен жолугушууга кирип жатышат. Биз экс-президентке эң жылуу куттуктоолорубузду берип жибердик. Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып аткан анын ТИЗО-1деги үзөңгүлөштөрү да куттуктоолорун жиберишти», — деп жазат Атамбаевдин тарапкери Кундуз Жолдубаева жогоруда аталгандардын бардыгы аны менен «аягына чейин» болушаарын убада кылып.

Атамбаев 2019-жылдын 9-августунда кармалган. Ал ошол убактан бери камакта, ортодон пневмониядан улам бир аз убакытка ооруканага которулуп кайра кайтарылган. 2020-жыл ичинде соттор өтүп, Атамбаевди кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу тууралуу иште «Коррупция» беренеси боюнча күнөөлүү деп табышкан. Мурдагы мамлекет башчысы 11 жылга эркинен ажыратылган.

Келе жаткан шайлоого мурдагы президенттин уулдары Кадыр менен Сеид да аттанып, алар атасынын тарапкерлерин ээрчитип баратышат. Алардын партиясы «Социал Демократтар» деп аталат, бирок партиянын эн белгиси А тамгасы, ал эми үгүт плакаттарына Алмазбек Атамбаевдин сүрөтү тартылган. Партия өзүн Сооронбай Жээнбековдун башкаруусунун «жападан-жалгыз оппозициясы» деп эсептейт.

Сооронбай Жээнбеков — Атамбаевдин президенттик кызматтагы мураскери. Мурдагы президент аны досум деп атап, мамлекет башчылык кызматка шайлоодо анын талапкерлигин сүрөп, ар тараптан колдогон. Шайлоодон кийин эки лидердин мамилеси бузулуп, Атамбаевдин кадрлары кызматтарынан алынып, аларга каршы антикоррупциялык кылмыш иштери козголгон. Ал эми мурдагы президенттин өзү абактан бошотулган кримтөбөл Батукаевдин кайра жанданган иши боюнча сурактарга чакырыла баштаган. Атамбаев сурактарга баруудан баш тартып туруп алгандыктан, анын Кой-Таштагы үйү штурмга алынып, ал укук коргоо органдары тарабынан кармалган.

«Арноо концерти» Атамбаевдин тарапташтарынын куттуктоосун кабыл албай койду