«Медиктерге кенемте төлөөдөн баш тартышты» — юристтер текшерүү жүргүзүүнү талап кылышты

Көптөгөн медиктер Саламаттык сактоо министрлиги убадалаган компенсацияны ала албай, жардам сурап «Адилет» укуктук клиникасына кайрылышты. Юристтер башкы прокурордон текшерүү жүргүзүүнү талап кылды.

Клиниканын башчысы Чолпон Жакупова ага саламаттык сактоо мекемелеринин жетекчилиги медиктерге кенемте төлөп берүүгө тоскоолдук жаратып жатышканы тууралуу билдирүүлөр түшкөнүн «24.kgге» кабарлады.

«Саламаттык сактоо министрлигинин комиссиясы документ чогултканын токтотту же ал тургай үч бейтапты алып келүүнү талап кылууда — медкызматкердин тек гана ошолордон оору жуктурганын далилдөө үчүн», — дейт Жакупова.

Анын айтымында, медицина кызматкерлеринен жана коомдон компенсация берүү маселесин жөндөгөн документтердин баарын жашырып жатышат.

«“Адилеттин” аталган документтердин көчүрмөлөрүн берүү тууралуу түздөн-түз сурамы өкмөт тарабынан да, Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан да жоопсуз калтырылды», — деди ал.

Парламенттин экс-депутаты мамлекет медкызматкерлерди «бетпактык менен сатты» деп эсептейт. Ал Башкы прокуратурадан кенемте төлөө процессин текшерүүнү талап кылды. Ошондой эле Жакупова чындап эле документ кабыл алуу мөөнөтү чектелүү же чектелүү эместигине, эгер андай болсо бул кимдин идеясы жана жоопкерчилиги экенине кызыкты.

«Өкмөттүн жана Саламаттык сактоо министрлигинин позициясы президент Сооронбай Жээнбековдун саясатына каршы келет. Ал “медиктерге компенсациялык төлөмдөр өз убагында жана толук өлчөмдө берилиши камсыздалышы керек” деп бир нече жолу билдүү жасаган», — деп белгиледи клиниканын башчысы.

«Жөн бербей кыйнашууда»

Чолпон Жакупованын айткандарын «Клооптун» медиктердин арасындагы булактары да бышыктап беришти.

«Биз документтердин бир тизмесин чогултуп, алып барып бердик. Бизе документтерди кайтарып, башкача жазгыла, тиркелүүчү документтердин тизмеси өзгөрүп кетти деп айтышты. [...] Мындан тышкары, ооруп калган күндөргө бейтаптардын үч көчүрмөсүн тиркеш керек деген талап бар эле», — деп билдирди биздин булак. Анын айтымында, көптөгөн медиктер «компенсация үчүн күрөшкөн», бирок айласы кеткенде кол шилтеп кала беришкен.

«Жөн бербей кыйнашууда» , — дейт ал документ топтоо жана тапшыруу процесси тууралуу. Ал кенемтелер алгач мобилдик бригадаларга, андан кийин стационарлардын кызматкерлерине, андан соң поликлиника кызматкерлерине берилээрин, алардын бардыгында коронавируска тапшырган тести оң болушу керектигин айтат. Андан кийин гана кенемтелер коронавирус пневмониясы барларга берилет.

Ал эми поликлиника кызматкерлери президентке, премьер-министрге жана Саламаттык сактоо министрлигине кайрылуу жолдошту.

Алар кайрылууда жумуштун кыйынчылыктары, анын ичинде коргонуу каражаттарынын жетишсиздигин айтып беришти. Алар далай жолу коргонуусу жок иштөөгө аргасыз болгонун кошумчалашты.

Алар бир катар талаптарды айтышты — саламаттык сактоонун биринчи деңгээлиндеги ишти санитардык-карантиндик аймактын ишине теңдеп таануу, себеп дегенде оору жуктургандар дал ошол поликлиникаларга кайрылышат; медперсоналды жеке коргоочу каражаттары менен камсыздоо; ҮМБ кызматкерлеринин бардыгына ээлеген кызматтары боюнча төрт айлык акысынын, ал эми поликлиникалардын кызыл аймакта иштеген кызматкерлеринин 10 кызматтык айлыктарынын өлчөмүндө акчалай кенемтелерди төлөп берүү; коронавирус инфекциясын жуктуруп айыккан ҮМБ кызматкерлеринин дарыланууга кеткен чыгымдарын жана буйрукка ылайык моралдык кенемтени төлөп берүү, толук кандуу медреабилитацияны камсыздап берүү.

«Күзүндө коронавирус инфекциясынын экинчи толкуну болушу күтүлүүдө. Саламаттык сактоо министрлиги менен Кыргызстандын өкмөтүнүн коронавирус инфекциясынын биринчи толкунуна алы жеткен жок. Кыргызстан экинчи толкунду кантип тосом деп жатат?» — деп суроо салышты алар.

Сапатсыз жол-жоболоштурулган документтер

Саламаттык сактоо министрлиги мекемелердин жетекчилери компенсациялардын төлөнүшүнө тоскоолдук кылып атканын четке какты.

«Бүгүнкү күндө 144 кызматкерге 200 миң сомдон төлөнүп берилди, ошондой эле 21 каза болгон кызматкердин үй-бүлөлөрүнө 1 миллиондон [төлөндү]», — деп билдиришти министрликтен.

Комиссиянын төрагасы, министрдин орун басары Мадамин Каратаев компенсацияларды төлөө үчүн документтерди чогултуу токтогонун жана оору бейтаптардан жукканын далилдөө талап кылынып атканын төгүнгө чыгарды.

«Кенемте төлөп берүү саламаттык сактоо уюмдары тарабынан талап кылынган документтер толук берилбей жана сапатсыз толтурулгандыктан кечиктирилип жатат. Документтер толук берилген учурда төлөм коммиссиялык чечим чыгарылгандан кийин жүргүзүлөт», — деп белгиледи комиссиянын төрагасы.

Жалпысынан Саламаттык сактоо министрлигине 1500 арыз келип түшкөн. Алардын ичинен 829у текшерүүдөн өткөн. Калгандары учурда комиссия тарабынан каралууда.

Министрликтен компенсацияларды төлөө үчүн кошумча 100 млн сом бөлүп берүү долбоору даяр экенин билдиришти. Документ макулдашуудан өтүүдө.

Саламаттык сактоо министрлигиндеги кенемте бөлүштүрүү боюнча комиссиянын жетекчиси Индира Турганбаева мурдараак «Азаттыкка» курган маегинде кенемте алууга тапшырылган билдирмелер эмнеге кабыл алынбай жатканын түшүндүрүп берген. Ал дарыгерлер акча алыш үчүн документтерди дайыма туура эмес толтуруп коюп жатышканын айткан.

«Чоң сумма тууралуу сөз болуп жатат — 200 миң сом. Эгер бир жерде ката кетсе, ошол эле укук коргоо органдары эртең кылмыш ишин козгой алышат. Биз медиктердин кызыкчылыктарына гана иштейбиз».

COVID-19: Кенемте дарыгерлерге толук жете элек

Тексттин үстүндө иштеген: Амина Кадралиева