Коронавирус дагы 298 кишиден аныкталып, 154 киши сакайды

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабдан 7-октябрда коронавирустун жаңы 298 учуру катталганын маалымдашты.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Баткен облусу — 89;

Ош облусу — 61;

Жалал-Абад облусу — 47;

Чүй облусу — 10;

Ысык-Көл облусу — 5;

Бишкек — 57;

Ош шаары — 20,

Талас облусу — 8;

Нарын облусу — 1.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 48 097ке жетти. Аймактар боюнча коронавирустун эң көп учуру Бишкекте катталды — 18 211. Ал эми Чүй облусунда — 5 654, Ош облусунда — 4 863, Жалал-Абадда — 4 950, Ысык-Көлдө — 4065, Ош шаарында — 3 625, Баткенде — 3 462, Нарын облусунда — 1 767 жана Талас облусунда — 1 500 учур катталды.

Ошондой эле, акыркы суткада 154 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Сакайгандардын эң көбү Ош облусунда катталды — 48, Жалал-Абад облусунан — 28, Бишкек шаарынан— 12, Ош шаарынан — 23, Баткен облусунан — 23, Чүй облусунан — 5, Талас облусунан — 2 жана Ыссык-Көл облусунан — 13 бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 43 798 бейтап оорудан айыкты. Ооруканаларда 1 325 бейтап, ал эми үй шартында 1450 киши дарыланып жатат. Инфекция жалпы 1 069 адамдын өмүрүн алды.

Акыркы суткада 18 медкызматкерден коронавирус аныкталды. Бишкек шаарынан — беш, Жалал-Абад облусунан — үч, Баткен облусунан — эки, Ош шаарында — үч, Ош облусунда — беш медик COVID-19га чалдыккан. Ал эми бир суткада бир медик айыкты жана беш медик үй шартында дарыланып сакайды.

Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 3 354кө жетти, анын ичинен 3 069 медкызматкер илдеттен айыкты.