Жалал-Абадда лицейдин имаратында ашар жолу менен оорукана ачылды

Сүрөт: Талгат Абжалил уулу 

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда тургундардын каражатына оңдоо-түзөө иштеринен өткөрүлгөн бейтапкана 24-сентябрдан тарта оорулууларды кабыл ала баштайт. Сузак районунун акими Эрмек Омошев «Клоопко» билдиргендей, жугуштуу оорулар бейтапканасы 304 орунга ылайыкталган.

«Оорукананы ишке киргизүүгө 15 млн сом сарпталды. Бул каражатты ишкерлер жана тургундар демилгелеп чогултушкан. Бюджеттен акча алынган жок», — деди Омошев.

Аталган районго караштуу Ленин айыл аймагындагы №36 кесиптик лицейдин жатаканасын инфекциялык ооруканага айландыруу үстүбүздөгү жылдын июлунда башталган. Лицейдин эски имаратын капиталдык ремонттон өткөрүүнү жергиликтүү бийлик, жеке ишкерлер жана ыктыярчылар демилгелешкен.

Ошондой эле буга чейин Сузак жана Октябрь аймактык ооруканаларында жугуштуу оорулар бөлүмдөрүндө 20-30 гана орун болуп келген. Жаңы ишке берилип жаткан бейтапканага эки оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмдөрү көчүрүлүп, иштей баштайт.

Буга чейин Баткен облусунда Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун эски имараты оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, 90 орунга ылайыкталган жугуштуу оорулар бейтапканасы ачылган. Оңдоп-түзөө иштерине бюджеттен 12 млн сом бөлүнгөн.

Ошондой эле Ош облусунун Кара-Суу районунун Баш-Булак айылындагы эски кесиптик лицейин жугуштуу оорулар бейтапканасына айландыруу үчүн реконструкциядан өткөрүлүүдө. Анда 150 орундуу оорукана ачылат.

Кубатбек Боронов 28-июлдагы брифингде билдиргендей, COVID-19дун экинчи толкунуна даярдануу үчүн өкмөт муниципалдык имараттарды жугуштуу оорулар бейтапканаларына ылайыкташтырып жабдыйт. Бийлик июль айында коронавирус күч алып, ооруканаларда орун жетишпей калгандан кийин ушундай чечимге келген.