Өмүрбек Бабанов жана Руслан Казакбаев.

«Республика» партиясы 2007-жылы түптөлгөн. 2010-жылы 5-июнда саясий бирикменин кезексиз жыйынында лидерликке бизнесмен Өмүрбек Бабанов шайланган. Ошол эле жылы күзүндө «Республика» парламентке өтүп, 23 мандат алган.

Ошол маалда азыр белгилүү болгон саясий ишмерлер партиянын атынан алгач депутат болуп келип, саясатка жаңыдан киришкен. Алардын арасында вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков, «Республика» фракциясын дээрлик эки жыл жетектеген «Кыргызстандын» учурдагы лидери Канат Исаев, «Мекеним Кыргызстандын» лидери Мирлан Бакиров, экс-депутат жана БШКнын мүчөсү Тынчтык Шайназаров, ошондой эле «Бир Бол» партиясынан учурдагы депутат Исхак Пирматов бар.

Алардан тышкары Жогорку Кеңештин V чакырылышында «Республиканын» катарында учурда парламентке «Бир Болдон» аттанган Алтынбек Сулайманов жана «Өнүгүү Прогресс» партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев да болгон.

Парламенттик шайлоого катышуу үчүн 2015-жылы партия «Ата-Журт» саясий партиясы менен биригүүнү чечкен. Ошентип 2014-жылы 20-октябрда жаңы «Республика — Ата-Журт» партиясы түзүлүп, ага Бабанов менен Ташиев төрагалык кыла баштаган.

Бабанов жана Камчыбек Ташиев жаңы альянс тууралуу билдиришүүдө.

Бабанов менен Ташиевдин союзу бир жылга гана уланган.

2015-жылдын 30-июлунда партияга «Реформалар үчүн» партиясы кошулган. Ошол эле жылдын октябрь айында «Республика — Ата-Журт» партиясынын талапкерлери 28 мандат алышкан. Партия шайлоо алдындагы кампанияга эң көп акча коротуп (130 млн сом), мандаттардын саны боюнча экинчи орунду алган. Бирок Камчыбек Ташиев парламентке өтпөй калган, анткени ал «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын өкүлүн сабаганы үчүн шайлоо алдындагы жарыштан четтетилген.

«Республика — Ата-Журт» түзүлгөн соң бир жылдан кийин эки жолго түшүп, ал эми Камчыбек Ташиев 2020-жылдагы шайлоо өнөктүгүнө өзүнүн жаңы «Мекенчил» партиясы менен катышууну чечкен. Бабанов өзү шайлоого аттанган жок, анткени мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен учурдагы өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдун басымынан улам саясаттан кетүүгө аргасыз болгон.

Ошол себептен партияны азыр Мирлан Жээнчороев башкарат. Ал партияны 2019-жылдын декабрынан тарта жетектеп келет. Башында ал Кыргызстандагы эпидкырдаал оор болгондуктан парламенттик шайлоону жокко чыгарууну талап кылып, бирок кийинчерээк партиянын съездин өткөргөн.

«Республика» партиясы парламенттик шайлоого 14 номеринин жана «Алдыга жол!» ураанынын астында баратат.

Партиянын лидерлери

«Республика» түзүлгөндөн бери аны эки адам башкарган: Өмүрбек Бабанов жана Мирлан Жээнчороев.

Бабанов — «Республиканын» биринчи лидери.

Бабанов саясатка келгенге чейин ири өнөр жай ишканаларды жетектеген. Ал 2005-жылы кичи мекени болгон Талас облусунун Кара-Буура районунан Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. Ал мындан кийин парламентке дагы эки жолу өткөн: 2010 жана 2015-жылдары.

Бабанов эки жолу өлкөнүн биринчи-вице-премьер-министри болуп дайындалып, ал эми 2011-жылдын декабрынан тарта сегиз ай премьер-министр болгон.

Бабанов президенттик шайлоо өнөктүгүнүн учурунда.

2017-жылы «Республиканын» лидери Өмүрбек Бабанов президенттикке талапкерлигин койгон. Бабанов мурдагы өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев шайлоо кампаниясы учурунда колдоосун көрсөткөн бийликчил талапкер Сооронбай Жээнбековдун башкы атаандашы болгон.

