Коронавирус дагы 127 кишиден аныкталып, 101 киши сакайды

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабдан 24-сентябрда коронавирустун жаңы 127 учуру катталганын маалымдашты.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Ош облусу — 38;

Баткен облусу — 29;

Жалал-Абад облусу — 20;

Бишкек — 19;

Ош шаары — 8;

Чүй облусу — 4;

Ысык-Көл облусу — 4;

Нарын облусу — 2;

Талас облусу — 3.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 45 757ге жетти. Аймактар боюнча коронавирустун эң көп учуру Бишкекте катталды — 17 909. Ал эми Чүй облусунда — 5 516, Ош облусунда — 4 407, Жалал-Абадда — 4 516, Ысык-Көлдө — 3 961, Ош шаарында — 3 446, Баткенде — 2 790, Нарын облусунда — 1 742 жана Талас облусунда — 1 470 учур катталды.

Ошондой эле, акыркы суткада 101 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Сакайгандардын эң көбү Бишкек шаарынан катталды — 15, Жалал-Абад облусунан — 10, Ош облусунан — 17, Ош шаарынан — 13, Баткен облусунан — 20, Чүй облусунан — 9, Талас облусунан — 3 жана Ыссык-Көл облусунан — 14 бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 42 005 бейтап оорудан айыкты. Ооруканаларда 591 бейтап, ал эми үй шартында 1651 киши дарыланып жатат. Инфекция жалпы 1 063 адамдын өмүрүн алды.

Акыркы суткада алты медкызматкерден коронавирус аныкталды. Бишкек шаарында — эки, Ош шаарында — үч жана Ош облусунда — бир медик илдетке чалдыккан. Ал эми бир суткада беш медик айыкты жана 17 медик үй шартында дарыланып сакайды.

Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 3 214кө жетти, анын ичинен 2 896 медкызматкер илдеттен айыкты.