Оштун мэри кызматын тапшырды. Төрөкулов өзүн жаңы калаа башчысы деп атады

Дүйшөн Төрөкулов маек берген түз эфирден скриншот

Оштун мэри Таалайбек Сарыбашов отставкага кетти. Бул тууралуу анын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров кабарлады.

«Шаар үчүн жасаган иштерине ыраазы болуңуздар. Алдыда ири долбоорлорду толук ишке ашыруу пландары болчу. Элибизге дагы көп кызмат кылат деген үмүттөбүз», — деп жазды фейсбукта Абсаттаров.

Мындай чечимди ал «Бир Бол» партиясынын талапкери, депутат Дүйшөн Төрөкулов менен жүргүзгөн сүйлөшүүлөрдөн кийин кабыл алды. Буга чейин шаардык кеңеш Сарыбашовго ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алган болчу.

Ал арада Төрөкулов мэрдин бөлмөсүнө кирип барып, ЖМК аркылуу элге кайрылуу жасап, жаңы мэр болгонун айтты.

«Урматтуу элим, өзүңүздөр күбө болгондой Кыргызстанда дагы бир төңкөрүш болуп отурат. Ош шаарында да төңкөрүш болуп, биз шаардык мэрияны толук колго алдык. Бүгүндөн баштап бийликтин саясатын жүргүзгөн эч кандай мамкызматкер калбайт, биз аларга жол бербейбиз. Мэр өз эрки менен шаардык мэрияны бизге ишенип таштап кетти», — деди ал.

Оштогу аянтта учурда үч тараптын — кызматын тапшырган Таалайбек Сарыбашовдун, депутат Дүйшөн Төрөкуловдун жана мурдагы мэр Мелис Мырзакматовдун тарапташтарынын ортосуда тирешүү болуп жатат.

Анткен менен Төрөкулов Мырзакматов үчүн мэрдик кызматтын «этабы өткөнүн» билдирип, ал «мэр болом дебейт деп ишенээрин» айтты.

«Ал жаңы шайлоодого өзүнүн партиясы менен чыкса керек деген ойдомун», — деди ал.

Жериндеги кабарчыларыбыздын айтымында, алар өз тарапташтарынын бийликке келүүсүн талап кылышууда. Учурда чет жатка жүргөн Мырзакматовдун Ошко келиши күтүлүүдө.

Аянтка чогулган тургундардын саны 2 миңден ашты — тараптар бири-бирине желим бөтөлкөлөрдү ыргытып жатышат.

Буга чейин мурдагы мэр Мырзакматовдун Стамбулдан учуп келээри айтылып, анын тарапташтары экс-мэрди тосуп алуу үчүн аэропорттун алдында барышкан.

Ал учурда Мырзакматовдун тарапташтары аэропорттун жетекчиси Талантбек Ысаков менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү учурунда ага кол салып, жетекчи эс-учун жоготкону кабарланган.