Матраимовдор күмөндүү жол менен табылган байлыгын социалдык жана саясий таасирин арттырыш үчүн пайдаланып келген. Бул жолку парламенттик шайлоодо алар болгон көзүрүн алып чыгууда.

OCCRP, «Клооп», радио «Азаттык» и Bellingcat

«Эгер алар бизге кызмат көрсөтсө, биз аларга добуш беришибиз керекпи?» деп жазат Бишкектеги көп кабатуу үйдүн тургуну «WhatsApp» тайпадагы чатка.

«Албетте», - дейт үй комитетинин башчысынын (домком) жообу. «Ким макул? Эртеңкиге тизме керек. Жеке өзүмө жазгыла … 300 добуш керек»

Үй комитет башчысынын сөзүнө караганда, 4-октябрда өтчү парламенттик шайлоого дымактуу бараткан «Мекеним Кыргызстан» партиясы бул тургундарга үйдүн сыртына коопсуздук камераларын орнотууну же үйдүн тегерегине асфальт төшөп берүүнү сунуш кылган.

«Мекеним Кыргызстандын» артындагы таасирдүү адамдардын арасында ага-ини Матраимовдор бар.

Искендер Матраимов – парламенттин депутаты, бул шайлоодо «Мекеним Кыргызстандын» желегин көтөрүп баратат. Анын иниси эл ичинде «Раим миллион» атка конгон, сансыз байлыкты кантип тапканы белгисиз Райымбек Матраимов. Ал коомчулукка көп чыкпаганы менен көшөгө артында чоң күчкө ээ.

“Мекеним Кыргызстан” партиясынын үгүт видеосу. Искендер Матраимов (ортодо). (Сүрөт: “Мекеним Кыргызстан”)

Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн бул партияга байланышы күмөндүү жол менен табылган байлыкка туйтунган кландын социалдык жана саясий таасири кандай артып баратканын айгинелейт.

Бир нече жыл бою Матраимовдордун кайрымдуулук фонду акча адалдаган түйүндөрдөн каржы алып, мечиттерди салып, майыптар үчүн спорттук иш-чараларды уюштуруп, муктаж студенттерге жардам берет. Быйыл фонд өз ишмердигинде COVID-19 илдетинен кутулууну чоң өнөктүккө айлантты. Андыктан алардын жердештеринин көбү Матраимовдорду колу да, жүрөгү да ачык адамдар деп санашат.

Бирок алар дайыма эле мындай жумшак жана кайрымдуу эмес. Ош шаары жана анын айланасындагы кыштак-шаарчалар ал жакка барган журналисттер үчүн кооптуу болуп калды. Үй-бүлө «Азаттыкты» жана OCCRP уюмунун өнөктөшү «Kloop» медиасын буга чейинки журналисттик иликтөөлөрү үчүн сотко берген. Албан-субандай жигиттер же спортчулар Матраимовдорго сын айткандарды коркутуп, кол салышкан.

2020-жылкы парламенттик шайлоодо үй-бүлөнүн байлыгы менен таасири эбегейсиз күчкө айланды.

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын мээси жана жүрөгү болгон Матраимовдордун саясий уюму дайыма бийлик партиясына добуш чогултуп келген», - дейт саясий талдоочу Азим Азимов. «Бүгүн эми, 2020-жылы өзүнө добуш топтоп жатат».

«Мекеним Кыргызстандын» жаркыраган жарнамалары телеканалдарда жаңырып, партиянын талапкерлеринин сүрөттөрү өлкөнүн булуң-бурчунда илинди. Партия шайлоо мыйзамын бузуп, аттандаштарын коркутуп, добуш сатып алуу аракеттерин көрүп жатканы үчүн айыпталды.

Кабарчылар ошол дооматтарга жооп берүүнү сурашканда партиянын басма сөз катчысы саясий атаандаштарды «жалаа жаап жатат» деп айыптаган билдирүү жөнөттү. “Жалган маалымат менен кара пиар партиянын колдоочулары арасында популярдуулугун арттырды” деди өкүл.