Президенттик шайлоодо Бабанов «Алдыга жол!» деген шайлоо алдындагы программаны колдонгон. Программа президенттин тарыхый жарлыктарынын түрүндө беш кадамдан турган. Бабанов Кыргызстан анын башкаруусунда алты жыл ичинде бат өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн алдыңкы ондугуна кирерин убадалаган — 2023-жылга карата кыргызстандыктар эки эсе бай болушу керек эле.

Мындан тышкары, саясатчы сот реформасы аркылуу бажыдагы коррупцияны жойгусу келген. «Клооп», «Азаттык» жана OCCRPнин журналисттери Кыргызстандагы акчалар дал бажы аркылуу гана чыгарылганын аныкташкан. Буга бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар болушу мүмкүн.

Ар кандай изилдөөлөр шайлоо өнөктүгүндө калктын фаворити Бабанов болгонун көрсөткөн: аны колдоо үчүн 107 миң шайлоочу кол койгон, ал эми гууглда аны башка президенттикке талапкерлерге караганда көбүрөөк издеп, өлкөнүн экинчи мыкты өкмөт башчысы деп аташкан. Атүгүл Бабановду президенттик кызматка талапкер болгон атаандаштары Адахан Мадумаров жана Бакыт Төрөбаев колдошкон. Төрөбаев жада калса үзөңгүлөшүнүн пайдасы үчүн талапкерлигин алып салган.

Бирок, президенттик шайлоодо бийликчил талапкер Сооронбай Жээнбеков жеңишке жетишкен. Мындан кийин Бабанов саясаттан кетерин билдирип, Кыргызстандан чыгып кеткен. Кийин ал ар кандай басылмаларга берген бир нече интервьюсунда, аны өлкөдөн чыгып кетүүгө Атамбаев менен Жээнбеков үй-бүлөсүн коркутуу менен мажбурлаганын айтып берген. Шайлоо алдындагы жарыш учурунда Бабановго эки кылмыш иши козголгон. Саясатчынын айтымында, эгер ал Кыргызстандан кетсе ал иштер токтотулушу керек болгон. Бирок кылмыш иштер эмдигиче тергелүүдө.

Бабанов 2017-жылдан тарта Москвада жашап, өлкөгө эки жылдан кийин гана кайтып келген. Ал убадасына туруп, азырынча саясатка кайтып келе элек. Бирок Бабанов парламенттик шайлоого чейин бир апта калганда Asia Mall соода борборунан алдында «Атак-даңк аллеясынын» ачылышында пайда болду. Эртеси күнү «Республиканын» фейсбуктагы расмий барагында Бабановдун партиянын «Өмүрбек Токтогулович, кош келдиңиз» деп жазылган баннеринин фонунда Руслан Казакбаев менен түшкөн сүрөтү жарык көрдү

Мирлан Жээнчороев — аскердик юридикалык билими бар Бабановдун жердеши. Ал Бабанов парламентте бешинчи чакырылыштын депутаты болуп турганда эки жыл анын жардамчысы болгон. Ал эми кийинки чакырылышта ал «Республика — Ата-Журттун» парламенттеги депутаты болуп келген.

Ал эми 2019-жылы 20-декабрда Жээнчороев партиянын кезексиз жыйынында Бабановдун ордуна «Республиканын» лидерлигине келген.

Мирлан Жээнчороев — «Республиканын» учурдагы лидери

Партиянын Жээнчороев лидер болуп шайланган кезексиз съезди.

Партиянын программасы

Негизинен, «Республиканын» шайлоо программасында бизнести колдоо, мамлекеттик аппаратты жана социалдык камсыздоону кыскартуу боюнча чаралар көрсөтүлгөн. Партиянын программасы менен бул жерде кененирээк таанышып алсаңыз болот. Биз партиянын эң көрүнүктүү убадаларын тизмектедик.

Бизнеске колдоо көрсөтүү:

Агронасыялоо жылына 5% менен. Партия натыйжалуу эмес мамлекеттик органдарды жоюудан үнөмдөлгөн каражаттарга субсидияларды жана айыл чарба насыяларын көбөйтүүнү пландоодо. Учурда насыялар айыл чарбасы үчүн 7% менен берилип жатканын партия өзүнүн эмгеги деп эсептейт. Саясий партия ушундай убаданы 10 жыл мурда эле берген.

