Бишкекте шайлоодо добуш сатпоого үндөгөн колго жасалып илинген баннерлер жок болуп кетти

Kyrgyz lads коомдук кыймылы таза шайлоо акциясынын алкагында добуш сатпоого чакырган колго жасалган баннерлерди илген. Баннерлерде «Сатылба», «Саткын болбо» жана «Эркиндиктин наркы — 1000-5000 сом» деген чакырыктар жазылган.

Баннерлер Лев Толстой көчөсү жана Байтик Баатыр, 7-апрель көчөсү жана Айтматов проспектиси менен кесилишкен үч көпүрөдө жайгаштырылган. Алар келе жаткан шайлоодо катыша турган партиялардын көрнөктөрүнүн алдына илинген болчу.

21-сентябрь күнү эртең менен Kyrgyz ladsстин бардык баннерлери жок болуп кеткен.

Акциянын уюштуруучуларын биринин айтымында, Айтматов көчөсүндөгү көпүрөгө илинген баннер милиционерлер тарабынан алынган болушу мүмкүн, себеп дегенде бул өкмөттүк жол жана күн сайын эртең менен ал жактан президент өтөт.

«Калган башка баннерлерди ким алып салганы белгисиз», — деди ал.

Бишкек ШИИБинен баннерлерди алардын кызматкерлери алганбы же жогун айтышкан жок.

Kyrgyz ladsстин колго жасалган баннерлери «Биримдик» жана «Мекеним Кыргызстан» партияларынын үгүт көрнөктөрүнүн алдыларына илинген болчу. Бул партиялар шайлоочулардын добуш берүү участокторун которуу жана добуштарды сатып алууга байланыштуу чууларда бир нече ирет аттары чыккан.

«Мекеним Кыргызстан» партиясын экс-бажычы жана «Клооп», «Азаттык» жана OCCRPнин Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 млн долларга байланыштуу иликтөөсүнүн фигуранты Райымбек Матраимов менен байланыштырышат. Бул партиядан ошондой эле шайлоого Матраимовдун агасы жана парламенттин учурдагы депутаты Искендер Матраимов аттанууда.

Ал эми «Биримдик» партиясын «бийликчил» деп аташат жана аны президент Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбеков менен байланыштырышат.

Парламенттик шайлоого 16 партия аттанды. Саясий бирикмелердин үгүт иш-чаралы 3-октябрга чейин уланат. Ал эми 4-октябрда парламенттик шайлоонун өзү өтө турган күн.