Ал «Мекеним Кыргызстан» добуштарды сатып алганы тууралуу дооматтарды четке кагып, партия мыйзамдарды сактаганын, мыйзам бузуу далилденсе партия жоопкерчиликти алууга даяр экенин билдирди. «Андай учурлар тууралуу тиешелүү органдарга кабарлап туруу зарыл», - деди партия өкүлү. Ал Райымбек Матраимов «Мекеним Кыргызстанга» акча берген-бербегенин айткан жок. Партиянын бир топ «ийгиликтүү» колдоочулары бар экенин айтуу менен чектелди.

Райымбек Матраимовдон бул тууралуу комментарий алуу мүмкүн болгон жок. Искендер Матраимовдун жардамчысы үй-бүлө комментарийлерди 4-октбярдагы шайлоодон кийин гана бере аларын жазды.

"Мекеним Кыргызстан" партиясынын Бишкектеги мурдагы "Эльдорадо" соода үйүнүн сыртына илинген беннери. Имаратка Искендер Матраимовдун жубайы ээлик кылат. (Сүрөт: OCCRP)

Кландар саясаты жана кызылдай акча

Кыргызстандын саясаты жалпысынан үй-бүлөлүк жана аймактык өңүттө аныкталат. Мындай аныктамага кирбегендер аз эле, болбосо мурдагы президент Аскар Акаевди колдогондор «үй-бүлөгө» жакындар, Курманбек Бакиевди курчагандар «бакстар» деп аталган. Эл ичинде Матраимовдорду «Матрлар» деп да коюшат.

Мындай көрүнүш саясий партияларда да бар. Либералдык же консервативдик деген идеологиялык өзгөчөлүк партияга кошулгандар үчүн мааниге деле ээ эмес. Алардын артында кандай клан турганы маанилүү.

Шайлоодо көп добушту «үгүтчүлөр» «чогултушат». Бул үчүн саясий партиялар жеринде таасирдүү тургундарды өзүнө тартышат. Алар айылдаштары менен туугандарынын добушун чогултуп беришет. Айрым шайлоочуларды материалдык жактан кызыктырып же акча таратып шайлоо тилкелерине алып келишет.

Кыргызстандын ансыз да чабал саясий системасы акчанын алдында андан бетер алсыз. «Штаб ачып, үгүтчүлөргө төлөш үчүн көп акча керек», – деген оппозициялык активист «2000 добуштун ар бирин 2000 сомдон сатып алыш үчүн» төрт миллион сом кетерин чечмелеп берди.

Кланга таянган саясаттын аймактык да өңүтү бар. Кыргызстандын түштүгүндөгү лидерлердин колдоосуна ээ болмоюн жалпы өлкө боюнча жеңип чыгуу мүмкүн эмес. Анткени Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында калктын басымдуу бөлүгү жашайт.

Бул формула менен 2015-жылкы парламенттик шайлоодо КСДП партиясы алдыга чыгып, өкмөттү кураган. Партияны өлкө түндүгүнөн да, түштүгүнөн да чыккандардын акчалуулары менен аткаминерлери, алардын ичинде Матраимовдор да колдошкон. Алардын кичи мекени - Кара-Суу району өлкөдөгү калкы эң көп район.

Райымбектин агасы, көп жыл бою мамлекеттик кызматта жүргөн Искендер алгач КСДП партиясынын тизмеси менен парламентке шайланган. Райымбектин дагы бир агасы Тилекбек 2012-жылдан бери Кара-Суу районунун акими. Бул кызматка аны бийликтин партиясы бир нече жолу көрсөткөн.

Cаясий серепчи Азим Азимов: «Алардын [Матраимовдордун] саясий уюму чын-чынында көптөн бери добуш чогултуунун негизги машинеси болгон,» – деп чечмелейт.

КСДП 2018-жылдан кийин экс-президент Алмазбек Атамбаев менен жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун кармашынан улам ыдыраган. Атамбаевдин бийликтеги акыркы көрсөтмөлөрүнүн бири менен Райымбек Матраимов кызматтан алынган.

Ажырымдын айынан партия быйылкы шайлоого толук катыша албай калып, саясий айдың бош калды (КСДПдан бөлүнүп чыккан чакан топ жаңы аталыштагы партия менен шайлоого катышууда).

Ош шаары. (Photo: OCCRP)

«Коңулдан чыккандар»

2015-жылы Ошто түзүлгөн «Мекеним Кыргызстан» 2016-жылы шаардагы жергиликтүү шайлоодо үчүнчү орунду алган. Саясат таануучулардын бири «эч кимге белгисиз» уюм кантип жеңип келгени таң калыштуу экенин белгилеген.

Кийинки жылдары «Мекеним Кыргызстан» жергиликтүү шайлоолордо бир нече аймакта жеңген. Ал кезде партиянын Матраимовдор менен байланышы белгисиз болчу. Партиянын негиздөөчүсүнүн агасы, «Ихлас» курулуш компаниясынын ээси учурда Ошто Райымбектин эжеси Чынара Матраимова менен өнөктөштүктө турак жай жана коммерциялык багыттагы имарат салып жатат.

Ошентип партия үй-бүлөнүн колуна өтүп кеткен.

Ал кандай жана качан ишке ашканын айтуу кыйын. Ушул тапта партияны жергиликтүү медиа Матраимовдун «машинеси» катары сыпаттайт. Саясий серепчи Азим Азимов партияны үй-бүлө көзөмөлдөй турганына «миллион ырастама бар» экенин айтат.

Искендер Матраимов да “Мекеним Кыргызстандын” мүчөсү жана талапкерлердин тизмесинде. Азимов белгилегендей, «Райымбек Матраимов партияга байланыштуу ар кандай коомдук иш-чараларга, видеоролик тартканга чейин келип жүрөт».

«Менимче алар муну жашырган деле жок. Матраимов жана анын командасы бейтараптыкты жана кимдир-бирөөгө байланбаганын көрсөтүүгө аракет кылган учур эбак өткөн», - дейт ал.

«Мекеним Кыргызстан» жана Матраимовдор

«Мекеним Кыргызстандын» тизмесинин алдыңкы жыйырмалыгына кирген талапкерлердин бешөө Матраимовдордун үй-бүлөсү менен байланышкан адамдар. Искендер Матраимов тизмеде 10-орунда. Үй-бүлөгө байланышы бар башка талапкерлер:

Мирлан Бакиров – Исламбек Матраимовдун үй-бүлөлүк досу, Жогорку Кеңештин вице-спикери жана партия лидери.

Бактыбек Каналиев – Ош шаардык кеңешинин төрагасы, Кара-Суудагы бажы терминалын тейлеген Матраимовдордун «Автоэкспресс Инвест» компаниясынын директору болгон.

Элнура Алканова – Райымбек Матраимовдун жакын санаалашы, мурда 5-каналда иштеп турганда «Азаттык» радиосунун Матраимовдун үй-бүлөсү тууралуу иликтөөсүнө күмөн жаратуу максатында материалдарды жарыялаган. (Алканова OCCRP, «Kloop» жана «Азаттык» медиаларында кыска убакыт иштеген).

Талантбек Сарбагышев - милицияда иштеп жүргөндө Кыргызстандын түндүгүндөгү эң чоң бажы терминалын башкарган «ЮниЛаб» компаниясына жарым-жартылай ээлик кылган. Компаниянын мурунку ээсин аны сатууга мажбур кылышкан. Сарбагышев болгону эки айдай мүлккө ээ болуп, анан ал башка бирөөгө өткөн.

Азыр ал Чолпон-Ата шаарынын мэри. Бул шаар Көлбаевдин негизги турган жери болуп саналат. Сарбагышев бул кызматка Көлбаевге байланышы бар экени кабарланган жергиликтүү саясий партия аркылуу келген.

Журналисттер Көлбаев менен байланышы тууралуу сурашканда, Сарбагышев кылмыш төбөлүн тааный турганын четке каккан жок.

Нурбек Керимбеков – күрөштү жана күлүк аттарды жактырат. Матраимовдордун үй-бүлөсү менен кыйыр байланышы бар. Маалымат каражаттары жана транспорт тармагындагы жеке булактар билдиргендей, Керимбеков - Алмазбек Арстанбаевдин өкүл баласы. Ал болсо Райымбек Матраимовдун өкүл баласы.

Канатбек Маматов – Кыргызстандын Футбол федерациясынын башчысы. Бишкектеги тандалма «Ала Арча» VIP шаарчасындагы жер тилкесин Матраимовдун энеси Апиза Матраимовага белек кылган. Үй-бүлө ал жерге хансарай куруп, кийинчерээк сатып жиберген. Сатылганга чейин ал үйгө Искендер Матраимов ээлик кылган.

Ар бир добуштун эсеби бар

«Мекеним Кыргызстандын» жана Матраимовдордун башкы артыкчылыгы – бул акча.

Партия 9-июлдан 25-августка чейин үгүт өнөктүгүнө 116 миллион сом сарптаганын билдирди. Бул атаандаш партияларга караганда алда канча көп сумма.

Акчанын бир бөлүгү үгүттөгү кадимки жарнамага жумшалган. Кесипкөй деңгээлде жасалган, кооз, дрондон тартылган тележарнамада талапкерлердин жергиликтүү тамыры, ишкерлик жөндөмү сүрөттөлөт. Партиянын баннерлери менен плакаттарын шаар-кыштактарда, өзгөчө өлкөнүн түштүгүндө көрсө болот.

«Мекеним Кыргызстандын» үгүт видеосунда партиянын лидери Мирлан Бакировдун ата-теги, өткөн-кеткени жөнүндө айтып бергенин көрсө болот. (Сүрөт: "Мекеним Кыргызстан")

Ошол эле учурда «Мекеним Кыргызстан» бейтарап көрүнгөнсүгөн мамлекеттик органдардын ачык колдоосун алып, административдик ресурс колдонгону жана добуш үчүн адамдарга нак акча бергени тууралуу да ырастамалар бар.

Мисалы, «Мекеним Кыргызстандын» жарнамасы чек ара бекетине жайгаштырылган. (Партия аны чек арачылар же бажычылар уурдап кетип орнотуп алышканын айтканы кабарланган).

Кыргызстандын чек ара бекетинде илинген "Мекеним Кыргызстандын баннери. (Сүрөт: Болот Темиров)

Интернетте партия жарандардын колдоосун алыш үчүн акча сарптап жатканы тууралуу маалыматтар пайда болууда.

«Ютубга» чыккан видеодо бир аял тамак-аш коюлган дасторконду тегеректеген аялдарды видеого тартып, «Майрам кылып берип атат. Майрамда отурабыз. «Мекеним Кыргызстан», - дейт. «Арактар, винолор, коньяк, суулар. Мына, катындар, баарыбыз тизилип отурабыз. «Мекеним Кыргызстан». Койлорду союп койгон» - деп жыйынтыкталат жарым мүнөттүк видео.

«Мекеним Кыргызстанга» атаандаш чыккан партиянын өлкөнүн түштүгүндөгү активисти анын айылында добуштарды түздөн-түз эле сатып алып жатышканын кабарчыларга айтып берген.

«Мекеним Кыргызстандын» үгүтчүлөрү 5 миң сомдон 10 миң сомго чейин алышат», - дейт активист партияга добуш чогултуу тапшырылган жергиликтүү тургундар жөнүндө. «Алар добушуңду «сат» дешпейт. Жөн гана акча берип, «чай ичип кой» дешет. Бул алар сизди өзүнө байлап алды дегенди билдирет. Кечээ «Мекеним Кыргызстан» биздин айылда бир кишиге 2000 сомдон тарата баштады», - деп сөзүн улады активист.

Ал ошондой эле өзүн коркутуп кетишкенин да айтып берди.

«Криминалдар деп айта албайм. Бирок чала спортчулар жана чала криминалдар. Негизинен Райымга ишенгендер». Алар «жөн жүр» дешти. «Түшүнөсүң да, бул жерден мен добуш топтошум керек. Өзүңө өзүң мүшкүл үйүп кереги барбы?» деп айтышты», - дейт башка партиянын үгүтчүсү.

Саясат талдоочу Азимовдун пикиринде мындай ыкмалар кеңири көрүнүш.

«Мекеним Кыргызстан» гана добуш сатып алууда деп айтуу бир тараптуу болуп калат. Иш жүзүндө партиялардын бардыгы эле муну кылышат» дейт ал. «Албетте, «Мекеним Кыргызстандын» каржылык ресурсу башкаларынан көп экени түшүнүктүү. Бирок добуштарды сатып алуу кеңири жайылган ыкма», - деп пикирин жыйынтыктайт серепчи.

