Кара-Кечеде көчкү түшкөндөн кийин айланып өтмө жол курула баштады

Транспорт жана жол министрлиги атайын комиссия 14-сентябрь күнү Нарын облусунун Дыйкан — Кара-Кече автожолунун көчкү түшкөн аймагын изилдеп чыкканын кабарлады. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен комиссия айланма жол салуу чечимин чыгарган, себеп дегенде көчкүнүн кесепеттерин тазалоого мүмкүн болбой калган.

Убактылуу айланып өтмө жолдун узундугу 3-3,5 чакырымды түзөт. Ал тоо боорундагы аскалуу жол аркылуу өтөт.

Жол куруу иштери 16-сентябрь күнү эртең менен башталды. Курулуш иштери жүргүзүлө турган аймакка керектүү техникалар тартылды.

«Убактылуу жол салуу үчүн: 4 экскаватор, 3 бульдозер, 4 самосвал, жана 20 тонна күйүүчү май талап кылынат. Бир тилкенин курулуш мөөнөтү 10-12 күндү түзөт», — деп билдиришти ведомстводон.

Нарын облусунун Жумгал районундагы Дыйкан — Кара-Кече жолунун 37-чакырымында тоо көчүп, жол тосулуп калган. Жабыркагандар жок. Жер көчкү Кара-Кече дарыясынын нугун бөгөп, электр зымдарын зыянга учураткан. Андан сырткары жолду жаап калган. Жумгал районунун Жарандык коргонуу комиссиясынын чечими менен аталган участкадагы кооптуу абалга байланыштуу каттам убактылуу жабылган.

Материалдын үстүнөн Милана Щербакова иштеди.