«Учурда бюджеттен жалпы 1.7 млрд сом айыл чарба кредиттеринин субсидиясына кетет. Биз бул сумманы эки эсе көбөйтөбүз. Майнапсыз маморгандар менен аткаминерлерди камсыздоодон үнөмдөлгөн каражаттардын эсебинен үнөмдөө болот!», — деп айтылат партиянын программасында.

«Республика» салыктын беш түрүнүн ордуна тоо кен тармагынан тышкары, бизнестин бардык түрлөрүнө болгону 3%дык бирдиктүү салык киргизүүнү сунуштоодо. Партиядагылар ушундай жол менен бизнести көмүскөдөн чыгара алабыз деп эсептешет. Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, учурда көмүскө экономиканын деңгээли ИДПнын 24%ын түзөт.

Партия маянадан алынган социалдык төгүмдөрдү төрт эсе азайткысы келет — 10%га чейин. Ошондой эле аларда бизнести 20 мүнөттө каттоо үчүн бардык мамкызматтар камтылган мобилдик колдонмо иштеп чыгуу идеясы бар.

Соцкамсыздоо:

  • Өкмөттүн ипотекалык программасы боюнча коюмдун өлчөмүн 6%га чейин азайтуу. Буга ал Мамипотекалык компанияны жоюу жана саясатты өзгөртүү аркылуу жетише алат.
  • Партия медиктер менен мугалимдерге ипотеканы баштапкы төлөмсүз алууга мүмкүнчүлүк түзүп бергиси келет.
  • Пенсионерлерге эмгек жылдары үчүн топтолгон акчаларынын бардыгын накталай алуу мүмкүнчүлүгүн берүү.

Мамлекеттик түзүмдөрдү оптимизациялоо:

  • Мамлекеттик ишканалардын баарын жоюу;
  • 120 депутаттын ордуна 75ин калтыруу;
  • 10 миң кол топтоо менен эл өкүлүн иштен алуу мүмкүнчүлүгү, ошондой эле ишке келбеген үчүн да кызматтан алуу;
  • 16 министрликтин ордуна 7 — министр конкурс боюнча дайындалат, отчёт 100 күндө бир жолу берилет.
  • УКМК менен ага караштуу Коррупцияга каршы кызматты жоюу — алардын ордуна Чалгындоо кызматы болот.
  • Иликтөө боюнча органдарды кыскартуу — алардын ордуна Улуттук иликтөө бюро болот.
  • Прокуратуранын функциялары Юстиция министрлигине берилет.
  • Грузиядагыдай милицияда реформа жүргүзүү үчүн милиционерлердин маяналарын көтөрүү.
  • Судьяларды тандоону жана сот отурумдарын ачык жеткиликтүү кылуу, бизнес талаш-тартыштар бейтарап сотторго которулуп каралат.
  • Каржы жана ички иштер министри, парламенттин комитеттеринин жарымы оппозицияга берилиши керек.
  • Мамлекеттик органдарга ЖМКларга ээлик кылууга тыюу салуу.
  • Кара тизме — УКТ же коррупция боюнча соттолгондор мамлекеттик органдарда иштей албайт.

Партия берген убадаларын кандай аткарган?

«Республиканын» фейсбуктагы расмий барагында партия «Ата-Журт» менен бир альянста парламенттин бешинчи чакырылышындагы ишинде шайлоо алдында берген убадаларынын көбүн аткарды деп көрсөтүлгөн.

Интербилим эл аралык борборунун 2017-жылдагы иликтөөсү боюнча, «Республика — Ата-Журттун» депутаттары алгачкы бир жыл ишинде шайлоо алдындагы убадаларынын 65%ын аткарышкан.

Интербилимдин «Республика» боюнча изилдөөсүнүн жыйынтыгы.

Бирок, Politmer басылмасынын эсеби боюнча, «Республика — Ата-Журт» алтынчы чакырылышта убадаларынын болгону 36%ын гана аткарган. Программа жана депутаттардын ишинин жыйынтыгы менен бул жерден тааныша аласыз.

Аткарылган убадалар:

  • таксисттерге оң рулдуу унаа менен иштөөгө тыюу салынган жок;
  • дыйкандар жылдыгы 7%дык кредиттерди алышты;
  • авто жолдордо «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында видеокамералар пайда болду;
  • жеңилдетилген ипотекалык насыя берүү долбоору ишке ашырылды;
  • балдар акыйкатчысынын институту түзүлдү — ал акыйкатчынын орун басары болуп эсептелет;
  • мамкызматтарды көрсөтүүнү жөнөкөйлөштүрүү боюнча мыйзам иштеп баштады;
  • «РАЖ» фракциясынын мүчөлөрү депутаттык артыкчылыктар менен колтийбестиктен баш тартышты;
  • элет жергесине инвестиция тартуу жөнүндө мыйзам иштелип чыкты.

