Ош: Ак-Буурага кулаган унаада болгон таята менен небере табылбай жатат

Сүрөт: Turmush

Ош облусунун Араван районунун аймагындагы Ош — Папан — Кожокелен жолунда 14-сентябрда эки унаа кагылышып, алардын бири Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен. Анын кесепетинен бир киши ооруканага түшүп, экөөнүн сөөгү изделип жатат.

Ош ОИИБинин басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаевдин айтымында, «Хендай Портер» унаасынын айдоочусу рулду башкара албай карама-каршы келе жаткан «Хово» оор жүк ташуучу унаасын сүзүп алган. Мындан улам «Хендай Портер» Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен.

«Айдоочу секиргенге үлгүрүп калган, экинчи унаанын айдоочусу аны ооруканага алып барып, милицияга кабарлаган. Ал эми сууга түшүп кеткен унаадагы 64 жаштагы киши менен анын төрт жашар небереси табылбай жатат», — деди ал.

Изделип жаткандар Араван районунун тургундары. Окуя боюнча аталган райондун РИИБи териштирүү иштерин жүргүзүп жатат. Ал эми издөө иштерине ӨКМден 17 адам тартылган.