Бир туугандар Искендер Матраимов менен Райымбек Матраимов (солдо), журналист Кудрет Тайчабаров (ортодо) жана бир туугандар Нурбек Осмонов менен Айбек Осмонов (оң жакта). Сүрөт: Улан Асаналиев / «Азаттык»

Орусияда жүргөн журналист Кудрет Тайчабаров 23-сентябрда Кыргызстандын Ички иштер министрлигине Москвадагы өкүлчүлүгүнө суракка чакырылганын билдирди. Аны менен милиция «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» берүүсүндө «Мекеним Кыргызстан» партиясынын мурдагы лидери, ишкер Айбек Осмонов коркутууга кабылып, өлкөдөн чыгып кеткенин айткандан кийин байланышка чыккан.

Материалдын түп нускасы «Азаттык» үналгысынын сайтында жарык көргөн.

Осмоновго мурдагы бажычы Райымбек Матраимовдон кысым болгонун буга чейин «Ыйман нуру» партиясынын учурдагы лидери да айтып чыккан. Аталган партияны да Осмонов негиздеген. Бирок ишкер өзү коркутуулар болгонун четке кагууда.

Билдирүүдөн кийинки чакыруу

Кудрет Тайчабаров

ИИМдин Москвадагы өкүлчүлүгүнө чакырылганын журналист Кудрет Тайчабаров Фейсбуктагы баракчасына жазды. Ал өкүлчүлүктүн жетекчиси менен WhatsApp аркылуу жазышып, кийин видеобайланыш аркылуу сүйлөшкөнүн билдирди. Кыска кат алышуусунун скриншотун да жайгаштырды.

«Азаттык» 23-сентябрда Тайчабаров менен байланышкан учурда, ал жазгандарын ырастап, муну бир күн мурунку эфирдеги билдирүүлөрү менен байланыштырды. Журналисттин айтымында, буга чейин ага карата ар кандай коркутуулар болгондуктан ал ИИМдин Москвадагы өкүлчүлүгүнө кайрылган. Укук коргоочулар болсо андан расмий арыз менен кайрылуусун айтып, факт берүүсүн суранышкан.

«Мен эми аңдып аткандар боюнча кантип далил бермек элем, коркутуулар түрдүү формада болуп жатса деп калып калгам. Алар “бир нерсе болсо айт” дешкен. Эми кечээ “Азаттыктын” эфири бүтөөрү менен чалышты. Алгач албай койдум, кийин видео чалуу кылып сүйлөштү. Сүйлөшүүбүздү башка телефонго тартып, керектүү кишиге отчет катары беришти окшойт. Эмне үчүн чакырылып жатканымды ачык айтышкан жок. Бирок мен эфирде ачык айтып салбадымбы “1990-жылдардагы криминалдар азыр бийликте отурушат” деп, ошол сөз катуу тийиши мүмкүн. Андан кийин Айбек Осмонов жөнүндө эч ким билбеген маалыматты ачык айтып койгонум себеп болду окшойт. Мага ишенимдүү булактарым ошол маалыматтарды аныкташ үчүн да мени кармашы мүмкүн дешти», — деген Тайчабаров.

«Азаттык» бул маалыматты тактоо үчүн Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Нурлан Жаанбаевге байланышып, бирок комментарий ала алган жок. Жаанбаев ага «Азаттык» радиосунан чалып жатышканын угаары менен телефонун өчүрүп койгон.

Бакыт Сейитов

ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов алардын өкүлү журналистке көмөк көрсөтүү үчүн байланышканын, сурак кылуу максаты болбогонун билдирди. Сейитов ИИМдин Москвадагы өкүлчүлүгү кыргызстандыктар менен байланыштуу кылмыштар боюнча иш алып барганын да кошумчалап, кыргыз жарандары кандайдыр бир коркунучка кабылса укук коргоочулар жардам берүүгө даяр деп ишендирди.

«Биздин өкүлчүлүктүн кызматкери коомчулукка жарыяланган маалыматтарды окуп, көрүп-билгенден кийин Кудретке чалган. Аны расмий түрдө эмес, “эгер кандайдыр бир маалыматыңыз болсо же сизге коркунуч жаралса, бизге кайрылыңыз, сизге мыйзам чегинде жардам беребиз” деген мааниде кайрылган. Орусиянын аймагында биздин өкүлчүлүк эч кандай сурак жүргүзө албайт, бул жерде сурак же коркутуп-үркүтүү деген маселе жок. Муну саясий маселелер менен да байланыштыруунун кереги жок», — деген Сейитов.

«Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» берүүсүнүн шайлоодогу криминалдын ролу талкууланган 22-сентябрдагы чыгарылышында Орусияда жүргөн журналист Кудрет Тайчабаров видео аркылуу байланышка чыккан. Анда ал өзү кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн коркутуусунан улам бир жыл мурда өлкөдөн чыгып кеткенин айтып, бул көрүнүш азыркы саясий жарышта да болуп жатканын жарыя кылган.

Мындан сырткары, журналист «Мекеним Кыргызстан» партиясы анын негиздөөчүсү Айбек Осмоновдон «күч менен тартылып алынганын» белгилеп, бул окуяга криминалдын байланышы бар деп билдирген. Кийинчерээк Осмонов «Ыйман Нуру» партиясын негиздеген.

«Айбек Осмоновдон «Мекеним Кыргызстан» партиясын күч менен тартып алышкан. Акча сунушташканда, Осмонов сатпай койгон, андан кийин криминалды салышкан. Айбек Осмонов “Ыйман Нуру” партиясын түптөсө, анын артындагы 50 миңдей адам кетип калбасын дешкен. “Эгер дагы аралаша берсеңер мобулар кетет” деп, тизме берген. Ошол себептен Айбек Осмонов өлкөдөн чыгып кеткен. Анын жакындары да өз коопсуздуктарын ойлоп, ар кайсы чараларды колдонушкан. Менин өлкөдөн чыгып кетишимдин себеби да ушундай болгон. Айрым коррупционерлер жөнүндөгү маалыматтарды журналисттерге берип койгонум үчүн жасалма кылмыш ишин козгоп “камайбыз” дешкен. Андан кийин мага акча, мандат сунуш кылышты. Андай азгырыктарына макул болбой койгонумдан кийин артыман криминалдарды салышты. Ушул убакка чейин артымдан түшкөндөр бар. Бирок мен андан деле коркпойм. Жалпы эл ойгонуп, өлкөнү криминалдан толук тазаламайынча парламенттик шайлоону таза өткөрө албайбыз, жашообузду оңдой албайбыз. Себеби учурда мамлекеттин башында, бийликте турган турган адамдар өздөрү 1990-жылдары криминал болушкан», — деген Кудрет Тайчабаров «Азаттыктын» түз эфиринде.

«Азаттык» Айбек Осмоновдун өзү менен байланыша алган жок. Бирок 23-сентябрь, кечке жууктап фейсбукта анын кыскача видеокомментарийи тарады. Анда ал окуяны жалпылап гана баяндап, өзү тууралуу маалыматтарды төгүндөгөн. Тасма Бишкек шаарындагы Ата-Түрк паркында тартылган.

«Буга чейин бизнес долбоорлорум менен сыртка чыгып-келип эле жүрөм. Жакынкы арада да чыгып келгем, мындан кийин деле чыгам. Мен эч жакка кеткен жерим жок, биротоло кетейин деген да оюм жок. Мен бир гана Алладан корком, башка эч кимден коркпойм, корко турган да нерсем жок. Шайлоого барбай калган себебим, менин бир тууган иним Алымов Жанарбек Жапарович “Мекеним Кыргызстан” партиясынан Жогорку Кеңешке аттанды. Мен ошого жардам берейин деген максатта, бизнес менен алектенейин деп, ошого барбадым», — деген Айбек Осмонов.

Осмоновдор баяны

Айбек Осмонов

Маалым болгондой, Айбек Осмонов жана анын бир тууганы Нурбек Осмонов — «Мекеним Кыргызстан» партиясынын негиздөөчүлөрү болуп саналат. Алар аталган партия менен буга чейин Ошто жана Бишкекте шаардык кеңештерге шайлоодо жеңишке жетишкен.

Осмоновдор быйылкы парламенттик шайлоого алгач «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен аттанганы белгилүү болгон. Кийинчерээк андан бөлүнүп, «Ыйман Нуру» партиясы менен бара турганы кабарланган. Ошондо коомчулукта «Мекеним Кыргызстанды» бир тууган Осмоновдордон тартып алышканы тууралуу маалымат тараган.

«Ыйман Нуру» партиясынын саясий кеңеши 14-августта билдирүү таратып, уюмдун жетекчилиги кысымга кабылганын жарыялаган. Алгач партия шайлоого катышуудан да баш тартканын билдирген. 17-августта «Ыйман Нуру» саясий партиясынын төрагасы Айбек Осмонов билдирүү таратып, партия лидерлигинен кетерин жана алдыдагы шайлоого катышпай турганын маалымдаган.