Аткарылбаган убадалар:

  • эки палаталуу парламентти киргизүү: 65 депутаттан турган төмөнкү мыйзам чыгаруучу палата жана жогоркусу — жергиликтүү кеңештин 484 депутатынан турган эл өкүлдөрүнүн чогулушу;
  • прокуратураны жоюу;
  • ар бир айыл өкмөтүндө Калкты тейлөө борборун (КТБ) ачуу;
  • «XXI кылымдын Жибек жолу» темир жолун куруу жөнүндө мыйзамды кабыл алуу;
  • Чоң-Айлайда көмүр шахтасын ишке киргизүү;
  • «Кумтөрдүн» 51% акцияларын кайтаруу;
  • Педофилдерге карата өлүм жазасын киргизүү;
  • ар бир көп кабаттуу үйдүн кире беришине камера орнотуу;
  • Жол кайгуул кызматынын постторунун бардыгын алуу;
  • жүз мамлекет менен виза режимин жокко чыгаруу;
  • маммекемелердин санын эки эсе кыскартуу.

«Республика» кандай көз караштарды карманат?

«Республика» негизделип жатканда өзүн борборчул партия деп атаган — партияда реформисттик (сол) менен консервативдик кыймылдардын (оң) ортосунда орто-аралык позициясы болгон.

Мурдагы парламенттик шайлоодо «Ата-Журт» менен бириккенден кийин партия бир аз сол жакка багыт алган — алар мамлекеттик аппараттарда реформа жүргүзүү аркылуу либерализмди өнүктүрүүгө аттанышкан.

COVID-19 күч алгандан кийин «республикачылар» реформаторлук көз карашты көбүрөөк карманууда — алар «түп-тамырынан өзгөртүү киргизүүгө» жана өлкөнү калыбына келтирүүгө жол салгылары келет.

Партияга байланыштуу чуулар

Бул шайлоонун алдында «Республика» жана анын лидери Жээнчороевге байланыштуу чуулгандуу окуялар болгон жок. Болгону ал 2017-жылы парламенттик шайлоодо шайлоо босогосун 9%га чейин көбөйтүү тууралуу демилгесин оңдоого аргасыз болду. Келерки шайлоонун алдын да ал шайлоо босогосун 5%га чейин азайтууну сунуштады. Жалпы айтканда, парламентте дээрлик бардык партиялардагы ыйкы-тыйкынын айынан 9%дык босогодон эч ким өтө албайт деген маанайлар өкүм сүрүп, ошондуктан алар аны 7%га чейин азайтышты.

Мындан тышкары, 2019-жылдын 22-ноябрында Жээнчороев башкы прокурорго кайрылып, «Азаттык», «Клооп» жана OCCRPнин Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 млн доллар тууралуу биргелешкен иликтөөсүнө юридикалык баа берүүнү өтүнгөн. Ал эми 2020-жылдын май айында экономикалык аткезчилик тууралуу беренеге түзөтүүлөрдү киргизүүгө каршы чыккан. Ал беренеден кызматтагы адам кызмат абалынан пайдалануу менен аткез кылуу жөнүндөгү пунктту алуу сунушталган эле.

«Республика» үчүн 2020-жылдагы шайлоонун алдындагы үгүт иштери тынч өтүп жаткан, бирок жакында эле анын үгүтчүсүнүн бири кол салуу болгонун айтып чыккан. Анын айтуусу боюнча, «Мекеним Кыргызстан» партиясынын агитатору аны сабаган, ал эми буга чейин Нарын облусунун тургундарын №2 формасы боюнча кайра катталууга мажбурлаган. Катталууну талап кылгандардын арасында «Республиканын» башка үгүтчүлөрү да бар болгон деп айтышууда. «Мекеним Кыргызстан» бул жалган деп билдирди.

Бир нече чуу жараткан ызы-чуу Бабановдун өзү менен байланыштуу болду. Президенттик шайлоо учурунда эле теледебаттарда Жээнбеков башкы атаандашы эсептелген Бабановго шайлоодон жеңсе «коррупцияга каршы күрөштү андан баштаарын» айткан. Ошондой эле ал аны балапан деп атаган.

