Amnesty International эл аралык уюму коронавируска каршы күрөшкөн кыргыз медиктеринин укуктары бузулганы тууралуу билдирди.

Amnesty International Кыргызстандагы медиктердин укуктарынын бузулушу тууралуу баяндамасын жарыялады. Баяндама даярдалып жатканда Amnesty International алты врач, эки медицина эксперти, бир мед айым, ооруканалардын биринин башкы дарыгери, соттук-медициналык эксперт жана бейтапканаларга дары-дармек менен өтө зарыл жабдууларды сатып алуу үчүн каражат топтогон үч ыктыярчы менен маектешкен. Булардын ичинен бирөө гана атын атоого макулдугун берген. Калгандары кысымга кабылбаш үчүн жашыруун калууну өтүнүшкөн.

Кыскача:

«COVID-19га каршы күрөшүүдө кыргызстандык медиктер өз өмүрүн тобокелге салып иштешти. Алар дем алышсыз бир нече сутка иштеп, убадаланган кошумча акчасын ала албай, карантин маалында “абактагыдай” шартта кызмат кылышты»,— деп аталган уюм билдирди .

Amnesty International медиктер арасында көз жумгандар тууралуу расмий маалыматтар расмий эмес булактардан кескин айырмаланганын байкашкан. Бул уюмдун суроолоруна жооп берген медиктер, иш орундарындагы оор шарттар тууралуу — суткалап иштегенин, бир ай ичинде күнүнө 2-3 саат укташканын, андан кийин казарма шартындагы карантинди «түрмөгө» салыштырышкан.

«Кыргызстанда врачтар каармандык менен иштешти, күн сайын өмүрлөрүн тобокелге салып бейтаптарга жардам берип, көп учурда өмүр үчүн өтө зарыл болгон дарылар жок болуп турду. Бийлик тараптан тиешелүү колдоо болгон жок. Алар ыктыярчылардын гана жардамына үмүт артышты. Мындай эмгек бааланган жок. Алардын укуктары тебеленди, акчаларын толук алышкан жок, көпчүлүгүнө көйгөйдү айтып чыгууга тыюу салып, жазалайбыз деп коркутушту», – деп Amnesty International уюмунун борбор Азия боюнча изилдөөчүсү Хеза Макгилл билдирет .

Кененирээк:

Каржылоонун жоктугу

Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагы жылдар бою жакшы каржыланбай келген. Мындан улам эпидемия учурунда ашыкча жүккө туруштук бере албай калды.

«Ооруканалар менен бейтапканалар, өзгөчө аймактардагы имараттар оор абалда. Ал жакта эң зарыл деген жабдуулар жокко эсе, болсо дагы иштен чыккан. Amnesty International суроо салгандардын бардыгы кыйроо алдындагы оорукана имараттары тууралуу айтышкан», — деп жазылат баяндамада.

Коронавирус менен курөшүү учурунда бейтапканаларда коргонуу каражаттары жетишсиз болгон.

«Пандемия менен күрөшүүдө баатырдык менен алдыңкы катарда кызмат кылып жүргөн саламаттык сактоо кызматкерлеринин көпчүлүгү талапка жооп бербеген коргонуу каражаттарынын кесепетинен жана атайын коргонуучу кийимдердин жоктугунан ооруу жугузуп алышкан...», — деп жазылган баяндамада.

Сурамжылоого катышкан медиктер пандемиянын башында эч кандай коргоочу каражаттарсыз эле иштегенин эскеришет. Кийин алып келинген кийим-кечектин сапаты өтө начар болгон.


Коргонуу каражаттарынын сапаты ыктыярчылардын жардамы менен жакшырган. Алар коргонуу каражаттарын сатып алып, аларды медиктерге жеткирип берип турушкан.


«Дагы бир көйгөй Саламаттык сактоо министрлигиCOVID-19га чалдыккандар менен түздөн-түз иштеген “кызыл” аймактагы медиктер менен кадимки шартта “кызыл аймакка” кирбей иштеген медиктерди бөлүп караганы дагы көйгөй жараткан. Экинчилеринин өмүрүнө коркунуч жок деген жүйөө менен аларга СИЗ костюмдарын таркаткан эмес. Бирок мындай кадам таптакыр туура эмес», — деп уюм белгиленген.

Сурамжылоого алынган медиктер, кадимки палаталардагы врачтар түрдүү бейтаптар менен коргонуусуз иштеп жүрүшкөн. Кийин алардан коронавирус же пневмония аныкталган. Жыйынтыгында медиктер дагы ооруга чалдыгышкан.

Иштөө шарттары

«Бардык врачтардын көйгөйү бул эс алуу болгон. Тынымсыз иштегенде ооруну жуктуруп алуу ыктымалдуулугу жогорулайт. 14 күн иштеп, 14 күн эс алмай. Бирок карантиндеги 14 күн жардам бере албайт. Бир эле эс алуу жолу — төшөктө жатмай», — дейт респонденттердин бири.

