БШК шайлоо күрөөсүн жана босогосун азайтууну көздөйт

Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоону кайрадан өткөрүүнү 6-ноябрга чейин дайындайт. Себеби, шайлоонун жыйынтыгы расмий түрдө жокко чыгарылгандан кийин бир айдын ичинде кайрадан шайлоо өтүшү керек. БШК 6-октябрда буга чейин болгон парламенттин шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган.

Ошондой эле, Боршайком кайрадан шайлоо дайындалганга чейин парламентти мыйзамдын деңгээлинде шайлоо күрөөсүн жана парламентке өтүү босого пайызын азайтууну карап чыгуусу маанилүү деп эсептейт.

Андан сырткары №2 формасы менен добуш берүүнүн тартибин өзгөртүү керектигин белгилеген. БШКнын сунушу боюнча шайлоочу добуш берүү дарегин бир облустун ичинде гана шайлоо күнүнө 30 күн калганга чейин өзгөртө алат.

Учурда иштеп жаткан мыйзам боюнча парламенттик шайлоонун шайлоо күрөөсү 5 млн сомду түзөт. Ал эми добуш берген шайлоочулардын 7% добушун алган партиялар гана Жогорку Кеңешке келе алат.

Боршайком өз сунушунда шайлоонун жыйынтыктарынын жараксыз деп табылышына себепчи болгон партиялардын кайрадан шайлоого катышуу укугун карап чыгууну дагы өтүнөт.

Ошол эле маалда БШК 12-саясий партиянын — «Бир Бол», «Чоң Казат», «Республика», «Мекенчил», «Реформа», «Ыйман Нуру», «Ата Мекен», «Мекен Ынтымагы», «Бүтүн Кыргызстан», «Ордо», «Афган согушунун ардегерлери», «Социал Демократтар» партиясынын «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» партиялары тарабынан добуш берүүдө мыйзам бузуулар катталды деген арызын Башкы прокуратура менен Ички иштер министрлиги карап чыгышы керектигин белгиледи.

Шайлоонун жыйынтыгынан чыккан нааразычылык

5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына нааразы болгон партиялардын тарапташтары Бишкек шаарында митинг өткөрүп, аны жокко чыгарууну талап кылышкан. 6-октябрда түндө митингчилер Ак үй менен бир катар мамлекеттик мекемелердин имараттарын басып алышкан. Ал ортодо саясий мотив менен камакка алынды делген бир катар саясатчылар абактардын бошотулган.

ЖК депутаттары дагы кезексиз жыйынга чогулуу үчүн бир нече жолу аракет кылганы менен азырынча андан майнап чыга элек. Эл өкүлдөрүнүн жарымы «Достук» мейманканасына чогулуп, төрагалыкка Мыктыбек Абдылдаевди шайлап, премьерликке Садыр Жапаровдун талапкерлигин сунушташканы маалымдалган. Бирок мындай чечим менен макул болбогон жаштар Жапаровду тааныбай турганын айтып, люстрация мыйзамын киргизүүнү жана эскилердин бийликке келбеши керектигин талап кылып митинг кылышты. Ошол эле учурда президентке иппичмент жарыялоо жана аны бийликтен кетирүү боюнча дагы чакырыктар айтылды.

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдө абал турукташып, легитимдүү өкмөт түзүлгөндөн кийин кызматтан кетүүгө даяр экенин билдирди. 9-октябрда ал премьер-министр Кубатбек Бороновду баш кылып өкмөттү отставкага кетирди. Ошондой эле, УКМКнын башчысы Орозбек Опумбаевди дагы кызматтан алды.

Анткен менен ушул кезге чейин шайлоого катышкан партиялар биригип, өкмөт башчылыкка бирдиктүү талапкерди сунуштай элек.

Төрт партия — «Реформа», «Ата Мекен», «Бир Бол» жана «Республика» премьер-министрликке Өмүрбек Бабановду сунушташты.