Акчадан тышкары «Мекеним Кыргызстандын» дагы бир артыкчылыгы бар. Өлкөнүн түштүгүндө жергиликтүү тургундар арасында алардын колдоочулары басымдуулук кылат. Бул негизинен Матраимовдордун шарапаты менен ишке ашкан. Алар өз таасирин кантип кармап турганын өз көзү менен көрүш үчүн кабарчылар үй-бүлөнүн кичи мекени Кара-Суу районуна жөнөшкөн.

Оштогу базар. (Сүрөт: OCCRP)

Кичи мекендин койнунда

«Ааламга жол айылдан башталат». Парламенттин мүчөсү, үй-бүлөнүн улуусу Искендер Матраимовдун «Фейсбук» барагындагы бул постун «Мекеним Кыргызстандын» үгүт видеосу менен кошо көрсө болот.

Матраимовдор калк жыш жайгашкан райондун төрт бурчу төп келген Агартуу айылынан болот. Үй-бүлөнүн чоң үйү жана жана көп бизнеси кошуна Ош шаарында. Матраимовдун компаниялары Кара-Суу шаарында жана райондогу айылдарда катталган. Ош жана Кара-Суу районунун борбору «Мекеним Кыргызстандын» көрнөк-жарнагына толгон.

Үй бүлөнүн башкы таасири алар туулуп өскөн Агартуу айылында экени талашсыз. Айылдагы мечитти Матраимовдор куруп берген, - деп бөлүшөт жердештери. Көчөлөрдүн бири Исмаил ата көчөсү деп жазылып турат. Исмаил таасирдүү бир туугандар Искендер менен Райымбектин көзү өтүп кеткен атасы. Анын атын алып жүргөн кайрымдуулук фонду дал ушул алакандай айылда катталган.

«Клооптун» эки кабарчысы былтыр июнда Агартууга барганда жергиликтүү тургундар журналисттерден чочулап турганын байкашкан. Матраимовдордун биринин үйүнүн жанында кабарчыларга өспүрүм бала суроо берип, чөнтөк телефонуна сүрөттөрүн тартып алган. Бир нече мүнөттөн кийин милиция кызматкери келип, «шектүү кыздар» жөнүндө маалымат түшкөнүн айтып, эмне кылып жүрүшкөнүн сураган. «Бул жакта силерди күткөн эч ким жок» деп ачык белги беришкен.

Айылдыктар менен сүйлөшкөндө Матраимовдор эл ичине канчалык популярдуу экени даана байкалат. Үй-бүлө студенттерге, жетим-жесирлерге, оорулуу адамдарга же башка муктаждарга акча берип колдоо тапкан.

Жергиликтүү аял, Райымбектин энесинин алыскы тууганы бул үй- бүлөнү мактады. «Агартуунун бардык жашоочулары Матраимовдорду колдошот», – деди ал.

Ал Райымбек жөнүндө анча көп деле билбейт. Бирок иниси Русланбек майда-чүйдө техника сатып алууга жана майрамда акча бергенин айтып мактады.

Матраимовдордун дагы бири Тилекбек баласы үй куруп жаткан көчөгө суу жана жарык өткөрүп бергенин айтат. Тилекбек Кара-Суу районунун акими болсо да, бизге сүйлөгөн аял «ал ишти өкмөт каржылаган эмес» деген ишенимде.

«Өзү жасады. Райондун акими катары эмес, өз чөнтөгүнөн төлөгөн», - дейт аял.

Ал бул үй-бүлө кайдан байыганына кызыккан эмес. «Мен алардан: «Акчаны кайдан аласыңар?» десем «Ишиң эмне?» дешет да».

Кайрымдуулук фонду

Матраимовдордун колундагы эң кубаттуу куралы - үй-бүлөнүн кайрымдуулук иштери, маркум атасы Исмаилдин (Ысмайыл) ысымы берилген «Исмаил ата» фонду.

2013-жылы түзүлгөн фондду Русланбек жетектейт. Фонд саламаттык сактоо, билим берүү жана спорт тармагында иш алып барат. Улут аралык чатактан жабыркагандарга азык-түлүк таратып, спорттук мелдештерди уюштуруп, жетим-жесирге стипендия бөлүп берген.

Ал уюмдун масштабы менен таасиринен улам ар кыл иш-чараларына бийликтин бийик сересинде отургандардан бери барышат. 2019-жылы май айындагы волейбол боюнча мелдешке вице-премьер-министр, парламент спикери, ондогон депутаттар, Бишкектин мурдагы мэри жана саясатчылар барганы белгилүү.