Amnesty International медиктердин жүгү пандемия учурунда оорлогонун жазат. Алар казармалык шартта жашап, тынымсыз иштеп, айлап жакындарын көрбөй калышкан.

«Башында он төрт күндүк жумуш күндөрү төрт сааттык жумушчу периодго бөлүнүп, алар бүткөн соң 16 саат эс алуу каралган. Бирок оору жуктургандардын саны өсүп, саламаттык сактоо тармагынын алы жетпей, врачтар арасында ооругандар көп боло баштаганда жумуш сааты дагы көбөйө берген», —деп жазылат баяндамада.

Иштөө шарты гана эмес, карантинде жашоо дагы оор болгон.

«Жашоо шарты бардык ыңгайлуулуктар каралган мейманканадагыдай эмес. Негизи врачтын өзүнчө бөлмөсү болуп, ал эч ким менен контакт болбошу керек эле. Биз болсо 10-12 адам бир бөлмөдө уктап аттык. Ошондуктан дагы врачтарга оору жугуп жатты», — деп айтып берди медиктердин бири.

Дагы бир маселе - медиктерди пандемия менен күрөшүү үчүн эмгек өргүүсүнөн зордоп чакыртып алышты.

«Мени эс алууга чыкканыма карабай чакыртып алышты. Эгерде баш тарта турган болсом, жумуштан кетиребиз дешти. Ал (улук медайым) мага кыйкырып, бул башкы врачтын буйругу экенин айтты», — дейт сурамжылоого катышкандардын бири.

Ошол эле учурда, эмгек кодексине ылайык, медиктер өмүрүнө коркунуч келген шартта иштөөдөн баш тартууга акылуу эле.


«Алар биздин боорукерлигибизден колдонушууда. Бул врачтын милдети деген шылтоо менен элементардык шарттарды түзбөстөн иштетип жатышат. Кесиптештерим иштеп жаткан шартты көрүп, аларды аяп кетем. Бейтаптар менен кесиптештеримдин абалын көрүп, айласыздан жумушка чыкканга ашыгам», — деген оюн сурамжылоого катышкан медиктердин бири айткан.


Медиктерди кемсинтүү

«Amnesty International уюму айрым саламаттык сактоо тармагынын кызматкерлери иштеген оор шартын, айлыгынын аздыгын, пандемия учурунда өмүрүн тобокелге салып, ашыкча иштегендерин коомчулукка чыгаргандыгы үчүн себепсиз жумуштан айдалып, кемсинтүүлөргө кабылганын аныкташкан. Мындай регрессивдүү чараларды COVID-19 падемиясынын шартында дагы актаганга болбойт» — деп жазат уюм.

Кыргызстандык медиктер — өлкөдөгү эмгеги эң арзан бааланган адистердин катарына кирет. 2005-жылы медиктердин маянасы өлкө боюнча орточо айлыктан ылдый болбошу керек деген «Кыргызстандын жарандарынын ден соолугун коргоо жөнүндөгү» мыйзам кабыл алынган. Бирок ага карабай, демилге ишке ашкан эмес.


Пандемия учурунда оору жуктуруп алган медиктерге кошумча акча жана компенсация төлөөнү убада кылышкан — бирок биринчисин күтүү, экинчисин талап кылуу кыйынга турган.


«Бизге канча акча төлөп берет билбейбиз. Болгону баргыла иштегиле деп айтышкан. Башкасын билбейбиз», — дешти медиктер кошумча төлөмдөр тууралуу.

Amnesty International сурамжылоого алган медиктер коронавирус жуктуруп алгандан кийин компенсация алуу үчүн алардан ооруну иш учурунда жуктурганын далилдеп берүүсүн талап кылышканын айтып беришкен.

Статистиканы төмөндөтүү

«Саламаттык сактоо кызматкерлери көз жумушууда. Бирок такталбаган статистикалык маалыматтар өкмөт тарабынан тийиштүү чараларды көрүүгө жолтоо болууда», — деп жазылат баяндамада.

Amnesty International расмий бийлик медиктер арасындагы өлүмдөр тууралуу айткан маалымат менен ыктыярчылар жана журналисттер топтогон эскерүү тизмелери дал келбегенине көңүл бурушкан.

«COVID-19ду жугузган жана андан көз жумган саламаттык сактоо кызматкерлери тууралуу маалыматтар өтө маанилүү. Алар бул пандемия адамзат үчүн кандай жоготууларды алып келгенин билдирген эскерүү болуп калат. Өзгөчө оору менен алдыңкы катарда алышкан медиктер жана алардын жакын адамдары тууралуу», — дейт аты аталган уюм.

Amnesty International уюму медиктер арасындагы курман болгондор тууралуу маалыматтарды тактап, иштеген жерин, гендердик айырмачылыгын, керек болсо этникалык айырмачылыгын жазып чыгуу керек дешет. Мындай кадам менен бийлик пандемиянын таасирин тийиштүү деңгээлде баалап, кандай стратегияны колдонуу керектигин аныктаса болот.

ТЕМА БОЮНЧА: