ЖМК: Кара-Суу районунун тургундары акимди алмаштырышты

«Клооптун» редакциясына Ош облусундагы Кара-Суу районунун тургундары 6-октябрда администрациянын алдына чогулуп жатышат деген маалымат келип түшкөн. Андан көп өтпөй 24.kg басылмасы аким Тилек Матраимовдун иш бөлмөсүнө кирип барган тургундар башка бир кишини аким кылып шайлап, ага бата берип жатканы тартылган видеону ютубга жүктөдү.

Тургундар дайындаган аким ким экени белгисиз, бирок ал эл ишенимин актоону убадалаган. Ошондой эле тасмадан, тургундар «Дүйшөндү азыр Ошко алып барып мэр кылабыз» дегенин угууга болот.

«Бул шакалдар өздөрүнө өзү кылышты. Форма №2, добуш сатып алган коррупционерлерди биз 6-октябрда жеңдик», — деген ал.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев Кара-Сууда абал туруктуу экенин билдирди. Акимдин алмашканы боюнча социалдык тармактарда тараган маалыматтардан билгенин айтты.

Аким районду 8 жылдан бери жетектеп келе жаткан, ал 24-сентябрда эмгек өргүүсүн алган. Матраимовдордун үй-бүлөсүнө таандык делген «Мекеним Кыргызстан» партиясы парламенттик шайлоодон лидерлердин бири болуп өткөн. Шайлоонун жыйынтыгына көпчүлүк тургундар нараазычылык билдиришип, 5-октябрда Бишкектин борбордук аянтында мөөнөтсүз митинг башташкан.

Митингчилер түнкү саат үчтөр чамасында Ак үйдү, УКМКны, башкы прокуратуранын имаратын жана Бишкек мэриясын басып алышкан.

Учурда Бишкек, Ош шаарларында жана өлкөнүн айрым аймактарында митингдер өтүп жатат.

Матраимовдордун үй-бүлөсү

2019-жылдын май айында «Азаттык» Кыргызстандан 700 млн доллар чыгарылып кеткени жана буга Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн тиешеси бар болушу мүмкүндүгү тууралуу иликтөө чыгарган.

Кийинчерээк Матраимовдор каражаттардын чыгарылып кетишине тиешелери жоктугун айтып чыгышкан. Ал эми финпол журналисттер келтирген жүйөлөрдү текшерип, чет өлкөдө Матраимовдордун мүлкү табылбаганын билдирген.

2019-жылы күзүндө OCCRP, «Азаттык» жана Kloop «Жибек жолундагы аткезчилик, коррупция жана кландар» аттуу журналисттик иликтөөсүн чыгарып, кытайлык ишкер Хабибула Абдукадырдын таасирлүү кыргыз аткаминери Райымбек Матраимов менен болгон байланышы жөнүндө айтып беришкен.

Журналисттердин маалыматчысы — Айэркен Саймаити — өлкөдөн 700 млн долларды мыйзамсыз чыгарып кеткенин мойнуна алып, чырмалышкан коррупциялык түйүн мурда бажы башчынын орун басары болуп турган Райымбек Матраимовдун жардамы менен түзүлгөнүн билдирген.

Саймаити иликтөө чыгаарына 11 күн калганда Стамбулда киши колдуу болуп өлтүрүлгөн. Ал Абдукадыр менен мамилеси бузулгандан кийин акыркы жылдары Стамбулда жашап жаткан.

Бул иликтөө коомчулукта резонанс жараткан. Өткөн жылдын ноябрь айында миңдеген адам «Ак үйдүн» алдына коррупцияга каршы митингге чыккан. Чогулгандардын негизги талабы Райымбек Матраимовду камоо жана реалдуу реформаларды өткөрүү болгон.

Матраимовдордун үй-бүлөсү Kloop, «Азаттык» жана «24.kg» (бул басылма иликтөөдө катышкан эмес, ал иликтөө тууралуу өз сайтында жарыялаган) басылмасын 60 млн сомдук доо менен сотко бергенден кийин, жарандар экинчи митингге чыгышкан.

Митингдин катышуучулары парламенттин алдындагы революция эстелигинин жанына чогулуп, ЖМКларга басым жасоону токтотууну талап кылышкан.

Кийинчерээк Матраимовдор «24.kg» басылмасына койгон доосунан баш тартышкан. Бирок алар Райымбек Матраимовдун «ар-намысы менен ишкердик беделине» зыян келтирилди деп Kloopтон 12,5 млн сом, «Азаттыктан» 22,5 млн сом жана журналист Али Токтакуновдон 10 млн сом талап кылышууда.