«Арноо концерти» Атамбаевдин тарапташтарынын куттуктоосун кабыл албай койду

КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Темирлан Султанбеков КТРК каналынын «Арноо концерти» программасына кайрылып, эфирден мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин «Кыргызстаным» аттуу ырын берүүнү суранышканын билдирди. 17-сентябрда Атамбаев 63 жашка чыгат.

«Ал белгилүү бир убакта телевизорду күйгүзүп, өзүнүн туулган күнүндө жок дегенде беш мүнөткө сүйүнүп калышы үчүн», — деп жазган Султанбеков.

Бирок КТРК Атамбаевди куттуктоого билдирмесин кабыл алуудан баш тартышкан. Телеканалдын башкы директорунун орун басары Жылдыз Жумабекованын айтымында, берүү «үч ай каникулда болгон» жана бул убакытта көптөгөн билдирмелер чогулуп калган.

«Берүү аптасына эки жолу чыгат. Жөнөкөй жарандардан келген билдирүүлөр абдан көп. Биз алардын баарын орундатууга жетишпей жатабыз», — деп билдирди ал.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бир нече иш, ошондой эле коррупцияга байланыштуу иш боюнча тергөөгө алынган. Ал УКМКнын тергөө абагында 26-октябрга чейин калтырылган. Ал мураскери Сооронбай Жээнбеков менен араздашуунун натыйжасында кармалган.