Нарын облусунун Жумгал районундагы Дыйкан — Кара-Кече жолунун 37-чакырымында тоо көчүп, жол тосулуп калды.

Социалдык тармактарда тоонун көчүп жаткан видеолору тарады. Анда видеону тартып жаткандардын бири тоо көчүп жолун боюнда аккан сууну бөгөп калганын айтканын угууга болот. Ошондой эле, тоонун башында шуштуюп чыгып турган зоолор дагы урап түшүп жатканы даана тартылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, жалпысынан 900 миң кубометр таш аралаш жер кыртышы түшүп, жолдун болжол менен 500-700 метр аралыгын ээлеп калган.

Өкмөттөн кабарлашкандай, Транспорт жана жолдор министрлиги тазалоо иштерин жүргүзүп жатат.

«Жер көчкү Кара-Кече дарыясынын нугун бөгөп, электр зымдарын зыянга учураткан. Андан сырткары жолду жаап калган. Нарын облусунун Жумгал районунун Жарандык коргонуу комиссиясынын чечими менен аталган участкадагы кооптуу абалга байланыштуу каттам убактылуу жабылды», — деп айтылат өкмөт тараткан маалыматта.

Алдын ала кабарлар боюнча жабыркагандар жок. Аталган тилкеге атайын эскертүү жол белгилери коюулуп, Кара-Кече көмүр ишканасынын жумушчуларына жана көмүр ташыган айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Кара-Кече көмүр кени Нарын облусундагы эң ири кендерден болуп саналат. Кендеги Кавак бассейнинде 17 компания иштейт. Алардын 16сы жеке менчик болсо, бирөө — «Кыргызкөмүр» мамлекеттики. Кара-Кеченин көмүрү Бишкектин ТЭЦине дагы ташылып келет. Модернизацияланган ТЭЦке Кара-Кеченин көмүрүн жагуу ылайкталган.