«Казынага 65 млн сом зыян келтирген». Экс-министр Чолпонбаев эки айга камалды

Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевди ТИЗО-1ге эки айга камакка алуу чечимин чыгарды. Башкы прокуратурадан экс-министр кызматтык абалынан кыянат пайдаланып, казынага 65 млн сом зыян келтирген деп билдиришти.

Буга чейин каржы полициясынан Чолпонбаев шалаакылыкка жана кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланууга шектелүүдө деп маалымат таратышкан. Бирок анда зыяндын өлчөмү 9 млн сом деп көрсөтүлгөн болчу.

«Саламаттык сактоо министрлигинин жооптуу адамдары элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгына каршы консультациялык кызмат көрсөтүүлөргө контракт түзүшкөнү аныкталды, ал мамлекеттик бюджетке 9 миллион сомго жакын суммада зыян келтирген», — деп жазылган мекеме тараткан билдирүүдө.

Ведомство 2020-жылы мартта медиктер үчүн жеке коргонуу каражаттарын сатып алууга жарыяланган тендерди текшере баштаган. Ал эми Чолпонбаев суракка 6-июлда чакырылган.

Экс-министр Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлерине карата коррупция жана айрым фармацевтикалык компаниялардын кызыкчылыктарын сүрөө фактылары боюнча ачылган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында суралган.

Аталган иш боюнча мурдагы вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова да финполицияга сурак берген.

Жеке коргонуу каражаттарын сатып алууга тендер 2020-жылы февралда, тактап айтканда, Кыргызстанда коронавирустун расмий бир да учуру каттала элек мезгилде жарыяланган. Ал учурда министрлик менен бирге өлкөдөгү эпидемияга даярдык көрө турган Республикалык штаб түзүлгөн. Ал медперсоналды коргоо каражаттары, аппараттар жана коронавирусту аныктоо үчүн тесттер менен камсыздашы керек болчу.

1-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков Космосбек Чолпонбаевди саламаттык сактоо министри кызматынан жана жана Алтынай Өмүрбекованы вице-премьер-министрлик кызматынан бошоткон.

Президенттин Коопсуздук кеңеши аларды өлкөдөгү коронавирустун пандемиясы учурунда «тийиштүү чараларды көрүшкөн эмес» деп «жоопкерчиликсиздикке» айыптаган.

Журналисттердин коргонуу каражаттарды жана жасалма дем алдыруучу аппараттарды сатып алуу тууралуу иликтөөсү

«ПолитКлиника» басылмасынын журналисттери медициналык керек-жарактар боюнча мамлекеттик сатып алуулар тууралуу иликтөө жүргүзүп, мамлекеттик органдар коргонуу каражаттарын, беткаптарды жана жасалма дем алдыруучу аппараттарды саламаттыкка тиешеси жок болгон компаниялардан кымбаттатылган баада сатып алышканын аныкташкан.

Журналисттер төмөнкүлөрдү жазышкан:

  • Базар баасы 30 сомдон 150 сомдон ашпаган бир жолу колдонулуучу беткаптардын бир даанасы 400 сомдон сатылып алынган;
  • Респиратордук беткаптар 300 сомдон сатылып алынган, бирок аны 5-6 эсе арзан сатып алуу мүмкүн эле;
  • Коргоочу костюмдар 6 миң сомдон сатылып алынган, бирок алардын базар баасы 2 миң сомдон ашкан эмес;
  • Жасалма дем алдыруучу аппараттар 2,5 млн сомдон сатылып алынган, бирок журналисттердин айтымында, аны интернет-дүкөндөрдөн 1 млн сомго сатып алса болот эле.

ТЕМА БОЮНЧА: Жөнөкөй маска 25 сом, коргоо костюму 6 миң сом. Коронавирустан кимдер пайда көрдү?