Ошто партиялардын бири тургундарга көмүр таратты. Милиция тергөөнү баштады

Соцтармактарда 28-сентябрда шайлоого аттанган партиялардын бири Ош шаарында тургундарга көмүр таратып жатканы боюнча сүрөт-видео тараган. Анда белгисиз аял көмүрдү алган тургундар тууралуу жеке маалыматтарды чогултуп жүргөнү айтылган.

Тасмадан кечинде тургундардын көчөдө топтолгонун жана көмүр салынган мүшөктөрдүн турганын көрүүгө болот. Видеого тартып жаткандар тургундардын биринен эмне үчүн жана ким таратып жатканын сурашкан.

Анда ал таратып жаткандар ким экенин билбесин айтып, бирок «белгисиз аял киши дептерин көтөрүп алып жүрөт» деп айткан. Ал көмүр алганын тастыктап, кийинчерээк видеого тартып жаткандарга каршылык көрсөткөн.

«Эмне мен алганым үчүн тартып жатасыңарбы? Тартпагыла!» — деген ал.

Ош ШИИБинин басма сөз катчысы Замир Сыдыков партиялардын бири тургундарга көмүр таратканын тастыктап, факт боюнча сотко чейинки өндүрүш башталганын билдирди.

Анын айтымында милицияга 28-сентябрь күнү кечки саат сегиздер чамасында Черемушки кичи районунун Муминов көчөсүндө тургундарга көмүр таратылып жатканы боюнча маалымат түшкөн.

Ыкчам тергөө тобу жерине барып аталган фактыны аныктап, көмүр салынган үч оор жүк ташуучу унааны айып короосуна киргизген. Ал эми тургундардан таратылган көмүр алып коюлуп, «Добуш сатып алуу» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.

«Учурда тургундар, көмүр тараткан кишилер жана айдоочулар суралып жатат», — деди басма сөз катчы.

Сыдыков укугу жок экенин айтып, партиянын атын атоодон баш тартты. Ошондой эле ал шаарда «Добуш сатып алуу» беренеси боюнча дагы бир катар иликтөө иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

Шайлоо алдындагы добуш сатып алуулар

Шайлоо алдындагы үгүт ишетри башталгандан тартып массалык маалымат каражаттарында добуш сатып алууга аракет жасоо учурлары боюнча бир катар макалалар жарык көргөн.

Мисалы шайлоочулардын бири 24.kg басыламасынын журналистине «Мекеним Кыргызстанга» добуш берүүсү үчүн ага 4 миң сом сунуштап жатышканын билдирген.

Ал эми дагы бир шайлоочу «Биримдик» партиясынан акча алганын «Клоопко» айтып берген. Ал добушту сатып алуу тууралуу алдын ала сүйлөшүлөөрүн, шайлоочу участокко келгенде, ал жакта аны бир адам тосуп алып, бүт процедуралардан өтүүсүн тескеп тураарын маалымдаган.

Эки партия тең бул сыяктуу билдирүүлөрдү каралоо деп атап, четке каккан.

Ошондой эле, Башкы прокуратура шайлоо алдында 22 бузуу фактысын аныктап, анын 21ин ички иштер органдарына тапшырган.

Бузуу фактыларын шайлоо документтерин жасалмалоо, кыянаттык менен административдик ресурстарды колдонуу, шайлоочуларды сатып алууга байланыштуу материалдар түзгөн.

Парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт, ага 16 партия ат салышууда. Ал эми үгүт иштери 3-октябрда аяктайт.