Ош: Ак-Буурага кулап кетип изделип жаткан 4 жаштагы баланын сөөгүн апасы тапты

Дарыяга кулаган унаа. Сүрөт: Turmush

Ош шаарында эки жума мурун Ак-Буура дарыясына кулаган унаанын ичинде болгон төрт жаштагы баланын сөөгү 27-сентябрда табылды. Баланын сөөгүп Орусиядан келген апасы тапкан.

Маркумдун тай эжеси Майрамкан Маккамова сөөк Папан айыл өкмөтүнүн аймагынан табылганын билдирген.

«Туугандар издеп жүрүп, суунун жээгиндеги шагылдан таптык. Апасы баланын бутун көрүп калып, акебизди чакырган. Жээнибизди 14 күн дегенде таап, жерге бердик», — деген ал.

Баланын апасы Орусияда жүргөнү айтылган — ал баласы сууга түшүп кеткенин уккандан кийин өлкөгө кайтып келген.

Буга чейин 14-сентябрда Ош облусунун Араван районунун аймагындагы Ош — Папан — Кожокелен жолунда 14-сентябрда «Хендай Портер» жана «Хово» унаалары кагылышып, биринчи унаа Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен.

Сууга кулаган унаанын айдоочусу секиргенге үлгүрүп калган, ал эми унаада бараткан 64 жаштагы таята менен төрт жаштагы небере унаа менен кошо дарыяга кулап кеткен. Кийинчерээк 18-сентябрда 64 жаштагы кишинин сөөгү табылып, небереси изделип жаткан.

Издөө иштерине ӨКМден 17 адам тартылып, Араван РИИБи окуя боюнча териштирүү ишин баштаган.