Видео: Ала-Тоо аянтындагы митингде Тилек Токтогазиев жаракат алды

Бишкектин Ала-Тоо аянтында 9-октябрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен экс-премьер-министр Өмүрбаек Бабановдун тарапташтары митинг өткөрүп жатышкан. Алардын катарына уюшкан кылмыштуулукка каршы марштын катышуучулары келип кошулган. Алардын арасында «Ата Мекен» партиясынын талапкери Тилек Токтогазиев да болгон.

Бирок көп өтпөй аянтка Өкмөт үйүнүн алдында чогулган саясатчы Садыр Жапаровдун тарапташтары келген. Бул учурда митингчилерди көздөй таш ыргытылып, ыктымал Жапаровдун тарапташтары айрым демонстранттарга кол салышкан.

Соцтармактарда тасма тарап, анда Токтозиев эс-учун жоготуп, аны бир нече киши колго көтөрүп бара жатышканын көрүүгө болот. «Ата Мекен» партиясынан ал башынан жаракат алган деп билдиришти. Токтогазиев Улуттук госпиталга жеткирилди.

Мындан сырткары дагы бир тасма жарыяланып, анда аёосуз сабалган кишини көрүүгө болот. Ал башында Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы деп кабарланган, андан кийин Сариевдин жансакчысы деп айтылды. Тасмадагы белгисиз киши «Сариев, Жанар Акаев, Сурабалдиева мына муну көрүп ал, баарыңды ушундай күтүп турат» деп айтканын угууга болот.

Өкмөт үйүнүн алдында премьер-министрликке талапкер Садыр Жапаровдун тарапташтары анын бийлигин мыйзамдуу деп таанууну талап кылып митинг өткөрүп жатышкан.

Ошондой эле 9-октябрда «Форум» имаратынын алдында Атамбаевдин тарапташтары жыйын өткөрүшкөн. Аларга Бабановду колдогондор келип кошулуп, эки тарап Ала-Тоо аянтына чейин жөө келишкен.

Мындан сырткары, Ала-Тоо аянтына жарандык активисттер Эркиндик бульварынын басып келишкен. Алар жүрүштү өлкөдөгү криминалдык топтор жараткан «туруксуздаштыруу менен башаламандыкка» жооп катары сыпатташкан.

Буга чейин депутаттар 6-октябрда чукул жыйынга чогулушуп, жаңы эле абактан чыккан Садыр Жапаровдун талапкерлигин премьер-министрликке жактырышкан. Бирок жыйынга канча депутат келгени белгисиз. Чогулуш жабык өтүп, журналисттер киргизилген эмес. Мындан улам Жапаровдун талапкердигин жактыруу процедурасы легитимсиз деген депутаттар да бар. Анткени жыйында кабыл алынган протокол коомчулукка жарыялана элек.

Ал арада президент Сооронбай Жээнбеков өкмөт башчысы Кубатбек Бороновдун азырын кабыл алып, аны кызматтан бошотту. Боронов менен кошо өкмөттүн курамы да отставкага кетет, бирок парламент министрлер кабинетинин жаңы курамын жактырмайынча, аткаминерлер өз милдеттенмелерин аткарууну уланта берет. Өкмөт башчысынын кызматына талапкерди парламенттик көпчүлүк коалициясы көрсөтүшү керек, бирок депутаттар бир нече күндөн бери чогула албай жатышат.

Мөөнөтсүз митинг

4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча, добуштардын көбүн президенттин иниси талапкер болгон бийликчил «Биримдик» партиясы жана Матраимовдордун кланы менен байланыштуу делген «Мекеним Кыргызстан» алган.

Шайлоонун жыйынтыктарына жана массалык эреже бузууларга саясий партиялар да, ошондой эле көптөгөн кыргызстандыктар да нааразы болуп, 5-октябрда мөөнөтсүз митингге чыгышкан.

Ошол эле күнү кечинде митинчилерди кууп таркатуулар башталып, тынчтык митинги кагышууларга айланып кеткен жана анын натыйжасында Ак үй басылып алынып, айрым саясатчылар бошотулган. Анын ичинде Садыр Жапаров да бар.