Коронавирус 244 кыргызстандыкта тастыкталды, каза тапкандар жок

Республикалык штаб билдиргендей, өлкөдө сутка ичинде COVID-19 жуктуруунун жаңы 244 учуру каталды.

  • Бишкек — 26;
  • Ош — 25;
  • Чүй облусу — 8;
  • Ош облусу — 62;
  • Талас облусу — 2;
  • Нарын облусу — 3;
  • Ысык-Көл облусу — 6;
  • Жалал-Абад облусу — 79;
  • Баткен облусу — 33;

Пандемия башталган күндөн тарта республикада коронавирус жуктуруунун 47 428 учуру катталды.

Штабдын маалыматына ылайык, өткөн сутка ичинде коронавирус менен ооругандардын арасында каза тапкандар болгон жок. Жалпысынан пандемия башталгандан бери коронавирус 1 066 бейтаптын өмүрүн кыйды. Сутка ичинде ооруканалардан айыгып 140 бейтап чыгарылды.

  • Бишкек — 9;
  • Ош — 25;
  • Чүй облусу — 4;
  • Ош облусу — 43;
  • Талас облусу — 2;
  • Нарын облусу — 11;
  • Ысык-Көл облусу — 4;
  • Жалал-Абад облусу — 17;
  • Баткен облусу — 25.

Пандемия учурунда өлкө боюнча жалпы 43 418 бейтап ооруканалар менен стационарлардан айыгып чыкты.

Медкызматкерлердин арасынан жуктуруунун жаңы 14 учуру катталды.

  • Бишкек — 3;
  • Ош облусу — 3;
  • Жалал-Абад облусу — 2;
  • Баткен облусу — 7.

Стационар жана үй изоляциясынан сутка ичинде 8 медик айыкты. Жалпысынан COVID-19 3 318 медкызматкерден тастыкталган, алардын ичинен 3 049у айыккан.


Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов 4-октябрда брифингде аскер бөлүктөрүндө COVID-19 21 адамда тастыкталганын кабарлаган.