Ошко экс-мэр Мелис Мырзакматовдун келиши күтүлүүдө

Ош, мурдагы мэрдин тарапташтары. Сүрөт: Хамидулло Узаков / kloop.kg

Ош шаарынын борбордук аянтта өтүп жаткан митингге шаардын мурдагы мэри Мелис Мырзакматовдун келиши күтүлүп жатат. Анын тарапташтары аянтка Мырзакматовду колдогон чакырыктар жазылган баннерлер менен турушат.

Кабарчыларыбыздын жеринен билдиришинче мурдагы мэр Стамбулдан учуп келе жатат, ал Ош эл аралык аэропортуна саат 15:00дө түшөт деп кабарланган. Аянтка жарым сааттан кийин келери айтылды.

Буга чейин шаардык кеңештин депутаттары калаа башчысы Таалайбек Сарыбашовду кызматтан кетирүүнү сунушташкан.

Таң эрте борбордук аянтка Жээнбековдун саясатын колдогон топ чогулган. Алардын алдына «Биримдик» партиясынын талапкери, депутат Асылбек Жээнбеков келип сөз сүйлөп кетти. Андан кийин оппозициячыл партиялардын өкүлдөрү жана тарапташтарынын саны көбөйүп аларды сахнадан сүрүп чыгарышты.

Учурда Бишкек, Ош шаардарында жана өлкөнүн айрым аймактарында парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбоо боюнча митингдер өтүп жатат.

Сегиз партия тарабынан Координациялык кеңеш түзүлүп, учурда жыйын өтүүдө. Ал арада БШК шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу чечимин кабыл алганы айтылды.

Ал арада өкмөттүн Баткен, Нарын, Ысык-Көл, Талас жана Ош облусундагы өкүлдөрү кызматтарын тапшырышты. Ошондой эле өлкөнүн айрым райондорунун акимдери да кызматтарын тапшырышты. Ал эми эң маанилүү делген район Кара-Суунун акимин эл өзү алмаштырды.

Мырзакматов деген өзү ким?

Мырзакматов

Мелис Мырзакматов — Кыргызстандын түштүгүнөн чыккан саясатчы, ал 2009-2013-жылдары өлкөнүн экинчи борбору саналган Ош шаарынын мэри болуп турганда атактуулугунун туу чокусуна жеткен.

Анткени менен Мырзакматов 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин да, ошол эле жылдын июнунда Кыргызстандын түштүгүндө болгон этникалык жаңжалдан кийин да өз кызматын ордун сактап кала алган чоң мансаптуу аткаминерлердин бири болгон.

Болбосо, ал учурда Бакиевдин убагында кызматка орношкондордун баарын алмаштырып жатышкан эле.

Мырзакматов өзүн абройлуу, төрт тарабы төп келишкен «элдик» саясатчы катары көрсөтүп келген.

Анын мэрлигинин акыркы жылдарында эксперттер Мырзакматовдун күчтүү дымагы, ал регионалдык деңгээлде эң начарлардын арасында мыктылардын бири болбостон, республикалык масштабдагы саясатчы болгусу келгени тууралуу айтышкан.

Бирок Бишкектеги бийликке Мырзакматовдун күчтүү лидер болгону, аны жергиликтүү калк колдогону, ошол эле учурда анын күтүүсүз аракеттери жана борборго өзүнүн баш ийбестигин көрсөткөнү жаккан эмес.

«Кыргыз коомчулугунда элдерге өз көз карашында тайманбастан, борборго каршы салмактуу аракеттерди жасай алгандар жагат. 2011-жылы Мырзакматов Убактылуу өкмөттү ачык сындагандан уялган эмес, жалпылап айтканда, андайга анын деңгээлиндеги Кыргызстандын аткаминерлери батына алышкан эмес», — деп айткан эксперт Инга Сикорская 2013-жылы Тынчтыкты жана согушту чагылдыруу институту (IWPR) үчүн курган маегинде.

2013-жылдын аягында бийликтегилер Мырзакматовду мэр кызматынан алуу үчүн шылтоо табышкан. Мырзакматов Оштун мэри болуп туруп, тагыраагы декабрдын башында, буга чейин бир ай мурда коррупцияга айыпталып камакка алынган парламенттин экс-спикери Акматбек

Келдибековду колдогон митингге чыккан. Бул премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевге жакпай калып, ал биринчи Мырзакматовду ыйгарым укугунан чыкпоого чакырып, эки күн өткөндөн кийин аны кызматынан алган.

Мырзакматовдун өзүнүн айтымында, анын кызматтан кетишине бийликтегилерге, анын ичинде ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевге жана анын президенттик социал-демократтар партиясына ачык эле каршы турганы себеп болгон.

«Мага карата саясий репрессиялардын себеби, биз жетектеген «Улуттар Биримдиги» партиясы бийликтин кемчиликтерин ачык айтып, бийликтегилердин коррупциялык иштерин көзгө сайып көрсөтүп турганыбызда», — деп ошондо айткан Оштун мурдагы мэри.

Саясатчынын кызматтан алынышы Ошто митингдердин жаңы толкундарынын чыгышын шарттаган. Бирок мурдагы мэр өзү тарапташтарын тынчтыкка чакырып, аларды үйлөрүнө таркап кетүүгө үндөгөн.

Кийинчерээк «кылымдын курулушу» делген Оштун борборунда эстакадалык көпүрөнү салууда кызматтык ыйгарым укутарынан аша чапкандыгы үчүн Мырзакматовго каршы кылмыш иши козголгон. Бул долбоорго мурдагы мэр чоң үмүттөрдү арткан.

Ал 27 млн сомду ыксыз короткон делип айыпталганы менен Мырзакматов өзү «ар бир тыйын» үчүн жооп берүүгө даяр экенин билдирген.

2014-жылы Мырзакматов Ош шаардык кеңешинин депутаттарынын жашыруун добуш берүүсү менен өткөн шайлоодо Ош мэринин кызматына кайрадан талапкерлигин коюп, бирок анын «Улуттар биримдиги» партиясы шаардык кеңеште 45 орундун ичинен дээрлик жарымын ээлеп турганына карабастан бийликчил талапкер Айтмамат

Кадырбаевге утулуп калган. Мырзакматовдун жеңилишинде карама-каршылыктар болгон. Кадырбаевдин пайдасына бир нече гана добуш көбүрөөк берилген, ал эми кийинчерээк коомдук тармактарда жана ЖМКда депутаттар өз тандоолору белгиленген бюллетендерди шаардык кеңештин вице-спикерине көрсөтүп жатышканы тартылган видео пайда болгон.

Ушинтип утулуп калгандан кийин жана кылмыш куугунтугунун шартында Мырзакматов Кыргызстандан качып кеткен. 2015-жылы сот аны сыртынан 7 жылга эркинен ажыраткан.