Жыйынтыгында шайлоодо Бабанов 33%, ал эми Жээнбеков 54% добушка ээ болгон.

Башкы прокуратура 4-ноябрда «Республиканын» лидерина карата Ош шаарынын Он-Адыр кичи районунда шайлоочулары менен жолугушуу учурунда «улуттар аралык кастыкка ачык чакырык таштаганы» үчүн кылмыш ишин ачкан. Бабанов ишти ойдон токулган жана саясий деп атап, саясаттан кетүү убадасын берип өлкөдөн чыгып кеткен.

Ал 2019-жылдын августунда кайтып келгенден кийин Бабановду 8 кылмыш иши боюнча күбө катары суракка ала башташкан: алардын төртөөсүн финпол, төртөөсүн УКМК тергеп жатат.

Партиянын талапкерлери

«Республиканын» талапкерлер тизмесинин башында анын лидери Мирлан Жээнчороев турат.

Андан кийин өкмөттүн Ысык-Көл жана Ош облустарындагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев бар. Ал буга чейин парламенттин депутаты жана «Кыргыз деңизи» санаторийинин башчысы болгон.

Тизмеде үчүнчү орунда — шайлоого катышуу үчүн Боршайкомдон кеткен Назарали Арипов. Ал парламенттин бешинчи чакырылышында «Республикадан» шайланган эле. Ал буга чейин Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Ош шаары боюнча башкармалыгын жетектеген.

Төртүнчү орунда — мурдагы вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова турат. Ал буга чейин «Республиканын» парламенттеги эки жолку өкүлү болгон. Ошондой эле ал юрист жана Бишкектин муниципалитетинде жетекчи болгон. Ал президент Сооронбай Жээнбеков Республикалык штабды коронавируска каршы жетишерлик күрөшпгөнү үчүн сындагандан кийин вице-премьер-министрлик кызматынан алынган.

Талапкерлердин тизмесинде бешинчи орунда экс-депутат жана ReGom курулуш компаниясынын мурдагы башчысы Алтынбек Жунус уулу жайгашкан. Ал «Республикага» шайлоого аз калганда «Өнүгүү — Прогресстен» өткөн.

Андан ары тизмеде Жээнчороевдин жердеши жана «Республикадан» эки жолу эл өкүлү болуп келген Кенжебек Бокоев турат. Мыйзам чыгаруу органына келгенге чейин ал беш жыл Талас облусундагы кичи мекени эсептелген Аманбай айыл өкмөтүн жана дыйкандар ассоциациясын жетектеген.

Жетинчи орунда өкмөттүн Чүй облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгунаалы Абдраимов турат. Ал буга чейин «жүзүңүз жаккан жок» деген шылтоо менен журналисттин суроосуна жооп берүүдөн баш тарткан жана ушундан улам жаралган жаңжалдын шартында кызматынан алынган.

Билими боюнча хирург Абдраимов саясий карьерасында 20-кылымдын аягында Эл өкүлдөр кеңешинин депутаты да болуп, ММКФнын башчысы да, БШКнын төрагасы да, саламаттык сактоо министри да, Кыргызстандын Түштүк Кореядагы жана ошол эле кезде Вьетнамдагы да элчиси болуп иштөөгө үлгүргөн.

Талас облусунун Кара-Буура районунан чыккан жана Бабановдун эң жакын үзөңгүлөштөрүнүн бири Руслан Казакбаев «Республиканын» талапкерлер тизмесинде 11-орунда жайгашкан. Бабанов лидерликтен баш тарткандан кийин ал парламентте «Республика — Ата-Журт» фракциясын жетектеген. Казакбаев 1995-жылдан тарта ТИМде иштеп, Бабанов премьер-министр болуп турганда ведомствону жетектеген.

Казакбаевден кийин эле бир позициядан соң «Республиканын» эки жолку депутаты Максат Сабиров турат. Ал парламенттин бешинчи чакырылышында фракцияны бир жыл жетектеген.

Ош облусунун мурдагы губернатору жана беш күн премьер-министр болуп иштеген Аалы Карашев партиянын тизмесинде 15-орунду ээлейт. Ал депутат болгонго чейин 2017-жылы президенттин администрациясында иштеп, мамлекеттик кардлар кызматын жетектеген.