Видео: Атамбаев менен Исаковдун унааларына ок тийди

9-октябрда Бишкектеги борбордук аянтта мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана экс-депутат Өмүрбек Бабановдун тарапташтары митинг өткөрүштү. Көп өтпөй ал жерге экс-депутат Садыр Жапаровдун тарапташтары келип, эки тараптын ортосунда жаңжал чыкты.

Чыр учурунда митингчилер бир-бирине таш ыргытып, Жапаровдун тарапташтары делген топ айрым демонстранттарга кол салышканы айтылууда. Жабыркагандардын арасында «Ата Мекен» партиясынын талапкери Тилек Токтогазиев да бар — алдын ала маалымат боюнча анын башына таш тийген. Ал Улуттук госпиталга жеткирилип, учурда абалы туруктуу, өзүнө келди.

Ал эми Алмазбек Атамбаев аянттан унаасына отуруп кетүүгө аракеттенгенде белгисиз киши анын унаасына тапанча менен бир нече жолу ок аткан.

Кийинчерээк Атамбаевд унаасына тийген октун издерин көрсөтүп, тапанча менен аны өлтүрүүгө аракет болгонун айтты. Ал жерде жүргөн журналисттер «желим ок менен атылышы мүмкүндүгүн» божомолдогондо, Атамбаев желим ок зооттолгон унаага мындай издерди калтырбай турганын билдирген. Ошондой эле Атамбаев ага кол салуу болоорун бир күн мурда билгенин кошумчалаган.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев митингде анын өмүрүнө кол салуу болгонун айтууда.

Posted by Kloop кыргызча on Friday, October 9, 2020

Атамбаев менен аянттан чогуу качкан мурдагы премьер Сапар Исаков дагы анын унаасына ок тийгенин билдирди. Бирок жүктөлгөн тасмадан унаага тийген октордун изин көрүү кыйынчылык жаратат.