Президент Сооронбай Жээнбеков добушун Бишкектин №5 лицейинде берди.

«Биз шайлоонун адилет өтүшү үчүн баарын жасадык. Бардык партияларга бирдей шарт түзүлдү. Бир дагы партияга артыкчылык берилген жок, бир дагы партияга кысым көрсөтүлгөн жок», — деп эсептейт президент.

Анткен менен үгүт учурунда партиялар да, журналисттер да айрым саясий брикмелер көптөгөн бузууларга барып, ал үчүн жоопкерчилик тартышпаганын белгилешкен. Мисалы, президенттин иниси аттанган «Биримдик» партиясы бир далай жолу админресурс колдонуу жана сатып алууга шектелген. Сатып алуу жана башка партиялардын үгүтчүлөрүнө кол салууларга Учурдагы чакырылыштын депутаты Искендер Мартраимов талапкерлигин койгон «Мекеним Кыргызстан» партиясы да шектелген.

Президент добуш берип атканда «Клооп» бузууларды, шайлоочуларды участокторго ташып келүүлөрдү каттап атты.