«Ыйман Нурунун» теңтөрагасы «Матраимов тарабынан басым жасалганын» тастыктады

«Ыйман Нуру» партиясынын теңтөрагасы Чыңгыз Макешов журналист Майраш Базлакуновага маек куруп, анда партия кантип негизделгенин жана кандай кыйынчылыктарга туш болгонун айтып берди.

Макешовдун айтымында, аны Учкун Ташпаев «Ыйман Нуру» партиясына чакырган.

*Учкун Ташпаев — Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы башчысы. Ташпаев 2012-жылдын декабрь айында УКМК тарабынан колго түшкөн — аткаминер Бакиевдердин убагында алтын казуучу компаниялар менен мамлекетке пайдасыз контракт түзүүгө жана шалаакалыкка айыпталган. Ал эми сот аны күнөлүү деп табып, беш жылга жатак абагына кескен.

«Партиянын негиздөөчүлөрү [Айбек Осмонов] менен жолукканда алар айтты: “Раимден [Матраимовдон] бөлүнүп, өзүнчө партия куруп жатабыз”. Ошондуктан мен аларга макулдугумду бердим. Негиздөөчүлөрдүн арасында уурдабаган, акчаны адал тапкан адамдар чогулган», — деди Макешов.

Алгач жеке ишкер Айбек Осмонов «Мекеним Кыргызстан» партиясын негиздеп, алар менен кошо парламенттик шайлоого талапкер болгон. Бирок белгисиз себептерден улам ал партиядан чыгып кетип, «Ыйман Нуруну» негиздеген.

Учурда «Мекеним Кыргызстанды» Мирлан Бакиров жетектеп келет, бирок партия Матраимовдордун үй-бүлөсүнө таандык деп айтылып келет. Мисалы партиянын талапкерлеринин арасында депутат Искендер Матраимов, анын үй-бүлөсүнө таандык «Исмаил Ата» кайрымдуулук фондунун өкүлү Элнура Алканова жана Матраимовдордун жактоочусу Канатбек Азиз бар.

Көп өтпөй Осмонов «Ыйман Нуру» партиясынан да кетип, шайлоого катышпай турганын билдирген. Партиянын мүчөлөрүнун бири Михаил Халитов аларга «бажыны башкарган» бир адам кысым кылып жатканын айткан.

Макешов курган маегинде, Айбек Осмоновго басымды бажы төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов жасаганын тастыктады.

«Негиздөөчүлөрдүн бирине Раим [Матраимов] тарабынан басым жасалды. Ошондуктан “шайлоого барабыз же барбайбыз” деген суроолор пайда болгондо, биздин башка мүчөлөрүбүз каршы чыгышты. “Силер чыксаңар чыга бергиле, биз шайлоого барабыз жана аягына чейин күрөшөбүз” дешти. Адилеттүүлүк үчүн, Кыргызстандын өнүгүүсү үчүн биз жаныбызды берип шайлоого катышабыз», — деди Макешов.

Матраимовдор деген ким?

Матраимовдордун үй-бүлөсү — өлкөдөгү эң таасирдүү кландардын бири.

2019-жылдын май айында «Азаттык» радиосу Кыргызстандан 700 млн доллар чыгарылып кеткени тууралуу жана буга Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн тиешеси болушу мүмкүндүгү жөнүндө иликтөө чыгарган.

Кийинчерээк Матраимовдор каражаттардын чыгарылышына тиешеси бар деген маалыматты төгүндөп, ал эми финпол журналисттердин жүйөлөрүн текшерип чыгып, чет өлкөдөн Матраимовдордун мүлкү табылбаганын билдирген.

2019-жылдын күз айларында OCCRP, «Азаттык» радиосу жана «Клооп» «Жибек жолундагы аткезчилик, коррупция жана кландар» аттуу журналисттик иликтөө чыгарышкан. Анда журналисттер кытайлык ишкер Хабибула Абдукадырдын Матримовдор менен байланышы жөнүндө айтып беришкен.

Журналисттерге маалымат берген Айэркен Саймаити өлкөдөн 700 млн долларды мыйзамсыз чыгарып кеткенин мойнуна алып, коррупциялык иштер ошол маалда бажы башчысынын орун басары болуп иштеген Райымбек Матраимовдун жардамы менен уюштурулганын айткан. Иликтөө чыгаардан 11 күн мурда Саймаити Стамбулда киши колдуу болгон. Ал Абдукадыр кланы менен мамилеси бузулганына байланыштуу акыркы жылдары Стамбулда жашап келген.