Ошто журналист анын атынан башка бирөө шайлап койгонун билдирди

Ошто «Ынтымак» телеканалынын журналисти Умида Мирзабекова анын ордуна кимдир бирөө добуш берип кеткенин кабарлады. Бул тууралуу ал фейсбукта пост жарыялады.

«Атуулдук бурчумду аткарайын деп барсам мени атыман кимдир бироо шайлап кетиптир. #Таза шайлоо 2020», — деп жазган Мирзабекова.

Журналист аймактык шайлоо участогунун кызматкерлеринен түшүндүрмө талап кылганда, алар «адашып» жазып алышканын айтышкан. Бирок Мирзабекова шайлоого катыша алган эмес.

Шайлоочу добуш берүүгө чейин биометрикалык идентификациядан өтүп гана добуш бере алмак. Мирзабекованын атынан кандайча башка киши шайлап койгону түшүнүксүз болууда.

LIVE: Кыргызстандагы парламенттик шайлоонун жүрүшү