«Мекеним Кыргызстан» Оштогу баннери. Сүрөт: OCCRP

Бирок «Азаттык» радиосу, OCCRP жана «Kloop» буга чейинки иликтөөлөрүндө фонддун каржы булактары тууралуу маселени козгогон. 2014-2019-жылдар аралыгында которулган акчанын банктык кагаздары жана башка документтер фонддун каржысынын жарымы Кыргызстандан ири өлчөмдө акча адалданган көмүскө түйүндөн түшкөнүн көргөзгөн.

Фонд эч качан демөөрчүлөрүнүн аты-жөнүн коомчулукка ачык көрсөткөн эмес. Кабарчылар жакында бул фонд COVID-19га каршы кайрымдуулукка жана жардамга бөлгөн акчанын төркүнүн сурашканда Искендер Матраимов өзүнүн «Фейсбуктагы» баракчасына багыттаган. Бирок ал жерде андай маалымат жок.

«Бир туугандарга тоскоол болбогула»

Өткөн жылы жайда «Ютубдагы» анча белгисиз каналда кимдир-бирөөлөр Матраимовду колдогон узун жарнама роликтерди чыгарышкан. 22 мүнөттүк бир видео «Матраимовдор жана спорт» деп аталат. Анда өлкө боюнча бул үй-бүлө курган бир нече спорттук жай көргөзүлгөн. Дагы бир видеодо фонд Фатима деген оорукчан кызга дарыланууга жардам бергени баяндалат.

«Фатиманын атасымын» деген киши «Райымбек Матраимовдой бир туугандарга (инилерге) тоскоол болбой, жардам бергиле. Андай кишилер түрмөгө отургузулса, биздей элге ким жардам берет?» – деп коомчулукка кайрылат.

Кандай болсо да фонд өз ишин коомчулукка жарнамалоого активдүү аракет көрөт.

Фонддун «Фейсбуктагы» баракчасы 2019-жылы ачылгандан бери үзүл-кесил болуп келаткан. Бирок жарыяланган посттордун саны жана сапаты коронавирус пандемиясы жайылып, шайлоо жакындаган сайын өстү.

Материалдар көп болчу. Фонд кризис учурунда бир топ жардам берди, анын ичинде 20 миң тест, 19 ИВЛ аппаратын, жүз миңдеген медициналык беткап жана жеке коргонуучу каражаттар, муктаждарга тамак-аш жагынан көмөктөшкөн.

Матраимовдордун фонду жардам иретинде берген COVID-19 тесттери. (Сүрөт: «Исмаил ата» фонду.)

Бир гана август айында жарыяланган 22 түрдүү видеонун биринде пандемия убагында жардам берген ыктыярчылар мактоо баракчаларын алып жатышат. Драмалык музыка коштогон дагы бир видеодо фонддун кызматкерлери чакан айылга концентраторлорду берип жатканы тартылган.

Искендер Матраимовдун «Фейсбук» барагында да «Мекеним Кыргызстанга» добуш бергиле» деген үгүттөн тышкары фонддун коронавирус маалында жардам берип жатканы тартылган ондогон видео жайгаштырылган.

Социалдык тармактардын айрым колдонуучулары Матраимовдордун ниетине шектене карашат. «Бул элден уурдалган акчанын бир эле тамчысы» деп жазган «Фейсбукта» комментарий калтырган колдонуучу.

«Өлүү же тирүү»

Бирок үй-бүлө жана алардын ишмердиги тууралуу жазуу кесипкөй журналисттер үчүн да оңой эмес.

Эркин журналисттер үй-бүлө тууралуу сын пикир жазганда Матраимовдордун колдоочулары аларды коркутушкан.

«Клооптун» кабарчылары Кыргызстандын түштүгүндө үй-бүлөнүн бизнесин иликтеп жүрүшкөндө мындай фактыларды өз башынан кечиришкен.

Матраимовдорго байланышы бар фирмалардын тизмесин иликтеш үчүн кабарчылар Кара-Суу шаарына жөнөшкөн. Алар бул үй-бүлөгө байланышы бар компания катталган көп кабаттуу үйгө барышкан.

