Өлкөдө коронавирустун жаңы 164 учур катталды — жалпы 47 799 учур

Республикалык штабдан 6-октябрга карата коронавирустун жаңы 164 учуру катталганын кабарлашты. Жаңы катталган учурлардын 111и лабораториялык тастыкталган.

Аймактар боюнча:

Баткен облусунда - 63;

Ош облусунда — 41;

Жалал-Абад облусунда – 40;

Чүй облусунда – 23;

Ош шаарында — 19;

Бишкек шаарында — 17;

Ысык-Көл облусунда – 10;

Талас облусунда — 1;

Нарын облусунда - 1.

Мындан сырткары өткөн суткада илдеттен 123 бейтап айыкты.

Коронавирустан айыккандардын эң көбү Ош облусунда катталды — 41. Ошондой эле Жалал-Абад облусунда — 29, Баткен облусунда — 18, Ысык-Көл облусунда — 12, Бишкек шаарында жана Чүй облусунда сегизден, Ош шаарында төрт, Нарын облусунда эки жана Талас облусунда бир бейтап сакайып, ооруканалардан чыгарылды.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 47 799га жетти. Алардын ичинен 43 644 бейтап оорудан айыкты — бул жалпы оорулуулардын 91 пайызы. Ошондой эле коронавирус 1 066 кишинин өмүрүн алды — алардын ичинде 83 медкызматкер бар.

Бүгүнкү күндө коронавирустан 1 195 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат. Ошондой эле 1 439 киши үй шартында дарыланууда.

Коронавирус инфекциясы медкызматкерлердин арасында да катталды — өткөн суткада өлкөдө тогуз медик илдетке чалдыкканы белгилүү болду. Алардын төртөө Баткен облусунда, үчөө Чүй облусунда жана экөө бишкек шаарында катталды.

Ошондой эле үй шартында дарыланган төрт медкызматкер айыкты. Жалпысынан COVID-19ду 3 336 медик жуктуруп, алардын 3 063ү оорудан сакайган.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.