Бишкекте бийликчил делген «Биримдик» партиясынын лидери Марат Аманкуловдун 30 жылдык көз карандысыздыктан кийин өлкөгө «ойлонууга жана кайтууга мезгил жетти» деп айткан сөздөрүнө каршы акция болуп өттү. Ал акцияга эң аз дегенде жети партиянын талапкерлери жана кайдыгер эмес кыргызстандыктар катышты.

Иш-чарада микрофон алып, сөз сүйлөгөндөр өлкөнүн көз карандысыздыгы үчүн күрөшүүгө даяр экенин билдиришип, шайлоочуларды добуш сатпоого жана өзүнүн өлкөсүн пайда көрүү үчүн сатып жиберүүгө даяр болгондорго добуш бербөөгө чакырышты.

Соцтармактарда митингдин видеотрансляциясынын алдында фейктер чогулуп, Марат Аманкулов менен «Биримдик» партиясынын дарегине мактоо сөздөрүн жазып, митингдин катышуучуларын жамандашты.

Митингде УКМКга даректелген арызга кол топтошту. Ал арызда акциянын катышуучулары ведомстводон саясатчынын айткандарына баа берүүнү талап кылышты. Жалпысынан иш-чара тынч өттү, партия өкүлдөрү да, активисттер да чыгып сөз сүйлөштү. Айрымдары Аманкуловдон кечирим суроону талап кылышса, башкалары бул аздык болот деп, депутатты жоопкерчиликке тартыш керек экендигин айтышты.

Видеотрансляцияны толугу менен бул шилтеме аркылуу өтүп көрсөңүз болот.