Кесиптештердин бири машинеде күтүп отурган чакта эки жигит терезесин тыкылдаткан. Алар аны таанышарын, кайда жашарын, эмне максат менен жүргөнүн билишерин айтышкан. Бул эскертүү экенин баса белгилешкен. Ошондон соң журналисттер тобу Ошко кайтууга аргасыз болгон.

Ошол эле күнү кечинде жана эртеси «Клооптун» журналисти басылманын Оштогу кеңсесинин жанында токтоп турган шектүү машинелерди байкаган. Эки кабарчы сапарын кыскартып, аэропортко жөнөгөн. Аларды бир машине коштоп жүрүп отурган.

Аларды машинеси менен аэропортко жеткирип барган журналист үйүнө келгенден кийин да баягы арттан ээрчиген машинени көргөн. Машинедеги бейтааныш эки кабарчы шаардан кеткенин билгенден кийин, бейкапар түр көрсөтүп, «кеткендери ырас болду, эми баары жакшы болот» деп айткан.

Бишкектеги Factcheck.kg сайты да Матраимовдордун үй-бүлөсү тууралуу бир нече иликтөөсүн жарыялаган.

Сайттын негиздөөчүсү жана башкы редактору Болот Темиров буга дароо «жооп болгонун» айтат. «Элестетсеңер, эртең мененки саат 10до биринчи бөлүгү жарык көрдү. Саат 12де тааныш бирөө чалып «жолугалы» деди. Анан [Матраимовдор тарабынан] акча сунуштады»

Темиров акчадан баш тартканда, үй-бүлөлүк бизнес жүргүзгөн тууганынан дагы бир сунуш түшкөн. «Макул болсом, парламентке депутат болуп калат имишмин. А мен телефонумду өчүрүп салдым», - дейт Темиров.

9-январда Темиров кеңсесин көздөй баратканда ага артынан үч киши кол салып, жыга чаап, бетке-башка тепкилеген. Андан кийин “Фейсбукка» жазган постунда Темиров сабоону токтотууну суранганын, бирок тигилер токтобостон, дымы чыкпай калганга чейин сабашканын айтып берген.

Темиров иликтөөсү чыккандан көп узабай сабалган. (Сүрөт: Kloop)

Журналисттин айтымында, окуядан бир күн мурда кеңсесинин жанына бир киши келип, Factcheck.kgнин логосун көргөзүп, офиси кайда экенин кошуналардан сураштырган.

Кыргызстандагы опузанын учу атүгүл алыскы Прагага чейин жетти. Жыл башында «Азаттык» радиосу, OCCRP жана «Kloop» мекемелери жүргүзгөн иликтөөнүн башкы журналисти Али Токтакунов Райымбек Матраимов тарабынан аны «өлүү же тирүү алып келгиле» деген тапшырма берилгенин билген. Токтакуновго аны мурдагы бажычы айтып берген жана журналисттин Прагада баскан-турганын аңдыган далилди жиберген.

«Азаттык» радиосу кыргыз бийлигин бул окуяны иликтөөгө чакырган, бирок эч андай иш жүргөн эмес. Матраимов эмне себептен журналисттин жеке маалыматтарын жана даректерин чогулттурганы тууралуу ооз ачкан эмес.

Ушул жекшембидеги шайлоо Матраимовдордун машинасы басым-кысым, акча, чыныгы энтузиазмдын жардамы менен канча добуш топтой аларын көргөзмөкчү. Кыргызстандыктардын бир тобу үй-бүлөнүн күмөн жараткан кирешеси жөнүндө кабардар болгону менен, атүгүл клан тууралуу рэп видео тартылганы менен алар (Матраимовдор) өз чебинде колдоону камсыз кылып койгондой.

Матраимовдордун айылында туулуп, азыр да ошол жактарда жашаган орто жаштагы бухгалтер үй-бүлө туралуу буга чейинки иликтөөлөрдү телевизордон көргөнүн айтат.

«Бирөө «Райым миллионго» барып иликтенип жаткан акчасы жөнүндө сурады. Ал суроого жооп кайтарган жок. Анын эки машинеси турган. Бирөөнө отуруп алып кетип калды. Жооп берүүнү да туура көргөн жок».

«Алар абдан таасирдүү адамдар. Алар президенттен да өйдө турат», - дейт журналисттер менен сүйлөшкөн аял.

ДАГЫ КАРАҢЫЗ: