Мелис Мырзакматов: «Эртең менин командамды күтөсүңөр»

Мелис Мырзакматов Ошко келди

Posted by Жетинчи канал on Tuesday, October 6, 2020

Алты жылдан бери чет өлкөдө жүргөн Оштун мурдагы мэри Мелис Мырзакматов 7-октябрга караган түнү Кыргызстанга кайтып келди. Мырзакматовдун тарапташтары аны Оштун эропортунда тосуп алышып, борбордук аянтка алып келишти.

Мырзакматов аянтта чогулган миңдеген тарапташтарына кайрылып, учак кеч конгону үчүн кечирим сурады. Ошондой эле ал өлкөдө туруктуулукту сактап калуу керектигин айтты.

«Эки төңкөрүштү баштан өткөрдүк. Азыркы революция дагы төңкөрүшкө айланбашы керек. Талап тоноого өтүп кетпеши керек. Эртеңден баштап мен буйрук беремин, түштүк боюнча Кыргызстандын бүтүндүгү үчүн бир желектин астында топтолушубуз керек», — деди Мырзакматов.

«“Кресло” талашуу»

Мелис Мырзакматов

Оштун мурдагы мэри өзүнүн кайрылуусунда шайлоо таза эмес өткөнүн айтып, парламентте «чимкириктерге жол жок» деп билдирди. Ошондой эле ал 10 жыл мурун болгон Апрель революциясынан кийин да саясий күчтөр бийликтеги кызматтарды талашканын айтты.

«Азыр дагы “кресло” талашып, бир партия бир жерге койсо, аркасынан бир сааттан кийин башка партия башкасын коюп жатыптыр. Булар элди ойлобойт, булар ресурс үчүн, акча үчүн кызмат талашып жанын канжыгага байлап ушул кадамдарга барып жатышат. Урматтуу туугандар, ал жерде идеология… Кээ бир сасык, айныган, бузуку топтордун идеологиясын көрүп турам», — деди Мырзакматов.

Мындан сырткары Мырзакматов «белгисиз күчтөр» азыркы учурдан пайдаланып, улут-аралык жаңжал чыгарууга аракет жасашы мүмкүн деп белгиледи.

«Укук коргоо органдары элге каршы чыкпагыла. Эл — сел, дайым жеңип келген. Эртең да, бүрсүгүнү да жеңип келет. Ошондуктан укук коргоо органдары да биздин балдарыбыз. Биздин мыкты жигиттерибиз. Алар менен дагы биргеликте иш алып барабыз. Ушундайдан пайдаланып туруп, от жагып кетишет. Ушундайдан падаланып, улут-аралык жаңжалга от жагып кетиши мүмкүн», — деди Мырзакматов.

«Менин командамды күтөсүңөр»

Мырзакматов Кыргызстандын түштүк региондорунда тартип орнотуп, абалды көзөмөлгө алаарын айтты.

«Эртең менин командамды күтөсүңөр: Ош, Жалал-Абад, Баткен — менин командамды күтөсүңөр. Эгер тиги жакта бөлүп-жаруучулук болсо, мамлекетке каршы иш болсо, бандиттер, уурулар бийликке келип атса, алданып атса — бир команда менен ушул жакка топтолобуз. Биз өзүбүздүн ультиматумду коёбуз. Биз талапты коюп туруп, аткартабыз. Жалал-Абадда туугандар болобу, Баткен туугандар болобу, өзбек туугандар болобу — менин сөзүмдү жеткирип койгула. Эртең уктабай турган күн. Кыргызстандын бүтүндүгүн сактап калышыбыз керек. Бөлүнүп-жарылганга жол бербешибиз керек», — деди Мырзакматов.

Ошондой эле Мырзакматов революция учурунда бир нече «саясий туткун» делген аткаминерлердин эркиндикке чыгышына нааразы болуп, аларды абакка кайтарууну талап кылды.

«“Душка” менин кадрым»

Дүйшөн Төрөкулов

Мелис Мырзакматов «Душка» каймана аты менен таанымал болгон «Бир Бол» партиясынын депутаты Дүйшөн Төрөкулов менен «өзүнчө сүйлөшө турганын» билдирди. 6-октярбда Оштун мурдагы мэри Таалайбек Сарыбашов кызматынан кеткени айтылгандан кийин Төрөкулов өзүн Оштун мэри катары жарыялаган. Эртеси күнү Сарыбашовду колдоо митинги өтүп ал кызматына кайра кайтарылды.

«“Душка” менин кадрым. Ал баланы Ош шаардык споркомитетинин башчысы кылып дайындаганмын. Аябай жакшы бала. Аны менен мен өзүнчө сүйлөшөмүн», — деди Мырзакматов.

Борбордук аянтта чогулгандар Мырзакматовдон бажы кыматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимов тууралуу комментарий берүүсүн суранышты. Бирок ал ага карата позициясын так айткан жок.

Мырзакматов деген өзү ким?

Мелис Мырзакматов — Кыргызстандын түштүгүнөн чыккан саясатчы, ал 2009-2013-жылдары өлкөнүн экинчи борбору саналган Ош шаарынын мэри болуп турганда атактуулугунун туу чокусуна жеткен.

Анткени менен Мырзакматов 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин да, ошол эле жылдын июнунда Кыргызстандын түштүгүндө болгон этникалык жаңжалдан кийин да өз кызматын ордун сактап кала алган чоң мансаптуу аткаминерлердин бири болгон.

Болбосо, ал учурда Бакиевдин убагында кызматка орношкондордун баарын алмаштырып жатышкан эле.

Мырзакматов өзүн абройлуу, төрт тарабы төп келишкен «элдик» саясатчы катары көрсөтүп келген.

Анын мэрлигинин акыркы жылдарында эксперттер Мырзакматовдун күчтүү дымагы, ал регионалдык деңгээлде эң начарлардын арасында мыктылардын бири болбостон, республикалык масштабдагы саясатчы болгусу келгени тууралуу айтышкан.

Бирок Бишкектеги бийликке Мырзакматовдун күчтүү лидер болгону, аны жергиликтүү калк колдогону, ошол эле учурда анын күтүүсүз аракеттери жана борборго өзүнүн баш ийбестигин көрсөткөнү жаккан эмес.

«Кыргыз коомчулугунда элдерге өз көз карашында тайманбастан, борборго каршы салмактуу аракеттерди жасай алгандар жагат.

2011-жылы Мырзакматов Убактылуу өкмөттү ачык сындагандан уялган эмес, жалпылап айтканда, андайга анын деңгээлиндеги Кыргызстандын аткаминерлери батына алышкан эмес», — деп айткан эксперт Инга Сикорская 2013-жылы Тынчтыкты жана согушту чагылдыруу институту (IWPR) үчүн курган маегинде.

2013-жылдын аягында бийликтегилер Мырзакматовду мэр кызматынан алуу үчүн шылтоо табышкан. Мырзакматов Оштун мэри болуп туруп, тагыраагы декабрдын башында, буга чейин бир ай мурда коррупцияга айыпталып камакка алынган парламенттин экс-спикери Акматбек

Келдибековду колдогон митингге чыккан. Бул премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевге жакпай калып, ал биринчи Мырзакматовду ыйгарым укугунан чыкпоого чакырып, эки күн өткөндөн кийин аны кызматынан алган.

Мырзакматовдун өзүнүн айтымында, анын кызматтан кетишине бийликтегилерге, анын ичинде ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевге жана анын президенттик социал-демократтар партиясына ачык эле каршы турганы себеп болгон.

«Мага карата саясий репрессиялардын себеби, биз жетектеген «Улуттар Биримдиги» партиясы бийликтин кемчиликтерин ачык айтып, бийликтегилердин коррупциялык иштерин көзгө сайып көрсөтүп турганыбызда», — деп ошондо айткан Оштун мурдагы мэри.

Саясатчынын кызматтан алынышы Ошто митингдердин жаңы толкундарынын чыгышын шарттаган. Бирок мурдагы мэр өзү тарапташтарын тынчтыкка чакырып, аларды үйлөрүнө таркап кетүүгө үндөгөн.

Кийинчерээк «кылымдын курулушу» делген Оштун борборунда эстакадалык көпүрөнү салууда кызматтык ыйгарым укутарынан аша чапкандыгы үчүн Мырзакматовго каршы кылмыш иши козголгон. Бул долбоорго мурдагы мэр чоң үмүттөрдү арткан.

Ал 27 млн сомду ыксыз короткон делип айыпталганы менен Мырзакматов өзү «ар бир тыйын» үчүн жооп берүүгө даяр экенин билдирген.

2014-жылы Мырзакматов Ош шаардык кеңешинин депутаттарынын жашыруун добуш берүүсү менен өткөн шайлоодо Ош мэринин кызматына кайрадан талапкерлигин коюп, бирок анын «Улуттар биримдиги» партиясы шаардык кеңеште 45 орундун ичинен дээрлик жарымын ээлеп турганына карабастан бийликчил талапкер Айтмамат

Кадырбаевге утулуп калган. Мырзакматовдун жеңилишинде карама-каршылыктар болгон. Кадырбаевдин пайдасына бир нече гана добуш көбүрөөк берилген, ал эми кийинчерээк коомдук тармактарда жана ЖМКда депутаттар өз тандоолору белгиленген бюллетендерди шаардык кеңештин вице-спикерине көрсөтүп жатышканы тартылган видео пайда болгон.

Ушинтип утулуп калгандан кийин жана кылмыш куугунтугунун шартында Мырзакматов Кыргызстандан качып кеткен. 2015-жылы сот аны сыртынан 7 жылга эркинен ажыраткан.