Өзбекстан Кыргызстан менен чек арасын белгисиз мөөнөткө жапты

Чек ара бекети

Өзбекстан 6-октябрда Кыргызстандын жарандары үчүн жана өлкө аркылуу өткөн чет өлкөлүктөр үчүн республикага кирүүгө чектөө киргизди. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы маалымдады. Бирок канча убакытка экени так айтылган жок.

Ошол эле учурда Өзбекстандын Кыргызстандагы жарандарына жана коңшу өлкөдөгү кыргызстандыктарга мекенине кайтууга уруксат берилет. Муну менен катар жүк ташуучу унаалардын кирип-чыгуусуна эч кандай чектөө жок.

Эки өлкөнүн чек арасы алты айлык карантинден кийин, 2-сентябрда ачылган. Чек ара кызматы учурда чек ара бекетинде абал туруктуу деп кабарлады.

Бишкек жана Ош шаарында, өлкөнүн айрым аймактарында парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбоо боюнча митингдер өтүп жатат.

Сегиз партия тарабынан Координациялык кеңеш түзүлүп, учурда жыйын өтүүдө. Ал арада БШК шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу чечимин кабыл алганы айтылды.

Ал арада өкмөттүн Баткен, Нарын, Ысык-Көл, Талас жана Ош облусундагы өкүлдөрү кызматтарын тапшырышты. Ошондой эле өлкөнүн айрым райондорунун акимдери да кызматтарын тапшырышты. Ал эми эң маанилүү делген район Кара-Суунун акимин эл өзү алмаштырды.