Коронавирус дагы 275 кишиден аныкталып, 140 киши сакайды

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабдан 9-октябрда коронавирустун жаңы 275 учуру катталганын маалымдашты.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Баткен облусу — 74;

Ош облусу — 49;

Жалал-Абад облусу — 47;

Чүй облусу — 28;

Ысык-Көл облусу — 10;

Бишкек — 40;

Ош шаары — 25;

Талас облусу — 2.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 48 617ге жетти. Аймактар боюнча коронавирустун эң көп учуру Бишкекте катталды — 18 328. Ал эми Чүй облусунда — 5 699, Ош облусунда — 4 974, Жалал-Абадда — 5 041, Ысык-Көлдө — 4083, Ош шаарында — 3 663, Баткенде — 3 555, Нарын облусунда — 1 769 жана Талас облусунда — 1 505 учур катталды.

Ошондой эле, акыркы суткада 140 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Сакайгандардын эң көбү Ош облусунда катталды — 41, Жалал-Абад облусунан — 21, Бишкек шаарынан— 13, Ош шаарынан — 24, Баткен облусунан — 20, Чүй облусунан — 13 жана Ыссык-Көл облусунан — 8 бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 44 097 бейтап оорудан айыкты. Ооруканаларда 1456 бейтап, ал эми үй шартында 1533 киши дарыланып жатат. Инфекция жалпы 1 077 адамдын өмүрүн алды.

Акыркы суткада 15 медкызматкерден коронавирус аныкталды. Ош шаарынан — бир, Жалал-Абад облусунан — төрт, Баткен облусунан — беш, Ош облусунда — эки, Ысык-Көл облусунда — үч медик COVID-19га чалдыккан. Ал эми бир суткада үч медик айыкты.

Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 3 379га жетти, анын ичинен 3 075 медкызматкер илдеттен айыкты.