«Мен өзүм үчүн депутаттык мандатсыз эле элге жана Кыргызстанга пайда келтире алам деген ойго келдим. Келечекте өлкөбүздү өнүктүрүү жана ири инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашыруу боюнча чоң пландарым бар», - деп жазылган Осмоновдун ошол учурдагы билдирүүсүндө.

Мындан кийин «Ыйман Нуру» партиясын ишкер Чыңгыз Макешов менен маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков баштап чыккан.

Чыңгыз Макешов

5-сентябрда журналист жана блогер Майраш Базлакунованын «Youtube» порталындагы каналына курган маегинде Чыңгыз Макешов партиянын негиздөөчүлөрүнө куугунтук болгонун ачык айткан эле.

«Бул партияда менин тааныш-санаалаштарым бар болчу. Бир күнү Учкун Ташбаев телефон чалып, “партия куруп жатабыз, кандай дейсиң” деди. Партиянын негиздөөчүлөрү менен жолукканда алар “биз Райымдан бөлүнүп, өзүнчө партия менен чыгып жатабыз” дешти. Ошентип аларга макулдугумду бердим. Негиздөөчүлөрүбүздүн бирине Райым тарабынан басым жасалды. Ошондо “шайлоого барабыз, барбайбыз” деген маселе чыгып калды. Башка мүчөлөр “силер чыксаңар чыккыла, биз шайлоого барабыз, аягына чейин күрөшөбүз” деп айтышты. Ошентип шайлоого бармай болдук. Азыр Айбек Осмонов партиядан да, саясий кеңештен да чыккан. Биз жаңы лидер шайлап, жаңы саясий кеңеш түздүк», — деген Чыңгыз Макешов.

16-сентябрда КТРКдагы дебат учурунда «Ыйман Нурунан» талапкер болгон Шумкарбек Адилбек уулу «Куугунтук болду. Райымбек Матраимов тарабынан куугунтук болду. Ошондон кийин Айбек мырза биздин партиядан чыгып кетти» деп айткан.

18-сентябрда болсо ЭлТР телеканалындагы дебатта партиянын лидери Нуржигит Кадырбеков да Осмоновдун партиядан чыгып кеткенин комментарийлеп, муну «түшүнүксүз жагдай» деп атаган.

Бирок Юстиция министрлигинин реестринде партиянын төрагасы катары азыр да Айбек Осмонов көрсөтүлүп турат.

Искендер Матраимов

Ал эми мурдагы бажычы Райымбек Матраимовдун бир тууган агасы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов анын иниси «Мекеним Кыргызстан» партиясын тартып алганын жана Айбек Осмоновду коркутканын төгүндөп жатат. Искендер Матраимов азыр өзү ушул «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен шайлоого баратат.

«Айбек Осмонов азыр Кыргызстанда эле жүрөт. Мен кечинде сүйлөштүм. Ал ушул тема боюнча өзү да билдирүү жасайм деп даярданып жаткан. Партияны эч ким тартып алган эмес. Айбек Осмоновдун бир тууган иниси, бир тууган таякеси азыр биздин партия менен шайлоого баратат. Анан кантип тартып алган болобуз? Кудрет Тайчабаров деген бала Кыргызстанда эмес экен, ар кимден карыз болуп сыртка чыгып кетиптир. Мен аны менен тааныш болбосом, болбогон нерсени эмнеге айтып чыгып жатат, түшүнбөдүм. Жалпы хайпка кошулуп алып эле, ошондой билдирүү жасап жатат окшойт. Дагы айтам, эч ким эч кимди коркуткан эмес. Азыр бирөөнү коркута турган заманбы? Азыр Кыргызстанда эч ким эч кимден коркпойт», — деди Искендер Матраимов.

Айбек жана Нурбек Осмоновдор «Ихлас» соода маркасына ээлик кылган бир нече курулуш компаниялардын да кожоюндары. Ага-ини Ош шаарында электромобил чыгаруучу завод, текстил фабрикасын, Баткенде өрүктү кайра иштетүүчү завод жана текстил фабрикасын курушкан.

Президент Сооронбай Жээнбеков Ошто жана Баткенде өткөн иш сапарында бул ишканалардын ачылышына катышып, ишмердиги менен таанышкан.