Вице-спикер Аида Касымалиева: Сооронбай Жээнбеков — менин жана элдин президенти

Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева фейсбуктагы баракчасына Сооронбай Жээнбековду элдик президент деп атап, ал өз мөөнөтүн акырына чыгарат деп үмүттөнөрүн жазды. Ошондой эле, саясатка Жээнбековдун командасы менен келгенин баса белгиледи.

«Сооронбай Шарипович президент болгондон кийин терс жагына өзгөргөн жок. Мурдагыдай эле ак пейил, жөнөкөй, элге жакын, ыймандуу жана мээнеткеч, жоопкерчиликтүү сапаттарын жоготкон жок. Мен өзүмдүн акыл-эсиме, сезимдериме жана интуицияма ишенем. Калгандары — жөн гана саясат. Күндөн-күнгө президент Сооронбай Жээнбековдун эл ичиндеги образын бурмалоого ири ресурстарды жумшаган кара пиарга ишенбейм», — деди Касымалиева.

Бул башаламандыктар укуктук нукка түшүп, мамлекеттин бүтүндүгүн сактап калышыбыз керек деди ал.

«Президент мөөнөтүн акырына чыгарып, өзү айтып жүргөндөй, эл ичинде кадыр-баркы менен сый-урматта жашайт. Сооронбай Шариповичтин дагы бир жакшы сапаты, сынды туура кабыл алат жана каталарынын үстүнөн иштегенди билет. Бардыгыбыз өз амбицияларыбызды артка калтырып, мыйзамдуулуктун жана өлкөнүн, элдин бүтүндүгүн ойлонушубуз керек!» — деп жазды ал.

Я пришла в большую политику в команде Сооронбая Шариповича. Когда я пришла в парламент в 2017-м, он стал...

Posted by Aida Kasymalieva on Wednesday, October 7, 2020

7-октябрда депутаттар «Жаннат» мейманканасына президентке импичмент жарыялоого кол коюу жана жаңы өкмөттү кураш үчүн кезексиз жыйынга чогулган. Алардын арасында Аида Касымалиева болгон эмес. Отурумдун жыйынтыгында, чогулган депутаттар эки маселени тең акырына чыгарышкан жок. Азыр Жээнбеков расмий түрдө президент бойдон турат.

Мейманканадан чыккан депутаттардын видеосу интернетке тарады. Анда депутат Элвира Сурабалдиева төрага «ойлонушум керек» деп импичментке кол койбой койгондугун айткан. Ал эми депутат Мирлан Жээнчороев болжолдуу 30 адам кол койгонун айтып, бирок кайсыл документ тууралуу сөз болгонун ачыктаган эмес.

Бүгүнкү күндө 2 адам өздөрүн премьер-министр деп жарыялашты. Экс-депутат Садыр Жапаровду 6-октябрда «Достук» мейманканасында чогулган депутаттар өкмөт башчы шайлаган имиш. Ошол эле жыйналышта Мыктыбек Абдылдаевди төрага катары бекитишкен.

Кийин Абдылдаев Садыр Жапаровду парламент премьер-министр катары бекитпегенин, болгону чукул жыйында көпчүлүк коалиция тарабынан өкмөт башчылыкка талапкерлиги сунушталганын айткан. Айрым маалыматтарга караганда, ал отурумга 35 депутат катышкан, калгандары ишеним кат аркылуу Жапаровду колдоошорун билдиришкен. Бирок, канча депутат ишеним кат бергени белгисиз. Юристтер депутаттар Жапаровду премьерликке көрсөтүүдө Конституциянын нормалары бузулганын айтып чыгышты.

«Ата-Мекен» партиясынан шайлоого катышкан Тилек Токтогазиев дагы өзүн өзү премьер-министрмин деп жарыялады. 7-октябрда, өкмөт үйүндө өздөрүн координациялык кеңеш деп жарыялагандар жыйынга чогулду. Алар Токтогазиевди премьерликке талапкер катары көрсөтүшкөн, бирок, ал бул кызматка тастыкталып дайындала элек.

Кубатбек Боронов кызматтан кеткендиги тууралуу арыз жазганына карабастан, формалдуу түрдө министрлер кабинетинин азыркы жетекчиси болуп саналат. Мыйзам боюнча президент премьердин кызматтан кетүү тууралуу арызын кабыл алат, же четке кагат. Бүгүнкү күнү бул нормалардын бири дагы ишке ашкан эмес.